Image default

Өлкө – аймактары менен күчтүү. Региондорду өнүктүрүү жылындагы JIAнын өрнөктүү долбоору.

JIA Бизнес-ассоциациясы чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү максатында Кыргызстандын бардык аймактарында иш алып барган көп тармактуу ассоциация. Бүгүнкү күндө өлкөнүн 7 дубанынан 1000ден ашуун ишкердин башын бириктирет. Чакан жана орто бизнес экономиканын локомотиви болгондуктан, борбордук жана аймактардагы өкүлчүлүктөрүбүз мамлекеттик жана жергиликтүү  башкаруу органдары менен тыгыз кызматташып, ишкердик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү максат кылат.

Ысык-Көл Business Caravan

Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-2019-жылдарды “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялаган демилгеси да бир топ алгылыктуу иштердин башталышына жол ачты десек болот. Алсак, өлкө башчысынын демилгесин колдоо максатында JIA Бизнес-ассоциациясы аймактарда “Business Caravan” долбоорун уюштурду.

Ош Business Caravan

Business Caravan – аймактар аралык бизнести кеңейтүү жана бизнес мүмкүнчүлүктөрүн табуу үчүн уникалдуу долбоор болуп саналат. Негизги максаты – аймактар аралык мамилени ишкердик аркылуу жандандыруу.

Жалал-Абад Business Caravan

Бүгүнкү күндө ишкерлер өз өндүрүмүн башка аймактарга чыгарып, бизнесин кеңейтүүгө кызыктар. Бул талапты жөнгө салуу максатында “Business Caravan” долбоору бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп, ишкерлердин түзмө-түз кызматташуусун камсыздады. Долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында уюштурулуп, 1300гө жакын ишкер катышты. Натыйжада 600 кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жана ар кандай деңгээлдеги 200дөн ашуун келишимдер түзүлдү.

Баткен Business Caravan

Business Caravan долбоору бир облуста өлкөнүн бардык аймактарындагы перспективдүү бизнес тармактарда иш алып барган ишкерлерди бириктирди, алар: Курулуш, туризм, соода-сатык, текстиль, экспортко багытталган өндүрүш; курулуш материалдары, айыл-чарба тармактары ж.б.

Талас Business Caravan

Форумдун алкагында ар бир аймакта:

  • 200дөн ашуун ишкерлер менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
  • Ишкерлер арасында B2B жана B2C (эки тараптуу) жолугушуулар уюштурулду. Бул жолугушууда ишкерлер кардар, өнөктөш таап, кызматташуу келишимдерин түзүштү.
  • Башка региондон барган ишкерлер жергиликтүү рынокту изилдеп, жаңы бизнес ачууга же өз продукциясын региондо таанытууга мүмкүнчүлүк алды.
  • Ар бир аймакта бизнестеги перспективдүү багыттар боюнча маалымат алуу боюнча талкуулар өттү.
  • Аймактын инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча атайын чакырылган тажрыйбалуу эксперттер, ийгиликтүү ишкерлердин катышуусунда пленардык талкуу болду;
  • Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү уюштурулду.
    Долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда көмөк көрсөткөн өнөктөштөрүбүзгө – Эл аралык Эмгек уюму, ПРООН, Экселерейт Просперити, FSDS, Биз Эксперт уюмдарына терең ыраазычылык билдиребиз.

Нарын Business Caravan

Өлкө – аймактары менен күчтүү. Кыргызстан сыяктуу агрардык өлкө экономиканы өнүктүрүү үчүн эң башта аймактарды бекемдөө жана жергиликтүү чакан-орто бизнести өнүктүрүүнү колго алганы өтө маанилүү. Бизнес жасоо үчүн мамлекет тарабынан бут тосуулардын, мыйзамсыз кийлигишүүнүн болбошу жана эркин бизнес жүргүзүү үчүн кепилдиктин болгону эң башкы шарттардан. Ал эми ишкердиктин өнүгүүсү үчүн өлкөдөгү жана дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр, тренддер жана инновациялык жаңылыктардан ишкерлерди үзгүлтүксүз кабардар кылып туруу маанилүү болуп эсептелет.

Акыркы жаңылыктар

БИЗНЕСКЕ АКЧА КЕРЕК

БИЗНЕС-КОНСУЛЬТАНТ РЫСБЕК БЕГМАТОВ: “ПАНДЕМИЯДАН КИЙИН КАНТИП ИШКЕР БОЛОБУЗ?”

“Talent Startups” долбоору старт алды

Требуется PR-менеджер

Дүйнөдө жаңы тартип пайда болууда. Ага кандай даярдыктар көрүлүшү керек?

JIA TRADE (Соодага көмөктөшүү)