Image default

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Баткен шаарынын мэри кызматташуу боюнча JIA ишкерлери менен жолугушту

30-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Акрам Камбаралиевич жана Баткен шаарынын мэри Мамыржан Тойчиевичтер баш болгон мамлекеттин өкүлдөрү менен JIA мүчөсү Daneco компаниясы менен жолугушуу болду.

 

Жолугушуунун максаты: Бир айыл – Бир продукт долбоорун жандантуу болду.
Жолугушуунун алкагында:
– Бир айыл – Бир продукт долбоорунун алкагында болуп жаткан иштер боюнча Баткендин Бир айыл – Бир продукт долбоорунун өкүлү Мадымарова Айжана маалымат берди.
– Daneco компаниясы өндүрүп жаткан продукция боюнча маалымат берип, алдыга койгон максаттары менен бөлүштү.
– Жергиликтүү өндүрүштү колдоо максатында Daneco компаниясынын нукура концентратын мектептердеги жаш окуучулардын тамак-аш менюсуна киргизүү маселеси каралды. Себеби азыркы учурда колдонулуп жаткан өрүк компоттордун сапаты жана баасы төмөн болууда.
Жалпысынан иш-чара жакшы деңгээлде өтүп ишкерлерге мамлекеттин өкүлдөрү колдон келген жардамын аябастыгын билдирди.
Чакырууга жооп берип келген мамлекеттин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз.

 

 

Акыркы жаңылыктар

Требуется PR-менеджер

Дүйнөдө жаңы тартип пайда болууда. Ага кандай даярдыктар көрүлүшү керек?

JIA TRADE (Соодага көмөктөшүү)

Ийгиликтүү ишкерлердин ийгиликсиз тажрыйбаларынан: Өнөктөштүктө эмнелерге маани берүү керек?

Эмне үчүн өкмөт курулуш тармагына көңүл бурушу керек?

“Пандемиядан эң көп жабыркаган дагы, эң тез жандана турган дагы тармак туризм болушу мүмкүн.”