Image default

В Джалал-Абаде открылся Центр поддержки предпринимательства

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун «Ишкерликти ирилештирүү жана чакан орто ишканаларды өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Жалал-Абад JIA бизнес-ассоциациясынын карамагында ишкерлерди колдоо борбору ачылды. Борбор ишкерлерге бизнес багытындагы маалыматтарды жайылтуу, кеңеш берүү, ишкердикти уюштурууга жана өркүндөтүүгө көмөктөшүүгө кызмат көрсөтөт. Уюштуруучулар бул долбоор Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында президенттин жарлыгынын аткарылышына салым кошот деп эсептешет. Ишкердикти колдоо борборунун ачылышына ЕККУнун Бишкектеги бюросунун жетекчиси Пьер фон Аркс, экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер катышты. Мындай борбор ЕККУнун колдоосу менен былтыр Ошто жана жакында эле Баткенде ачылган. JIA бизнес-ассоциациясы 2006-жылы Бишкек шаарында демилгелүү жана идеялуу ишкерлердин аракети менен түптөлгөн. Ассоциация өлкөнүн ири облустарындагы чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн башын бириктирет жана миңден ашык мүчөсү бар. Анын өкүлчүлүктөрү АКШ, Жапония, Кытай, Украина, Монголия жана Индия мамлекеттеринде жайгашкан. Жалал-Абадда 2013-жылы ачылган ассоциацияга 120 ишкер мүчө. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун «Ишкерликти ирилештирүү жана чакан орто ишканаларды өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Жалал-Абад JIA бизнес-ассоциациясынын карамагында ишкерлерди колдоо борбору ачылды. Борбор ишкерлерге бизнес багытындагы маалыматтарды жайылтуу, кеңеш берүү, ишкердикти уюштурууга жана өркүндөтүүгө көмөктөшүүгө кызмат көрсөтөт. Уюштуруучулар бул долбоор Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында президенттин жарлыгынын аткарылышына салым кошот деп эсептешет. Ишкердикти колдоо борборунун ачылышына ЕККУнун Бишкектеги бюросунун жетекчиси Пьер фон Аркс, экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер катышты. Мындай борбор ЕККУнун колдоосу менен былтыр Ошто жана жакында эле Баткенде ачылган. JIA бизнес-ассоциациясы 2006-жылы Бишкек шаарында демилгелүү жана идеялуу ишкерлердин аракети менен түптөлгөн. Ассоциация өлкөнүн ири облустарындагы чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн башын бириктирет жана миңден ашык мүчөсү бар. Анын өкүлчүлүктөрү АКШ, Жапония, Кытай, Украина, Монголия жана Индия мамлекеттеринде жайгашкан. Жалал-Абадда 2013-жылы ачылган ассоциацияга 120 ишкер мүчө.  

Рекомендуемые новости

Добро пожаловать в Бизнес-ассоциацию JIA

Социальный ролик о взаимопомощи

Предприниматели JIA встретились с кыргызскими компаниями в Чикаго

Предприниматели JIA в Силиконовой долине

Встреча с представителями Управления Международной торговли при Министерстве Торговли США

В Баткене открылся Центр поддержки предпринимательства

Оставьте комментарий