Image default

Aimak.kg : Жалал-Абад JIA Бизнес-ассоциациясынын кезектеги Жалпы жыйыны өттү

Үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Жалал-Абад JIA бизнес ассоциациясынын кезектеги Жалпы жыйыны өттү.

Жыйындын алкагында ишкерлерге 2 жыл бою аткарылган иштердин жалпы отчету маалымдалып, ошондой эле ассоциациядагы өзгөрүүлөр, мүчөлөрдүн категорияга бөлүнүүсү тууралуу маалыматтар берилди. Башкаруу кеңеши жоюлуп, ордуна регионалдык кеңеш түзүлүп, анын мүчөлөрү шайланды. Өзгөрүүлөргө ылайык, мындан тарта мүчөлөр компаниясынын көлөмүнө жараша 3 категорияга (С категориясы — 300 сом, В – 1000сом, А – 3000 сом) бөлүнүп, ассоциациянын мүчөлүк төлөмүн төлөшөт.  Ишкерлер бөлүнгөн категориясына жараша ассоциациянын кызматын пайдалана алышат.

Жалал-Абад JIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу мындан ары Кыргызстандагы JIAга мүчө бардык ишкерлер бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болорун белгилейт .

 “JIA бизнес ассоциациясы Кыргызстандын бардык облустарында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөнү менен бирдиктүү тартипте иштөө жагынан кемчиликтер болуп келген. Ар бир облус өзүнүн талап-шарттары ар башка, ошол эле учурда борбордон да бир топ айырмачылыктар бар. Бул көрүнүш бизнестин жана ишкерлердин деңгээлине да тиешелүү. Мына ушул багыттарда атайын сырттан тартылган эксперттин анализинин жыйынтыгы менен таанышып, анын сунушу менен өзгөрүүлөр кабыл алынды. Алсак, мындан ары мүчөлөрдү категорияга бөлүп, кызматтарды да ошого жараша көрсөтүлө баштайт.

Бул жаңылануулардын баары ассоциацияны күчтөндүрүүгө багытталып жатат. Буга чейин бардык маселелер жергиликтүү деңгээлде каралып келсе, мындан ары Кыргызстандагы JIAга мүчө бардык ишкерлер бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Маалымат алмашуу, кызмат көрсөтүү, өз ара кызматташуу жолдору да жакшырат деген ишеничтебиз” – дейт Аззамбек ЖЭЭНБАЙ уулу.

Кошумчалай кетсек, жалпы жыйын — ассоциациянын эң жогорку органы болуп эсептелет. 2 жылда бир жалпы мүчө-ишкерлер чогулуп, Башкаруу органдарынын отчетторун угат жана жаңы башкаруу курамын бекитип берет. Мындан сырткары да, уюмдун стратегиялык багыттагы маанилүү маселелери ушул жыйында чечилет.

Акыркы жаңылыктар

Ишкердикти колдоо борбору бизнесмендерге колдоо көрсөтүү аркылуу өлкө экономикасын жакшыртууда

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ): кызматташуубу же атаандаштыкпы?” аталышындагы тегерек стол

Индия иш-сапары

Дубай иш-сапары

“Buurchak Feast-2019” жана “Business Сaravan”

JIA «Creative Central Asia 2019» форумуна катышты

Комментарий калтырыныз