🎊🎉Бизде дагы бир жагымдуу кабар!
Мүчөбүз “Аман Гринфуд” компаниясынын жаңы фирмалык дүкөнү ачылды.
🍯“Аман-Гринфуд” көп жылдан бери бал экспорттоо менен алектенет. Компания өндүргөн экологиялык таза жана жогорку сапаттагы продукциялар эл аралык тамак-аш коопсуздук стандарттарына жооп берет. Бул жылдан баштап өндүрүш жагында эл аралык HACCP системасын колдоно баштады.
Жаңы ачылган дүкөнү менен “Аман-Гринфуд” компаниясын чын-дилибизден куттуктайбыз жана жаңы бийиктиктерди, ийгиликтерди каалайбыз! 👏🏻