Image default

Казакстандык ийгиликтүү ишкер Александр Ли сунуштаган 4 китеп

Казакстандагы кардарларды тейлөө жаатында эксперт, “Технодом” компаниясынын оперативдүү кеңешинин мүчөсү Александр Ли JIA ишкерлери менен болгон вебинарда төмөнкү китептерди сунуштады

 

Александр Ли өзүнүн карьерасын сатуу боюнча ассистенти болуп баштаган, 6 жылдан кийин 11 млн. $ бюджети бар маркетинг бөлүмүн жетектеп, кызмат көрсөтүү стратегиясын киргизүү аркылу 3 млн. $ үнөмдөгөн. Көптөгөн компанияларда лоялдуу кардарларды көбөйтүү аркылуу жүз миллиондогон $ үнөмдөп, кирешени көбөйтүүгө жардам берген.

  1. Джон Шоул «Превосходный сервис как конкурентное преимущество»
    Бул китеп кызматкерлерди эң ​​жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүгө түрткү берип,  компаниянын кирешесин жогорулатууга, базардын үлүшүн жогорулатууга жана кардарлардын ишенимдүүлүгүн жеңип чыгууга жардам берет


  2.  Харв Эккер “Думай как миллионер”
    Бул байлыкка жетүү жолундагы эң чынчыл, ишенимдүү жана маанилүү китеп. Бул китеп  сиздин ой жүгүртүүңүздү жана ишиңизди өзгөртө турган идеялар, ой-пикирлер жана стратегиялар менен толтурулган.     


  3. Джон Кехо “Подсознание может все”

Логика күчсүз болгондо , ар бир адамдын аң-сезиминде жашырылган чоң запастарды колдонуу, эң татаал күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул китептин автору тарабынан иштелип чыккан программа сиздин мээңиздеги чексиз ресурстарды активдештирүүгө жардам берет жана жашооңузду өзгөртүүгө жардам берет


4. Ричард Бренсон  “Берись и Делай”

Китебинде өзүнүн башынан өткөн окуяларды кыскача баяндайт. Ричард Бренсон мектепти начар окуган. Бирок ага карабастан дүйнөдөгү эң бай ишкерлердин катарын толуктайт. Китебинде ал бардык адамдардын ийгиликке жетүүсү үчүн мотивация тартуулайт.

Акыркы жаңылыктар

БИЗНЕС-КОНСУЛЬТАНТ РЫСБЕК БЕГМАТОВ: “ПАНДЕМИЯДАН КИЙИН КАНТИП ИШКЕР БОЛОБУЗ?”

“Talent Startups” долбоору старт алды

Требуется PR-менеджер

Дүйнөдө жаңы тартип пайда болууда. Ага кандай даярдыктар көрүлүшү керек?

JIA TRADE (Соодага көмөктөшүү)

Эмне үчүн өкмөт курулуш тармагына көңүл бурушу керек?