Image default

Аймактын эң жаш жана ийгиликтүү ишкери бол!

Аймактын эң жаш жана ийгиликтүү ишкери бол!

Кыргызстан боюнча 1000ден ашуун ишкерлерди  бириктирген уюм, Бизнес -ассоциация JIA 14 жаштан 20 жашка чейинки улан жана кыздарды бизнести ачуу боюнча 5 күндүк окууга катышууга чакырат.

Долбоордон төмөнкүлөрдү үйрөнө аласың:

-5 күндүн ичинде бизнес тууралуу жана өзүңдүн бизнесиңе  каражат табуу үчүн жетиштүү маалымат жана билим

– Бизнести жүргүзүү жолдорун жана ар түрдүү бизнес-долбоорлорду ишке ашырууну түшүнөсүң

– Өзүң  үчүн мүмкүнчүлүк жаратканды жана жаратман болгонду үйрөнөсүң

–  Баардык идеяны реалдуу кирешеге айландырууну

– Жакындарыңдын жардамынан сырткары өз алдынча акча табуу жолдорун

Долбоорго катышуу үчүн:

1) 25-декабрга чейин  ” Ишкердик мен үчүн эмне жана ишкер болуу үчүн эмнелерге даярмын?” деген темада  эссе жаз

 

2) Эссени фото же электрондук түрдө +996 771 348 811 вотсап номерине же jia.batken@gmail.com электрондук адресине жибер

Ошондой эле,  6 ай аралыгында сени колдогон досторуңду чогултуп команда түптө жана 28-декабрьга чейин жооп күт.

Окутуулар «Жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүдө жарандык коомдук уюмдардын жана жаштардын катышуусун күчөтүү» долбоору алкагында жана Европалык союзунун каржылоосу менен өткөрүлөт.

Ийгиликтүү ишкер – өнуккөн өлкө!

 

 

 

 

 

Акыркы жаңылыктар

JIA Бизнес-ассоциациясынын демөөрчүлүгү менен балдар адабиятына конкурс жарыяланат

Башкаруу Кеңешинин жыйыны

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Баткен шаарынын мэри кызматташуу боюнча JIA ишкерлери менен жолугушту

Өлкө – аймактары менен күчтүү. Региондорду өнүктүрүү жылындагы JIAнын өрнөктүү долбоору.

Ишкердикти колдоо борбору бизнесмендерге колдоо көрсөтүү аркылуу өлкө экономикасын жакшыртууда

Buurchak Feast-2019

Комментарий калтырыныз