Image default

Антикризистик бизнес-форум: Быйыл акча которуулар 1 миллиард долларга чейин төмөндөөсү мүмкүн

Дүйнөдө болуп аткан геополиткалык абал Кыргызстандын экономикасына да катуу таасир берип, ал жашоонун бардык тармактарын камтуусу мүмкүн. Буга ошол эле экономика, финансы, миграция жана азык-түлүк коопсуздугуна чейинки суроолор камтылат.
16-мартта Бишкекте Орусияга карата кабыл алынган санкциялардын жыйынтыгын талкуулоо үчүн JIA бизнес ассоциациясы, экономика жана коммерция министрлиги тарабынан “Перезагрузка” форуму уюштурулду. Бул форумда Кыргыз ишкерлери күтүлбөгөн кризис убагында кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот, кантип бул кризистен минималдуу жоготуулар менен чыга алат?- деген ой-толгоолор талкууланды.
Форумда сөз сүйлөгөн Эльдар Абакиров ар бир геополиткалык окуялар Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн болгон акча которуулардын көлөмү 1 милллиард долларга чейин азаят деген күтүүлөр бар экендигин айтты.
“2008-жылдагы кризисте мигранттардан келген акчалардын көлөмү 400 миллион долларга кыскарган, 2014-жылкы кризисте 500 миллион долларга азыраак акча келген, ковид кризисинде 600-700 миллион долларга азыраак акча келсе, ал эми азыркы кризисте бул көрсөткүч 1 миллиард доллардан ашыгыраак болуусу мүмкүн”.
Анын айтуусунда бул жалпы экономикада акчанын жүгүрүүсү 1,5 миллиард долларды түзөт, демек мамлекет бул акчаны каяктан алып, кандай толуктай тургандыгы жөнүндө ойлонуусу керек.
Маалымат үчүн айта кетүүчү нерсе Орусиянын аймагында жалпысынан ар кандай маалыматтарга караганда 600 миңден 1 миллионго чейин Кыргызстандын жарандары жашоосу мүмкүн.
Ошондой эле Элдар Абакиров бул кырдаалды биздин ишкерлер мүмкүнчүлүккө айлантып, Орусияда жабылып жаткан ишканаларды Кыргызстанга чакырса боло тургандыгын айткан.

Форумдун эфири: БУЛ ЖЕРДЕ 

Акыркылар

JIA Кыргызстандын экспортун кеңейтет

ЖИА КРнын Башкы прокуратурасынын алдындагы Консультативдик кеңештин курамына кирди

Антикризистик бизнес-форум: Кризис менеджментти монетизациялоого убакыт келди

Антикризистик бизнес-форум: Ишкердиктин өнүгүүсү үчүн эркиндик маанилүү

JIA журналисттик материалдар сынагын жарыялайт

ЖИА мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны – 2021-жыл