Image default

“Айым ишкерлерге Насаатчылык” программасы ментилерди тандоону жарыялайт!

👠 “Айым ишкерлерге Насаатчылык” программасы ментилерди тандоону жарыялайт!

Долбоордун максаты – лидерлик сапаттарды өркүндөтүү жана ишкер айымдардын мотивациясын жогорулатуу, бизнести өнүктүрүүнүн эффективдүү куралы катары ментордук программалардын социалдык баалуулугун жана маанисин жайылтуу.

Насаатчылык программасы – бул кесипкөй билимдерди  тажрыйбалуу ишкерден  бизнести өнүктүрүүгө  өткөрүп берүүнүн натыйжалуу жана популярдуу жолу.

Сиз эмне аласыз?
Ийгиликтүү ишкерлер менен байланыш түзүп, алардан тажрыйба алуу
Насаатчы менен биргеликте алты ай бою иштешүү.

❓ Менти – бул ишкер катары тажрыйбасы аз, татаал маселелерди чечүү, ошондой эле моралдык колдоо көрсөтүү үчүн дагы тажрыйбалуу ишкердин жардамына муктаж ишкер айым.
Эгерде Сиз:
✔️Ишкер айым болсоңуз
✔️Бизнес идеяны ишке ашыруу жөнүндө маалымат билсеңиз (өсүү, өнүгүү, кризистен чыгуу, жаңы рынокко чыгуу ж. б.)
✔️Пандемиядан кийин бизнести өнүктүрүүнү кааласаңыз
✅ Анда бул программа Сиз үчүн

👉🏻 Төмөндө тиркелген каттоо формасын толтуруңуз 🖋️ https://forms.gle/j9YasWtRbt92DJmd9
КАТТОО 06.02.2021 ЧЕЙИН ГАНА БОЛОТ

Демилге БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан Финляндия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан #ПРООНдун “Борбор Азиядагы сооданы жеңилдетүү” долбоорунун алкагында Бизнес-ассоциация JIA тарабынан ишке ашырылууда

Акыркылар

Кардар издеп жатасызбы? Анда бул макала Сизге жардам берет

Жарыя! Бизнес үчүн грант конкурсу башталды

Lady Club: ишкер айымдардын неформалдуу кечеси

Таластан Жалал-Абадка… Ишкерлер арасында тажрыйба алмашуу

Таластан Ошко… Ишкерлер арасында тажрыйба алмашуу

Айым ишкерлерди колдоо программасы старт алды