Image default

Ийгиликтүү ишкерлердин ийгиликсиз тажрыйбаларынан: Өнөктөштүктө эмнелерге маани берүү керек?

Өнөктөштүк ишкердик кылууда маанилүү кадамдардын бири. Ишкер  жашоосунда өнөктөш болуу үчүн көптөгөн тобокелчиликтерге барат.  Айрым ишкерлер мыкты өнөктөш табуу менен ишкердикте ийгиликке жетишсе, айрымдары туура эмес тандоо аркылуу жоготууга учурагандар да бар.  

 Биз 10-май күнү JIA ишкерлеринин арасында “Ийгиликтүү ишкерлердин өнөктөштүктөгү ийгиликсиз тажрыйбалары” аталышындагы онлайн-жолугушуу уюштурдук.

Жолугушууда Dost Kurulush компаниясынын дироктору Туголбай Сейдалиев жана Biy Ordo Hotels мейманканасынын директору Munar Isa өнөктөштүктө эмнелерге маани берүү керек экендиги, өнөктөш табуу жана өздөрүнүн өнөктөштүктөгү ийгиликтүү жана ийгиликсиз практикалык тажрыйбары менен бөлүштү.

Түгөлбай Сейдалиев:

  • Өнөктөштүк – өмүрлүк жар тандоодогудай кылдаттыкты талап кылат. Кыз менен жигит үй-бүлө курганга чейин бардык тепкичти басып өткөндөн кийин мамилесин нике күбөлүгү мене тастыктагандай эле, өнөктөш ишкерлер арасында да сөзсүз түрдө юридикалык күчкө ээ келишим менен түзүлүшү керек. Бул – ортодогу келишпестиктерди чечүү жана мамилени сактап калууда маанилүү роль ойнойт.

5 киши менен өнөктөштүк түзүлбөйт:

  1. Жалган сүйлөгөн адамдар;
  2. Акмак;
  3. Сараң;
  4. Коркок;
  5. Күнөөкөр адамдар.

Өнөктөштүн жакшы сапаттары:

  1. Чынчыл;
  2. Жоомарт;
  3. Акчанын кулу эмес акчаны кул кылган.

Канча пайда көргүң келсе, ошончо жоготууга да даяр болушуң керек.

 

Мунар Иса:

  • Өнөктөш издеп кереги жок. Өзүңүздүн тармагыңызда мыкты болуп, рынокто биринчи болуңуз; Өнөктөш сизди өзү издеп табат. Эгер сиз өзүңүз издеп тапсаңыз, анда инвестордун алдында позицияңыз төмөн болуп калышыңыз мүмкүн.
  • Өнөктөштүктө жеке мамилеге көңүл бурбай, баарын кагаз жүзүндө бекитип алыңыз. Көңүлчөөктүк, ишенчээктик жакшы эмес сапат.

Өнөктөш табууда эмнелерге көңүл буруу керек?

  • Сиз ал адамды жакшы таанышыңыз керек – INSIDER
  • Эсеп-кысапты жакшы билүүсү керек- ACCOUNTANT
  • Негизги бизнес башка – BUSINESSMAN
  • Сиздин ишиңизге акыркы акчасын салбаган болуусу – INVESTOR
  • Ийгиликтүү ишкер болуусу – SUCCESSFUL
  • Максаттары бир болуусу  абзел – VISION

_______________________________________________________________________________________

Жетекчи кол астындагы кызматкерлерге кандай мотивация бериши зарыл?

  • Компаниядагы топ менеджерлерге пайдадан үлүш чыгарып берүү. Кызматкерлерге каршы сараң болгон туура эмес;
  • Кызматкерлер менен дос мамиледе болуп, өнөктөш катары пайда бөлүшүп турган жакшы. Кол астыңызда иштеген кызматкер – биринчи өнөктөшүңүз. Мында, акчалай стимул берип турган сунушталат.

Ишкердиктеги негизги принцибиңиз?

  • М. Иса: Иштейли, иш табалы, адамдарга жумуш ордун түзөлү. Мамлекеттен күтпөй, мамлекетке жардам берели.
  • Т. Сейдалиев: Миграциянын агымын токтотуу, кыргызстандыктарды Кыргызстандын ичинде жумуш ордун түзүп берели. Адал чөйрөдө бизнес жүргүзүп, көп салык төлөйлү, көп жумуш ордун түзөлү. Эл аралык бизнестерди түзөлү. Жок дегенде Борбор Азияда чемпион бололу!

Сиз сунуштаган 3 китеп:

  • М. Иса: “Биз эмнеге муктажбыз?”; “12 принцип” Б. Трейси; “Кылычсыз Самурай”
  • Т. Сейдалиев: “Самый богатый человек в Вавилоне”; “Кылычсыз Самурай”; “Good to Great”; “Богатый папа, бедный папа” Р. Кийосаки

Акыркы жаңылыктар

БИЗНЕСКЕ АКЧА КЕРЕК

БИЗНЕС-КОНСУЛЬТАНТ РЫСБЕК БЕГМАТОВ: “ПАНДЕМИЯДАН КИЙИН КАНТИП ИШКЕР БОЛОБУЗ?”

JIA дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирет! 🙏

JIA ишкер айымдары үчүн майрамга карата поэзия кечесин уюштурду

Таластын ишкерлери “Эмилия” сүт заводуна саякат кылышты

JIA Бизнес-ассоциациясынын демөөрчүлүгү менен балдар адабиятына конкурс жарыяланат