Image default

2020-жылдагы бизнес жөнүндөгү 7 китеп

Жаңы жыл – демек жаңы максаттар, идея, демилгелер. Мындай учурда сапаттуу адабий булактар жардамга келет. Биз атайын ишкерлер,  башталгыч ишкерлер, студенттер жана компаниянын кызматкерлери үчүн жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырган китептердин тизмесин тартуулайбыз

Муну менен катар эле сунушталган китептер маркетинг, сатуу, кызматкерлерди башкаруу, автоматташтыруу жана бизнес-процесстерди жүргүзүү тармактарында жөндөмдөрдү өнүктүрөт.

Кеттик анда!

  1.  “Нейромаркетинг боюнча тренинг. Кардардын акылындагы “Сатып алуу” баскычы каерде жайгашкан?” («Тренинг по нейромаркетингу. Где находится кнопка «Купить» в сознании покупателя?»)

Автору: Патрик Ренвуазе, Кристоф Морен

Мээни изилдөө кантип кардардын көнүлүн бура алат жана сатууну арттырат? Китепте кардарды таасирленте турган таасын презентациялардын техникалары баяндалат. Анын жардамы менен сиз кардардын кантип чечим чыгарарын, эффективдүү маркетинг стратегиясын түзүүнү жана потенциалдуу кардарларыңызга таасир этүүнү үйрөнөсүз.

  1. “Эссенциализм. Жөнөкөйлүккө кеткен жол.” («Эссенциализм. Путь к простоте»)                       Автору: Грег МакКеон

Баарыбыз эле көбүнчөсү убактыбызды болбогон жумуштарга жана бөлөк адамдарга коротобуз. Китептин автору Грег МакКеон биздин убактыбыздын жана энергиябыздын чектелүү экендигин жана аларды туура бөлүштүрүшүбүз керектигин эске салат. Эссенциализм –жашооңуздун бардык тармактарында аз, бирок мыкты жасоону үйрөткөн маанилүү ыкма.

  1. Менеджердин 45 татуировкасы. Орус жетекчисинин эрежелери («45 татуировок менеджера. Правила российского руководителя»)

Автор: Максим Батырев

Бул китепте кантип иш жүргүзүү тууралуу принцип жана эрежелер топтому камтылган. Алар ийгиликтүү менеджердин көп жылдык тажрыйбасы менен тастыкталган жана өкүнүч, кубаныч, жапа чегүү, ийгиликтүү жана ката тажрыйбаларга, эң негизниси – керектүү жыйынтыктарга негизделген.

  1. Жугуштуу. Ооздон оозго тараган маалымат психологиясы («Заразительный. Психология сарафанного радио»)

Автор: Йона Бергер

Сиздин продуктуңузду эмне мыкты кыла алат? Эмне үчүн ооздон оозго тараган маалымат (сарафанное радио) айрым учурларда рекламадан да жакшы? Өзүңүздүн бизнесиңизде маркетингдин кайсы ыкмаларын колдонуш керек? Мына ушундай суроолордун жообун бул китептен табасыз.

  1. Келечектин уюмун ачуу («Открывая организации будущего»)

Автор: Фредерик Лалу

Жогорудагы китептерде баяндалган бардык башкаруу ыкмалары жыл өткөн сайын эскирүүдө. Чыгарманын автору өзүнүн тажрыйбаларына таянып, келечектин компаниялары кандай болорун жазат. Китеп менеджмент жана жумуш процесстерин жүргүзүүгө кызыккан баарына пайдалуу.

 

 

  1. Түбөлүктүү кардарлар («Клиенты на всю жизнь»)

Автор: Карл Сьюэлл, Пол Браун

Кардарларды тартуу жана сактап калуу – бардык бизнестин эң маанилүү тапшырмаларынын бири. Бул китеп кардарлар менен иштөөнүн практикалык колдонмосу. Биринчиден, кардарды кантип туруктуу кылуу жөнүндө жазылган. Экинчиден, компаниядагы иш жүргүзүүдөн мекеменин тазалыгына чейинки дээрлик бардык тармакты камтыйт.

  1. Rework. Жоготуусуз бизнес («Rework. Бизнес без предрассудков»).

Автор: Джейсон Фрайд, Дэвид Хайнемайер Хенссон

Кантип бизнес баштоо боюнча колдонмо китеп. Бул китеп бизнести нөлдөн баштоо, иштеп жаткан бизнести күчтөндүрүү жана ошондой эле жумуш менен бизнести паралеллдүү жасоого жардам берет. Джейсон Фрайд жана Дэвид Хайнемайер Хенссон кантип пландоо, канча кызматкерди жумушка алуу жана жумуш процесстерин оптимизациялоо жөнүндө айтып беришет. Кезинде алар болгону 14 кызматкерден турган, бирок үч миллиондон ашуун кардары болгон компанияны түптөгөн. Китеп бардык күмөндөрдү жок кылат жана кантип жайбаракат, ырахаттануу менен бизнес кылууну баяндайт.

Жаңы жылда убактыңызды бош өткөрбөңүз. Китеп окуп, жеке бизнесиңизди өнүктүрүңүз!

#менинбизнесим

Маалымат vc.ru сайтынан алынды

 

Акыркы жаңылыктар

JIA ишкер айымдары үчүн майрамга карата поэзия кечесин уюштурду

Таластын ишкерлери “Эмилия” сүт заводуна саякат кылышты

JIA Бизнес-ассоциациясынын демөөрчүлүгү менен балдар адабиятына конкурс жарыяланат

Италиядагы бизнес-ассоциацияларды башкаруу семинары болуп өттү

Ош JIAда #Business_Talks долбоору старт алды

JIAда комитет төрагаларынын жолугушуусу болуп өттү

Комментарий калтырыныз