November 29, 2017

Bishkek Investment Forum 2017

Бизнес Ассоциация JIA рада сообщить о том , что 6 декабря 2017 года в г. Бишкек состоится ежегодный «Бишкекский инвестиционный форум BIF 2017». BIF – это платформа, где предприниматели могут встретиться напрямую с инвесторами и потенциальными партнерами в своей сфере деятельности, то есть, создаются возможности для прямого контакта соискателей инвестиций и потенциальных инвесторов. Также, это […]

Толугу менен окуу
November 4, 2017

ОсОО “Агропродукт Азия” логистикалык борборуна экскурсия

KG: Бүгүн Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрү үчүн  ЖЧК “Агропродукт Азия” логистиалык борборго зыярат уюштурулду. Иш-кананын кызматкерлери  компаниянын  ишмердиги менен тааныштырып, бул түрдөгү өндүрүш  жургузуу тууралуу кенен айтып берип, тажрыйбасы менен бөлүштү. Бизнес Асоциация JIA атынан ЖЧК “Акропродукт Азия” компаниясына меймандостук жана кызыктуу экскурсия  үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Толугу менен окуу
October 28, 2017

майын чыгара иштеген айым ишкерлерибиз семинарда

27-октябрь күнү Lady Club JIA мүчөсү Гулсина Кожоярова эжекебиз, айым ишкерлерибиз үчүн семинар уюштуруп, медиация тууралуу абдан кызыктуу жана кенен маалымат айтып берди. Айрым каалоочуларга дагы жекеме-жеке юридикалык консультацияларды берип кээ бир маселелрди чечүүдө көмөктөш болду. Гулсина эжебизге пайдалуу жана абдан керектүү семинар үчүн терең ыраазычылык билдирип, коомчулкка маанилүү болгон максаттарыңыздын ишке ашуусун каалайбыз!

Толугу менен окуу
October 27, 2017

JIA мүчөсүнүн жаңылыгы

Сүйүнчү! Бизден куш кабар! Мүчөбүз, ОсОО “Адал Азык” компаниясынын ХАССП (HACCP)  эларалык стандарттарына ылайык курулган, этти кайра иштетүүчү жаңы заводу ачылды!!! Бүгүн биз, иш-кананын расмий ачылышына JIA мүчөлөрү жамааты менен барып, чыгаан ишкерлерибиздин албан ийгилигине күбө болуп келдик. Ачылыш программасы алкагында уюштурулган экскурсияда заводдун өндүрүш системасын өз көзүбүз менен көрүп, өндүрүлгөн продукциясы чындыгында жогорку даражадагы […]

Толугу менен окуу
October 24, 2017

Бизнес Ассоциация Нарын JIA ачылды

Сүйүнчү!Нарын шаарында Бизнес ассоциация Нарын JIA ачылды. 2017-жылы 21-октябрь күнү Экономика Министринин орун басары Элдар Абакиров, Нарын шаарынын 1 вице-мэри Молдокадыров Нурбек жана Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад, Бишкектен келген JIA өкүлдөрүнүн катышуусунда Нарын JIA салтанаттуу расмий ачылыш аземи уюштурулду. Вице-мэр Молдокадыров Нурбек куттуктоо сөзүнд, Бизнес Ассоциация Нарын JIA ачылышы бул региондогу ишкердиктин өнүгүүсү үчүн абдан чоң […]

Толугу менен окуу
October 14, 2017

JIA мүчөсү “Эмарк Строй” компаниясынын социалдык долбоору ийгиликтүү аяктады

Бизнес Асоциация JIAнын мүчөсү “Эмарк Строй” компаниясы улуттук онокология борборунун капиталдык ремонт боюнча долбоорун аяктады. JIA өкүлдөрү компаниянын негиздөөчүсүн Чолпонбек Акматовду бул ири жана олутту социалдык мааниге ээ долбоордун ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. JIA мүчөлөрү атынан дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктап, мындан ары ушул сыяктуу көптөгөн элибиз үчүн маанилүү долбоорлордун ишке ашырылуусун тилейбиз!

Толугу менен окуу
October 13, 2017

Бишкек Инвестициялык форум BIF 2017

BIF 2017 Бишкектик инвестициялык форумга даярдыктардын башталгадыгы тууралуу маалымдайбыз.  Жыл сайын өткөрүлүүчу Бишкектик инвестициялык форум 2017-жылдын декабрь айынын биринчи бөлүгүндө уюштурулуусу максатталууда. Учурда BIF – ишкерлердин потенциалдуу инвесторун таба ала турган жана Кыргызстандагы эң ири, натыйжалуу бизнес аянтча болуп эсептелет. Биринчи форум BIF 2015 тин жыйынтыктарына жараша 750 000 ашуун долларга 10дон ашуун компания арасында макулдашуулар […]

Толугу менен окуу
August 14, 2017

Урматтуу куруучулар!

Жалпы курулушчуларды бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктайбыз! Сиздердин шаарыбыздын өнүгүүсүнө жана көрктөндүрүүгө кошкон салымыңыздар зор! Койгон пайдубалыңар бекем жана туруктуу болуп, ар дайым ишиңиздерде ийгилик, үй-бүлөңүздөрдө береке болсун!

Толугу менен окуу
August 10, 2017

Стамбулда Манастын айкели расмий ачылды.

Айкел ишкер Temirlan Sarlykbek Uuluнун жеке каржысына тургузулган. Ага жалпысынан 4 миллион сом сарпталган: Толук маалымат төмөнкү шилтемеден алсаныз болот: https://www.azattyk.org/a/28666998.html Булагы: Азаттык Үналгысы.

Толугу менен окуу
August 1, 2017

JIA Business Camp программасы алкагынында этно-комплекс Супара Чункурчак комплексинин жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаеванын сунушу менен ишкерлерге атайын Чункурчак жайлоосунда сейилдөө уюштурулду.

29 июль күнү JIA Business Camp программасы алкагынында этно-комплекс Супара Чункурчак комплексинин жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаеванын сунушу менен ишкерлерге атайын Чункурчак жайлоосунда сейилдөө уюштурулду. Сейилдөө эрте менен саат 07.00 дөн саат 09.00 чейин уланып, Чункурчактын кооз жаратылышын, тоолорун көрүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Толугу менен окуу
August 1, 2017

“JIA Business Camp” программасын катышуучуларына “өнөктөштүктн финансалык жана юридикалык аспектилери” деген темада тренинг өтүштү.

30-июль “JIA Business Camp” программасын катышуучуларына “өнөктөштүктн финансалык жана юридикалык аспектилери” деген темада тренинг өтүштү. «Tredstone Capital Partners» инвестиция компаниясынын башкаруучу-өнөктөш Умбриэль Темиралиев өнөктөштүктүн финансалык аспектери жөнүндө мисалдар менен кызыктуу түшүндүрүп, катышуучулардын суроолорну жооп берди. Күндүн экинчи бөлүгүндө Улан Тиленбаев, «Каликова энд ассошиэйтс» юридикалык компаниянын башкаруучу өнөктөшү өнөктөштүктүн юридикалык аспекти жөнүндө маалымат берип, өнөкөштүктүн турлөрүн […]

Толугу менен окуу
July 31, 2017

JIA Business Camp программасы алкагынында бизнести башкаруу боюнча “Негиздөөчү” көркөм тасмасы көрсөтүлдү.

29 июль күнү JIA Business Camp программасы алкагынында этно-комплекс Супара Чункурчак комплексинин боз үйлөрүнүн биринде катышуучуларга атайын бизнести башкаруу боюнча “Негиздөөчү” көркөм тасмасы көрсөтүлүп, атайын коломтонун айланасында башкаруу боюнча талкуу уюштурулду. Талкуулоо аябай жандуу болуп, талкуу иретинде өттү. Программанын бул бөлүгүндө ololo art studio и ololohaus компаниясынын негиздөөчүлөрүн бири Данияр Аманалиев (Daniar Amanaliev) модератор болуп, программаны аябай […]

Толугу менен окуу
July 31, 2017

JIA Business Camp программасы алкагында катышуучуларга эс алуу программасы уюштурулду.

29 июль күнү JIA Business Camp программасы алкагында катышуучуларга эс алуу программасы уюштурулуп, Супара Чуңкурчак комплексинин айланасында ишкерлер ат минип, тоо аралып сейилдеп келишти. Экскурсияны этно-комплекс Супара Чункурчактын жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаева жетектеп, тегеректеги керемет жаратылыш менен тааныштырды.

Толугу менен окуу
July 31, 2017

Супара Чункурчак этно-комплексинде JIA ишкерлер үчүн “JIA Business Camp” программасын уюштурду.

29-30 июль күндөрү Супара Чункурчак этно-комплексинде JIA ишкерлер үчүн “JIA Business Camp” программасын уюштурду. JIA Business Camp форматта өтүп жаткан 2-күндүк иш-чара ишкерлерге жана топ менеджерлерге уюштурулду. Биринчи күнү стратегиялык башкаруу боюнча мыкты бизнес-консультант Эркин Джаманабаев “Кризис учурунда башкаруу” деген темада тренинг өттү.  Программада төмөндөгү темелара болду: – Кризис учурундагы башкаруу жөнүндө; – Кризис учурундагы […]

Толугу менен окуу
July 20, 2017

Чыныгы партиот мүчөлөрүбүз менен сыймыктанабыз!

#JIAмүчөлөрү JIA Бизнес Ассоциациясынын мүчөсү Таксим кафелеринин жетекчиси Ali Salih Iflazoglu мырза ар дайым футболду жана Кыргызстандын футбол командасын активдүү колдоп келет. Чыныгы партиот мүчөлөрүбүз менен сыймыктанабыз!  

Толугу менен окуу
July 18, 2017

Апталык экономикалык обзор.

Руслан Акматбек, JIA Бизнес Ассоциациянын региондор боюнча координатор: “Биз ишканалардын экономикада ролун дагы да баамдай элекпиз жана билбейбиз. Биз буларды бир гана кырсык болбосун, банкрот болбосун, чыгаша болбосун дейбиз, бирок кандай иштейт, ким башкарат жана каяка баратат деген суроо менен алектенбейбиз…” Булагы: Capital.kg Апталык экономикалык обзор – Capital. 03,07,2017

Толугу менен окуу
July 14, 2017

“АКШдагы билим алуу мүмкүнчүлүктөрү” деген темада семинар өттү.

14 – июлда “АКШдагы билим алуу мүмкүнчүлүктөрү” деген темада семинар өттү. Семинарды Эрмек Жунушов, АКШда окуучуларда Жогорку окуу жайларга даярдоочу эскперт өзүнүн тажрыйбасы жана кенеши менен бөлүштү. Семинарда ЖОЖду кандай тандаш керек, каржы маселеси, стипендия туурасында айтып берди. Ошондой эле даярданууда жана тапшырууда эмнеге басып жасоо керектүүчү кенешти берди. Презентация катышуучуларды суроолору менен аяктады. Бизнес […]

Толугу менен окуу
July 13, 2017

Внесены изменения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики.

Президент Алмазбек Атамбаев подписал Закон «О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики». Закон принят Жогорку Кенешем КР 31 мая 2017 года. Закон вносит в Налоговый кодекс поправки, согласно которым: 1) Вводится понятие «преференциальные населенные пункты» — населенные пункты, определяемые правительством. 2) Устанавливается, что правительство не чаще одного раза в 5 лет утверждает перечень преференциальных […]

Толугу менен окуу
July 11, 2017

Президент Алмазбек Атамбаев америкалык ири компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

11-июлда Президент Алмазбек Атамбаев америкалык ири компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга JIA Бизнес Ассоциациянын “Eurasia Group” компаниянын жетекчиси, Башкаруу кеңешинин мүчөсү Урмат Акматов да катышты. “Eurasia Group” компаниясы “Compete Solition for Agriculture” корпорациянын продукцияларын жабдып туруучу, John Deere компаниянын Кыргызстанадгы жана Казахстандагы расмий өкүлү. Фермерлерге керектелүүчү жабдууларды жана продукциялар менен иштейт. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы […]

Толугу менен окуу
July 11, 2017

“АКШдагы билим алуу мүмкүнчүлүктөрү” деген темада 14- июль күнү өтүүчү тренинге чакырабыз!

“АКШдагы билим алуу мүмкүнчүлүктөрү” деген темада 14- июль күнү өтүүчү тренинге чакырабыз! Кыргыз тилдүү аудиторияга уюштурулган абдан манилүү жана керектүү тренинге катышыңыздар! Программада:  1) АКШда ЖОЖдорго (бакалавр) даярдануу жана тапшыруу процесси; 2) АКШ ЖОЖдорунда контракт процесси кандай иштейт? 3) Стипендияны кантип алса болот? Кимдер катыша алат: ишкерлер, мектеп окуучулары, студенттер жана ата-энелер Тренер: Эрмек Жунушов, […]

Толугу менен окуу
July 5, 2017

JIA Бизнес Ассоциациянын Башкаруу кенешинин төрагасы Темирбек Ажыкулов Сингапурдагы Улуттук универтитеттин Ли Кван Ю атындагы мамлекетти башкаруу мектебинин “Мамлеттик башкаруу” боюнча магистратурасын аяктады.

JIA Бизнес Ассоциациянын Башкаруу кенешинин төрагасы Темирбек Ажыкулов Сингапурдагы Улуттук универтитеттин Ли Кван Ю атындагы мамлекетти башкаруу мектебинин “Мамлеттик башкаруу” боюнча магистратурасын аяктады. Темир Назарбековичти бул жетишкендик менен куттуктап, ишинде ийгиликтерди жана профессионалдык жетишкендиктерди каалайбыз!

Толугу менен окуу
July 5, 2017

Венгриянын Будапешт шаарында Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн регионалдык кеңешмеси өттү.

2017-жылдын 29-30-июнь күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн регионалдык кеңешмеси өттү. Анда Туруктуу өнүгүү жаатындагы Максаттардын алкагында 8.7-тапшырмаларды аткаруу боюнча маселе каралды. Жыйынга Кыргызстандан барган делегация да катышты. Делегациянын курамына: КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Полотова Жылдыз, Билим жана илим кызматкерлеринин борбордук профсоюздук комитеттин бөлүм башчысы Бредихина Вера, КыргызРеспубликасынын […]

Толугу менен окуу
July 1, 2017

Казахстандын Кыргызстандагы элчилигинде «KazakhExport» экспортту камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушу болду.

30 июнь күнү Казахстандын Кыргызстандагы элчилигинде «KazakhExport» экспортту камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушу болду. Жолугушууда «KazakhExport» экспортту камсыздандыруу компаниянын директору Мукажанов Куаныш компания тууралуу кеңири айтып берди. Кыргызстандык ишкерлерге экспорттоодо жардам берүүгө даяр экендинин белгилеп, ишкерлердин суроолоруна жооп берди.

Толугу менен окуу
June 25, 2017

Орозо айт маарек болсун!

Элибизге ынтымак, жергебизге тынчтык жана үйүңузгө ырыскы алып келсин!  

Толугу менен окуу
June 24, 2017

Бизнес Ассоциация JIA жана “Кыргызстан Юристтери” Ассоциациясы кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

24-июнда “Кыргызстан Юристтери” Ассоциациясы тарабынан тегерек стол болуп өттү. Иш-чаранын темасы “Юридикалык кесиптерге ээ болуу тууралуу маселелер” боюнча болуп, Кыргыз Республикасынын Юристтери күнүнө арналды. Тегерек столдун алкагында Бизнес Ассоциация JIA жана “Кыргызстан Юристтери” Ассоциациясы кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Ассоциациябыздын атынан жалпы юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!

Толугу менен окуу
June 22, 2017

Бизнес Ассоциация JIAнын туризм комитетинин төрагасы, Integra Engineering Group компаниясынын Башкы директору Жоодар Сайдилкановго КРнын Чек ара кызматы тарабынан “Карегимде мекен чеги” аттуу медаль ыйгарылды.

22 – июнь күну Чүй облусунун чек ара кызматы жана Бизнес Ассоциация JIA кызматташуунун алкагында “Чек ара кызматкерлерине англис тилинен курстарды өткөрүү” долбоорунун жыйынтыгына карата тегерек стол өткөрдү. Тегерек столго Бизнес Ассоциация JIAнын өкүлдөрү, чек ара кызматкерлерине англис тилинен сабак берген “Секом” тил борборунун өкүлү Алмаз Асаев, Сарлыкбек уулу Мирланбек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу чек […]

Толугу менен окуу
June 20, 2017

Бизнес Ассоциация JIA “Курулуш” комитетинин мүчөлөрү “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери, КР ЖК депутаты Өмүрбек Бабанов менен жолугушту.

19- инюнь күнү Green City отелдин конференц-залында Бизнес Ассоциация JIA “Курулуш” комитетинин мүчөлөрү “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери, КР ЖК депутаты Өмүрбек Бабанов менен жолугушту. Жолугушууда курулуш тармагында болгон көйгөйлөрү туурасында талкуу болду.

Толугу менен окуу
June 17, 2017

“Чуңкурчак көчү-2017”

17 июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, быйылкы “ЫЙМАН-АДЕП-МАДАНИЯТ” жылына карата Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу “Арашан” айылынын тургундары биринчи жолу “Кылым карыткан кыргыз көчү” урааны менен “Чуңкурчак көчү-2017” фестивалын жалпы кыргыз журтчулугунун алдында эле эмес, чет элдик туристтердин, Кыргызстандагы чет элдик элчиликтердин катышуусунда көргөзүп, бул салтты жыл сайын улап улуу көчмөн кыргыз элинин […]

Толугу менен окуу
June 17, 2017

Жыйында JIA Бизнес Ассоциациянын Аткаруучу директор Фархад Пакыров Ыктыярдуу патенттин тизмесине өзгөртүүлөдү киргизүүнү сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйында JIA Бизнес Ассоциациянын Аткаруучу директор Фархад Пакыров Ыктыярдуу патенттин тизмесине өзгөртүүлөдү киргизүүнү сунуштады. Маалымат: Текстиль жана тигүү тармагы бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикасынын өнүгүп жаткан перспективдүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Экспорт жана жумуш орундарын түзүү боюнча алдынкы тармак. Орто эсеп […]

Толугу менен окуу
June 17, 2017

Радио Маралдын жамааты жана коштоп келген ырчылар Жарамазан айтып бизде конокто болушту.

14 июнь күнү Радио Маралдын жамааты жана коштоп келген ырчылар Жарамазан айтып бизде конокто болушту. JIA Бизнес Ассоциациясы радионун жамаатына жана коштоп келген ырчыларга ыраазылык билдирип, ийликтерди каалайбыз!

Толугу менен окуу
June 16, 2017

IA Башкаруу кеңешинин төрагасы Ажыкулов Темирбек Казахстанда 15-16 – июнь күндөрү өтүп жаткан Астана экономикалык форумга катышты.

Ар жылы Казахстан мамлекетинин борбор шаары Астана шаарында экономикалык форум дүйнөлүк экономикалык уюмдун өкүлдөрү,азыркы жана экс өлкө башчылары, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, окумуштуулар жана бизнесмендер чогултат. Форумдун максаты эл аралык адилеттүү аянтты түзүү, ал жерде дүйнөлүк эксперт-экономисттер глобалдуу экономикалык өзгөрүүлөрдү, проблемаларды Борбордук Азия аймагында жана ошондой эле дүйнөлүк масштабда талкуулашат.

Толугу менен окуу
June 15, 2017

JIA Бизнес Ассоциациясы мүчөлөрүнө жана өнөктөштөрүнө Ыйык Орозо айы менен куттуктап, ооз ачар сый тамак берди.

14-июнь күнү JIA Бизнес Ассоциациясы мүчөлөрүнө жана өнөктөштөрүнө Ыйык Орозо айы менен куттуктап, ооз ачар сый тамак берди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер- министри Мухамметкалый Абулгазиев , Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттары, коомдук ишкерлер, элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, өнөктөштөр жана […]

Толугу менен окуу
June 15, 2017

Пикир: “Жаш ишкерлер Ассоциациясын турат. 2006-жыл мүчөсү болгону 5 жетпеген ишканадан турган уюм, азыркы учурда 100 ашык мүчөсү бар, интеллект жагынан Өкмөт мүчөлөрунөн кем калбаган, акыркы жетишкендиктерди тез арада өздөштүргөн, башкаларга үлгү боло тургандай ийгиликтерди жараткан уюмга айланды….”

Кабар маалымат агенттигинин жетекчиси Кубан Абдымен (Kuban Abdymen) : “Кыргызстанда ишкер чөйрөсү толгон-токой тоскоолдуктарга, экономикалык, бюрократиялык кыйынчылыктарга карабастан өнүгүп, бутуна туруп баратат. Анын эң жакшы далили катары биринчи орунда Кыргызстандын Жаш ишкерлер Ассоциациясын турат. 2006-жыл мүчөсү болгону 5 жетпеген ишканадан турган уюм, азыркы учурда 100 ашык мүчөсү бар, интеллект жагынан Өкмөт мүчөлөрунөн кем калбаган, акыркы […]

Толугу менен окуу
June 12, 2017

Бишкекте “ArmOr Orthopedics” ортопедиялык продукция саткан дүкөндүн ачылышы болуп өттү.

12 июнь күнү Бишкекте “ArmOr Orthopedics” ортопедиялык продукция саткан дүкөндүн ачылышы болуп өттү. “ArmOr Orthopedics” дүкөнүдө сиз ден-соолугуңузга керектелүүчү корсеттерди, белдемче, жаздык жана башка ортопедиялык продукцияларды сатып алсаңыз болот. Дареги: Москва көч., 121 / Орозбеков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

Толугу менен окуу
June 12, 2017

ЧУҢКУРЧАК КӨЧҮ-2017. 17-ИЮНЬ ЧУҢКУРЧАК КАПЧЫГАЙЫ.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, быйылкы “ЫЙМАН-АДЕП-МАДАНИЯТ” жылына карата Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу “Арашан” айылынын тургундары биринчи жолу “Кылым карыткан кыргыз көчү” урааны менен “Чуңкурчак көчү-2017” фестивалын жалпы кыргыз журтуна тартуулашат. Бул салтты жыл сайын улап улуу көчмөн кыргыз элинин байыркы маданиятын дүйнө элине жайылтууну максат кылып 2017-жылдын 17-июнунда Чуңкурчак капчыгайында өткөрүүнү демилгелеп жатышат. […]

Толугу менен окуу
June 10, 2017

Бизнес Ассоциация JIA мүчөсү Tolobek Ormon Nurdinovдун жаңы китеби жарыкка чыгышы менен куттуктайбыз!

“Гений тентек” аталышында бренд жөнүндө, өзүнүн иш-тажрыйбасын, ойлорун жана тилектерин камтыган китеп элге сунулду. “Сен бренд болсоң, мен бренд болсом, Кыргыз бренд болот!” – деген сөз менен башталган китеп көпчүлүк ишкерлерге пайдасы тиет деп ишенебиз. #членыJIA #JIAмүчөлөрү #JIAmembers  

Толугу менен окуу
June 10, 2017

2017-жылдын 5-16- июнь аралыгында Швейцариянын Женева шаарында Эл аралык эмгек организациясына мүчө өлкөлөрдүн жана социалдык өнөктөштөрдүн катышуусунда Эл аралык эмгек конференциясынын 106-сессиясы өтүүдө.

2017-жылдын 5-16- июнь аралыгында Швейцариянын Женева шаарында Эл аралык эмгек организациясына мүчө өлкөлөрдүн жана социалдык өнөктөштөрдүн катышуусунда Эл аралык эмгек конференциясынын 106-сессиясы өтүүдө. Бул конференцияда 4000ден ашык профсоюз өкүлдөрү, жумуш берүүчүлөр, 187 өлкөдөн келген өкүлдөр жана Эл аралык эмгек организациясына кирген мүчөлөр катышууда. Конференцияда эмгекчилердин иш издөөдөгү жана иштеги туш болгон кыйынчылыктары тууралуу сүйлөшүлүүдө.Бул иш […]

Толугу менен окуу
June 3, 2017

Бизнес Ассоциация JIA мүчөсү “Академия роста” интеллектуалдык өнүгүү борбору Эл аралык менталдык арифметика боюнча олимпиада өткөрүштү.

3 – июнь күнү Бизнес Ассоциация JIA мүчөсү “Академия роста” интеллектуалдык өнүгүү борбору Эл аралык менталдык арифметика боюнча олимпиада өткөрүштү. Олимпиадага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Кудайбердиева Гульмира Каримовна, бардык облустардан келген окуучулар жана алардын ата-энелери катышышты. “Академия роста” интеллектуалдык өнүгүү борбору балдарга менталдык арифметика методу менен эсептөөнү үйрөтүп келет. Толук маалыматты шилтемеден […]

Толугу менен окуу
June 1, 2017

Жаңы мүчөлөрүбүзгө Бизнес Ассоциация JIA мүчөлүк сертификаты тапшырылды

– ОсОО “Eura Group” мебель, матрас, жастык чыгарган компания; – ИП “Мийнекеев” Atikerkg газовый балон менен иштешет; – ОсОО “Тибон”, эт жана эт деликатестерин сатуу; #JIAмүчөлөрү #членыJIA #JIAmembers

Толугу менен окуу
May 31, 2017

Green City мейманканасында «Кыргызстанда кенже курактагы балдарды ар тараптуу өнүктүрүү» темасындагы тегерек столу өттү.

“Данакер” үй – бүлөнү бекемдөө борбору коомдук фонду “Дил азык” басма үйү менен өнөктөштүктө Бизнес ассоциация JIA колдоосу менен 31.05.2017 саат 10:00до Green City мейманканасында «Кыргызстанда кенже курактагы балдарды ар тараптуу өнүктүрүү» темасындагы тегерек столу өттү. Иш – чаранын максаты Кыргызстандын билим берүү системасынын мектепке чейинки тарбиясында Монтессори педагогикасын кеңири жайылтуу. Тегерек столдун алкагында Монтессори […]

Толугу менен окуу
May 30, 2017

Жаңы мүчөлөрүбүзгө Бизнес Ассоциация JIA мүчөлүк сертификаты тапшырылды

– ОсОО “МРОТТО ” текстиль компаниясы, Футболка и спортук костюмдарды тигишет; – ОсОО “High Time” билим берүү тармагы; – ОсОО “АБД Партнерс”, консалтинг компаниясы; #JIAмүчөлөрү #членыJIA #JIAmembers

Толугу менен окуу
May 27, 2017

Урматтуу Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрү жана өнөктөштөрү!!!

Сиздерди «Рамазан айы» менен Бизнес ассоциация JIA жалпы жамааты чын дилинен куттуктайт! Кармаган орозоңуздар кабыл болсун! Тилеген аруу тилегиңиздер, ойлогон асыл максатыңыздар ишке ашсын! Ар бир үйдөн ынтымак, ырыскы кетпесин, дасторкондо молчулук болсун, ишиңиздерди дайыма ийгилик коштоп, жергебизде тынчтык менен бейпилчилик орносун. Өлкөбүздүн өркөнү өсө берсин! Терең урматтоо менен, Бизнес Ассоциация JIA!

Толугу менен окуу
May 26, 2017

Green City отелинин конференц-залында ” Персоналды башкаруу” деген темада HR боюнча Бизнес Ассоциация JIA мучөлөрүнө тренинг уюштурулду.

25- май күнү Green City отелинин конференц-залында ” Персоналды башкаруу” деген темада HR боюнча Бизнес Ассоциация JIA мучөлөрүнө тренинг уюштурулду. Тренингде: – Жумушчуларды кандай позитивдүү мотивация берүүгө болот? – Иш издеп келген адамдарды аяр каршылык билдрүү? – Материалдуу мотивациялардын түрлөрү – Убакыт же жыйынтык? Эмне жакшы иштейт? – Профессионалдуу кызматкерди кантип сактап калууга болот? – […]

Толугу менен окуу
May 25, 2017

Бириккен Араб Эмираттардын Тышкы иштер министринин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында келген бизнес делегация менен мүчөлөрүбүздүн ортосунда networking жолугушуусун уюштурулду.

24-май күнү Бириккен Араб Эмираттардын Тышкы иштер министринин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында келген бизнес делегация менен мүчөлөрүбүздүн ортосунда networking жолугушуусун уюштурулду. Жогулушууда ишкерлер БАЭ келген бизнесмендер менен таанышып, визитка алмашышып өнөктөш табууга мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чара неформалдууу форматта өттү. Бириккен Араб Эмираттардан келген делегациянын курамына: – Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министирлиги; – Абу Даби […]

Толугу менен окуу
May 24, 2017

Талаш-тартыштан башыбыз арылбай келет. Бирок ушундай жагымдуу сүрөттөрдү көрүүгө зарбыз.

Тар диванга баткан лидерлердин элдери эмнеге батышпайт? Борбор азиядагы кошуна өлкөлөр эмнеге орток өнүгүү үчүн тыңгылыктуу кызматташа албайбыз?

Толугу менен окуу
May 21, 2017

Мүчөбүз “T’Bone Вoutique” эт дүкөнүнүн ачылышы болуп өттү.

21 май күнү Бишкекте “T’Bone boutique” эт дүкөнүнүн ачылышы болуп өттү. T’Bone boutique эт магазининде сертификациядан өткөн, халал эт сатылат. 8 кг көп алган кардарларга мангал арендага бекер берилет. Дареги: Москва көч. / Жаш Гвардия бульварынын кесилишнде жайгашкан.

Толугу менен окуу
May 20, 2017

«Мен адептүү окуучумун» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи «Таш-Рабат» соода борборунда өттү.

«Мен адептүү окуучумун» сынагына Кыргызстандын бардык аймактарынан 64 дилбаян жана 60 сүрөт келип түштү. «Баластан» интерактив журналы JIA Бизнес Ассоциациясы менен биргеликте уюштурган «Мен адептүү окуучумун» аттуу дилбаян жазуу жана сүрөт тартуу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. «Мен адептүү окуучумун» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи 20-май күнү Бишкектеги «Таш-Рабат» соода борборунда өтөт. Иш-чара сүрөт тартуу, оригами, пластилин, […]

Толугу менен окуу
May 17, 2017

Lady Club мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине экскурсия уюштурулду.

17 май күнү Lady Club мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине экскурсия жана Жогорку Кеӊештин депутаты менен жолугушуу уюштурулду. Экскурсия Жогорку Кеӊештин сессиясына катышуудан башталды. 1 саат ичинде ишкер айымдар Жогорку Кеӊештеги мамлекеттик деӊгээлде маселелерди талкулоо жана чечүү процессине күбө болушту. Кийин ишкер айымдар Жогорку Кеӊешти кыдырып, ичин көрүүгө, библиотека жана депутаттардын кабинетин, PR бөлүмүн,тамактануу жайын […]

Толугу менен окуу
May 16, 2017

JIA координатору Руслан Акматбек JICA эксперти Масами Цуюки менен жолукту.

16-май күнү Руслан Акматбек JIA координатору JICA Жапон эла аралык кызматашуу агентигинин эксперти Масами Цуюки менен жолукту. Жолугушууда кичи жана чакан бизнестеги ишкерледин мүмкүнчүлүктөрү, бизнеси жана көйгөйлөрү тууралуу айтылды. Масами Цуюки азыр бизнес чөйрөсүндө изилдөө жүргүзүп жаткандыгы тууралуу айтып берди. Изилдөөнүн жыйынтыгында Жапон элчилиги Кыргызстанда долбоорлор пландап жатышат жана өндүрүш тармагынын өнүгүшүнө салым кошо турган […]

Толугу менен окуу
May 16, 2017

Башкаруу кеңешинин төрасы Т. Ажыкулов тармактык комитеттердин төрагалары менен жолукту.

16-май күнү JIA кеңсесинин жыйын залында Башкаруу кеңешинин төрасы Темирбек Ажыкулов тармактык комитеттердин төрагалары менен жолукту. Жолугушууда комитеттердин жумушу, пландары жана максаттары менен таанышып чыкты.

Толугу менен окуу
May 14, 2017

JIA мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн арасында “JIA 2017” достук футбол турнири өттү.

14-май күнү JIA мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн арасында “JIA 2017” достук футбол турнири өттү. Футбол турнирине ишкерлерден турган 6 команда ойношту. Футбол оюну А – группа, Б – группа, кайчылаш тур жана финал болуп 4 бөлүктө өттү. Турнирдин жыйынтыгы менен: “Мыкты дарбазачы” – Султан Мамытов; “Мыкты коргоочу” – Мирлан Акжигитов; “Мыкты чабуулчу” – Аскер Маденов; “Мыкты […]

Толугу менен окуу
May 13, 2017

Катарыбызга жаңы мүчөлөр кошулду.

Жаңы мүчөлөрүбүзгө Бизнес Ассоциация JIA мүчөлүк сертификаты тапшырылды: “Т-Шань” ЖЧК. Сектор: Курулуш материалдары; “РоссОйл” ЖЧК. Сектор: Энергитика, күйүүчү-майлоочу каражаттар, автотранспорт тейлөө жана логистика сектору; ЖИ “Осмонов Малик Омурбекович”. Сектор: Маалыматтык технологиялар (youtube).

Толугу менен окуу
May 12, 2017

Ош JIA мүчөлөрү үчүн “Финансы менеджменти” темасындагы семинары болуп өттү.

Бүгүн 12-май күнү Бизнес Ассоциация Ош JIA Fair & Sustainable Development Solutions коомдук бирикмеси менен биргеликте ишкерлер үчүн уюштурган кезектеги “Финансы менеджменти” темасындагы семинары болуп өттү. “Финансы менеджменти” семинарында каралган темалар: Финансылык моделдештирүү түшүнүгүджменти жөнүндө түшунүк жана максаты; Финансылык моделдештирүү түшүнүгү; Өндүрүштүн, сатуунун, чыгашанын(туруктуу, күтүүсүз), кирешенин көлөмүн пландаштыруу; Пландаштыруунун базалык параметрлери; Өндүрүштүн, сатуунун, чыгашанын(туруктуу, күтүүсүз), […]

Толугу менен окуу
May 11, 2017

“Ишкердиктин өзөгү боюнча курс” долбоору алкагында Баткен жана Жалала-Абад шаарларында ишкерлер үчүн “Финансылык башкаруу” темасында семинар уюштурулду.

10-11 май күндөрү “Ишкердиктин өзөгү боюнча курс” долбоору алкагында Баткен жана Жалала-Абад шаарларында ишкерлер үчүн “Финансылык башкаруу” темасында семинар уюштурулду. Семинар өткөрүүнүн негизги максаты – ишкердикти жаңыдан баштаган жана иштеп жаткан ишкерлерге компаниянын өнүгүүсү үчүн негизги багыттардын бири болгон финансылык башкаруу боюнча маалымат берип, тажрыйба алмашуу болуп эсептелет. Fair & Sustainable Development Solutions бирикмесинин колдоосу менен Бизнес […]

Толугу менен окуу
May 6, 2017

Эко-резорт “Кара-Булак” эс алуу борборунда “Табияттын белектери” эко-фестивалы болуп өттү.

6-май күнү Арашан айылында Эко-резорт “Кара-Булак” эс алуу борборунда “Табияттын белектери” эко-фестивалы болуп өттү. Конокторго атайын жарманке жана чакан концерт уюштурулду. Эк-фестивалды колдоп JIAнын мүчөлөрү ишкерлер да уй-бүлөлөрү менен келип, колдоп беришти. Эко-фествиалдын уюштуруучусу Эко-резорт “Кара-Булак” эс алуу борборуна жана ишкерлерге терең ыраазычылктарды билдиребиз!

Толугу менен окуу
April 29, 2017

JIA мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси менен жолугушту.

Кечээ, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков менен Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрүнүн жолугушуусу болду. Иш-чара “Green City” мейманканасында өтүп, “Таза коом” долбоору презентация кылынды жана ишкерлерди кызыктырган суроолорго жооп берилди.

Толугу менен окуу
April 28, 2017

Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрүнүн Жалпы жыйыны болуп өттү.

Үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрүнүн Жалпы жыйыны болуп өттү. Иш-чарага 180ден ашуун ишкер катышып, күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды: Netwokring & Speed Dating; JIA 10 жылдык стратегиясы; Башкаруу кеңешинин жаңы курамын бекитүү; Активдүү мүчөлөрдү сыйлоо; Күн тартибинде каралгандай, дирекция тарабынан жалпы жана каржылык отчету сунушталды. Ассоциациянын Жобосуна ылайык, Башкаруу кенешинин мүчөлөрү жана төрагасы […]

Толугу менен окуу
April 27, 2017

Темирбек Ажыкулов Бизнес Ассоциации JIA Башкаруу Кеңешинин төрагасы шайланды.

2017-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында Бизнес Ассоциации JIA Жалпы жыйыны өттү. Анда 180ден ашуун ишкер-мүчөлөр катышып, дирекция тарабынан жалпы жана каржылык отчету сунушталды. Ассоциациянын Жобосуна ылайык, Башкаруу кенешинин мүчөлөрү жана төрагасы жалпы мүчөлөрү тарабынан 2 жыл сайын шайланып турат. Кечээ өткөн Жалпы жыйында жаңы төрага болуп, бир добуш менен Темирбек Ажыгулов шайланды. Ал эми Башкаруу кеңешинин […]

Толугу менен окуу
April 27, 2017

Жаңы мүчөлөрүбүзгө Бизнес Ассоциация JIA мүчөлүк сертификаты тапшырылды.

Жаңы мүчөлөрүбүзгө Бизнес Ассоциация JIA мүчөлүк сертификаты тапшырылды: “Академия Роста” интеллектуалдык өнүктүрүү борбору мекемеси – менталдык арифметика, балдарды өнүктүрүү курстары; “Labyrinth Doors” ЖЧК – курулуш материалдары, эмерек жана фурнитура өндүрүү, сатуу; “Про Групп” ЖЧК – курулуш тармагы. “Борбор Азиялык Кат Кызматы” ЖЧК – автотранспорт, тейлөө, сатуу жана логистика.

Толугу менен окуу
April 23, 2017

“Ишкердиктин өзөгү боюнча курс” долбоору алкагында Нарын жана Токмок шаарларында ишкерлер үчүн семинар уюштурулду.

21-22-апрель күндөрү “Ишкердиктин өзөгү боюнча курс” долбоору алкагында Нарын жана Токмок шаарларында ишкерлер үчүн семинар уюштурулду. Семинар өткөрүүнүн негизги максаты – ишкердикти жаңыдан баштаган жана иштеп жаткан ишкерлерге компаниянын өнүгүүсү үчүн негизги багыттардын бири болгон операциондук башкаруу боюнча маалымат берип, тажрыйба алмашуу болуп эсептелет. Fair & Sustainable Development Solutions коомдук бирикмесинин колдоосу менен Бизнес Ассоциация […]

Толугу менен окуу
April 20, 2017

Мүчөлөрүбүз үчүн “Эффективдүү интернет-маркетинг” боюнча тренинг өткөрүлдү.

20-апрелде Green City мейманканасынын конференц-залында мүчөлөрүбүз үчүн “Эффективдүү интернет-маркетинг” боюнча тренинг өткөрүлдү. Тренингди I Do Marketing компаниясынын жетекчиси Айбек Куренкеев жана Lalafo Kyrgyzstan’дын бизнести өнүктүрүү боюнча директору Даша Суходолова өттү. Айбек Куренкеев төмөнкү темалар алкагында маалымат менен бөлүштү: – Чакан жана орто бизнести интернет аркылуу илгерилетүү; – Чечүү моделдери; – SaaS; – CMS; – Кардар […]

Толугу менен окуу
April 17, 2017

Голландиядан келген студенттер үчүн күнөскана жана жаӊы касапканага экскурсия уюштурулду.

16-апрель күнү Бизнес Ассоциация JIA мүчөсү Сыргак Токталиевдин күнөсканасына жана Лебединовка айылында жайгашкан жаӊы касапканага Голландиядан келген студенттер үчүн экскурсия уюштурулду. Иш чаранын уюштуруучусу «ФСДС» Коомдук бирикмеси жана Бизнес Ассоциация JIA. Экскурсия учурунда студенттер капуста, кызылмылык жана бадыраӊ өстүрүү ыкмалары менен таанышышты жана суроолорун берип, башка өлкөлөрдун өсүмдүк өстүрүү тажрыйбасы менен бөлүшүп сунуштарын беришти. Лебединовка […]

Толугу менен окуу
April 15, 2017

Мүчөбүз Richman мейманканасына JIA мүчөлөрүнүн экскурсиясы.

Бүгүн мүчөбүз Richman Hotel Бишкек мейманканасы Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрүн атайын бизнес эртемге (бизнес завтрак) чакырды. Иш-чаранын алкагында мейманкана жетекчилери көрсөтүлгөн кызматтар менен тааныштырып, конокторго атайын экскурсия жана келген бизнес эртем уюштурду. Анда ишкерлер өзү жана компаниясы тууралуу кеңири тааныштырып, визиткалар менен алмашып, жакындан тааныштырышты. Апта аягында уюштурулган иш-чарабыз эстелик сүрөтү менен жыйынтыкталды.

Толугу менен окуу
April 15, 2017

Бизнес Ассоциация JIA аткаруучу дирекциясынын жаңы курамы.

2017- жылдын февраль айынан баштап Бизнес Ассоциация JIA аткаруучу директор кызматына Фархад Пакыров дайындалып, аны менен кошо дирекция да жаңыланды. Учурда жаңы директордун жетекчилиги астында дирекция жаңы пландар жана стратегиянын үстүнөн иш алып барууда. Бизнес Ассоциация JIA аткаруучу дирекциясынын жаңы курамы: Фархад Пакыров, Аткаруучу директор; Айдар Кубанычбеков, Аткаруучу директордун орун басары; Адисбек Шекевнов, Юрист; Аззамбек […]

Толугу менен окуу
April 14, 2017

JIA өнөктөштүгү астында VIII республикалык илимий-практикалык симпозиум болуп өттү.

14-апрелде, Бишкек шаарынын “City Hotel” мейманканасында 2017-жыл – “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун 25 жылдыгына жана анын авторлорунун бири, көрүнүктүү этнопедагог-изилдөөчү Сабыр Иптаровдун 60 жылдыгына арналган “Салттык педагогикалык маданият жана балдар дүйнөсү” аттуу VIII республикалык илимий-практикалык симпозиум болуп өттү. Бул иш чаранын алкагында Бизнес Ассоциация JIA өнөктөш катары ыйман, адеп […]

Толугу менен окуу
April 14, 2017

“Бизнес Ассоциация JIA 10 жылдык стратегиясын” иштеп чыгуу процесси башталды.

Бизнес Ассоциация JIA Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү, аймактардагы аткаруучу директорлору, өнөктөштөрү жана аткаруучу дирекциясынын катышуусунда “Бизнес Ассоциация JIA 10 жылдык стратегиясын” иштеп чыгуу процесси башталды. Документ 10 жылга болгон мүдөө, миссия, максат жана тапшырмалардан турат. Кененирээк маалыматты жумушчу топтун жыйынтыгындан соң беребиз. “Бизнес Ассоциация JIA 10 жылдык стратегиясы” документин иштеп чыгууда көрсөткөн колдоосу жана ар тараптуу […]

Толугу менен окуу
April 6, 2017

Аймактардагы JIA директорлору Экономика Министрлигинин алдындагы БИӨМА директору А. Орозбеков менен жолугушту.

Аймактардагы Бизнес Ассоциации JIA директорлору Экономика Министрлигинин алдындагы инвестиция жана экспортту илгерилетүү боюнча Агенттигинин директору А. Орозбеков жана Кыргызстандагы DFID өкүлдөрү менен жолугушту. Анда аймактардагы ишкерлер менен алдыдагы кызматташуу тууралуу сөз болду.

Толугу менен окуу
April 6, 2017

Аймактардагы JIA директору GIZ “Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү” программасынын кызматкерлери менен жолугушту.

6-апрелде Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү” программасынын кызматкерлери менен Баткен, Жалал-Абад, Ош, Токмок, Каракол жана Талас аймактарындагы Бизнес Ассоциация JIA жетекчилеринин жолугушуусу болду.

Толугу менен окуу
April 6, 2017

Бизнес Ассоциации JIA жаңы мүчөлөрүнө сертификаттар тапшырылды.

Бизнес Ассоциации JIA мүчөлөрүнүн катарына жаңы ишкерлер кошулду: “Айкөл” рестораны; Vega Advertising – реклама кызматтары; “Ак-Свет” ЖЧК – электротехника товарларын өндүрүү жана сатуу.

Толугу менен окуу
April 6, 2017

“Ишкердиктин өзөгү боюнча курс” долбоору алкагында Ош шаарында ишкерлер үчүн кезектеги семинар уюштурулду.

6-апрель күнү Бизнес ассоциация JIA “Ишкердиктин өзөгү боюнча курс” долбоору алкагында Ош шаарында ишкерлер үчүн кезектеги семинар уюштурду. Долбоор “Fair & Sustainable Development Solutions” коомдук бирикмесинин колдоосу менен уюштурулуп, лекторлор – KMAX Консалтинг компаниясынын негиздөөчүсү Zarilbek Nyshan Uulu, Бизнес Ассоциация JIA Проект менеджери Apal Ryskulova – катышуучуларга бизнестин өзөгүн түзгөн “Операциондук башкаруу” темасында методдор, ыкмалар, […]

Толугу менен окуу
April 6, 2017

JIA дирекциясы АКШ Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Бизнес Ассоциации JIA координатору Руслан Акматбек жана аткаруучу директор Пакыров Фархад Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда, алдыдагы ишкердик тармагындагы кызматташтык тууралуу сөз болду.

Толугу менен окуу
April 5, 2017

“Ишкердиктин өзөгү боюнча курс” долбоору алкагында Баткен шаарында ишкерлер үчүн 2 күндүк семинар уюштурулду.

4-5-апрель күндөрү Бизнес ассоциация JIA “Ишкердиктин өзөгү боюнча курс” долбоору алкагында Баткен шаарында ишкерлер үчүн 2 күндүк семинар уюштурду. Долбоор “Fair & Sustainable Development Solutions” коомдук бирикмесинин колдоосу менен уюштуруп, лекторлор – KMAX Консалтинг компаниясынын негиздөөчүсү Zarilbek Nyshan Uulu, Бизнес Ассоциация JIA Проект менеджери Apal Ryskulova – катышуучуларга бизнестин өзөгүн түзгөн “Маркетингти башкаруу”, “Операциондук башкаруу” […]

Толугу менен окуу
March 31, 2017

JIA мүчөлөрү KyrgyzBuild-2017 курулуш көргөзмөсүнө катышты.

2017-жылдын 29-31-мартында Бишкекте “Эл аралык инвестиция-өндүрүш форумунун” алкагында KyrgyzBuild-2017 атайын курулуш көргөзмөсү болду. Көргөзмө 15-ирет өтүп, Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясынын манежинде орун алды. Көргөзмөгө кошуна Казахстан, Кытай, Орусия баштаган 10дон ашык өлкөлөрдүн ишкерлеринин өндүргөн продукциялары коюлду. Эл аралык көргөзмөгө Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрү – “Kant TSP”, Ainekstan, Electro Complex жана Redem – компаниялары […]

Толугу менен окуу
March 25, 2017

Бизнес ассоциация JIA Индия, Кытай жана Япония иш сапарларына делегация чогултууда.

28-марттан 20-апрелге чейин Бизнес ассоциация JIA мүчөлөрүнө жана башка ишкерлерге Индия, Кытай жана Япония өлкөлөрүнө эл аралык иш сапарларды уюштурулуп жатат. Бул иш сапарлардын негизги максаты – инвестор табуу, потенуиалдуу өнөктөштөр менен мамиле куруу жана чет өлкөлүк ишкерлер менен тажрыйба бөлүшүү болуп эсептелет. 1) 12-апрелинен 20-апрелине чейин ишкерлердин Японияга иш сапары уюштурулган. Учурда Бизнес ассоциация […]

Толугу менен окуу
March 20, 2017

“Emark Group” курулуш компаниясынын жаңы долбоору “Park Avenue” турак-жай комплексинин пайдубал түптөө аземи өттү.

18-мартта Бизнес Ассоциация JIA мүчөсү “Emark Group” курулуш компаниясынын жаңы долбоору Park_Avenue турак-жай комплексинин пайдубал түптөө аземи өттү. Заманбап архитектура, сапаттуу жана коопсуздук кепилдиги менен курулуп баштаган турак-жай компекси шаардан обочо, тоо кооздугуна бөлөнгөн таза аймакта жайгашкан. __ Сатуу бөлүмү: Дареги: Боконбаев көчөсү, 204. 📞Телефон: 0312 454 433, 0557 500 700, 0770 700 400. Москва […]

Толугу менен окуу
March 9, 2017

JIA мүчөлөрүнө “Экспорт стратегиясы” боюнча тренинг өттү.

9-мартта “Экспорт стратегиясы” боюнча JIA мүчөлөрүнө тренинг өттү. Тренингди Талант Жумазаев өтүп, катышуучулар экспорттук базарлардын анализин жүргүзүү, экспорт талаптарына ылайыкталган маркетинг стратегиясын иштеп чыгуу, экспортко багытталган продукттарды өндүрүү жана өндүрүлгөн товарларды тышка сатуу жаатында илгерилетүү сыяктуу негизги маалыматтарга ээ болушту. Пайдалуу маалыматтар менен бөлүшкөн Талант Жумазаевге ыраазычылык билдиребиз!

Толугу менен окуу
March 8, 2017

Эл аралык 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Ардактуу асылзат айымдар! Бүгүнкү Эл аралык 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт жана тынчтык каалайбыз. Жүзүңүздөрдөгү жылмаюу жакындарыңызга жагымдуу көз ирмемдери тартуулап, өмүрүбүздү шаңга, бакытка, сүйүүгө бөлөп, коомубузга татыктуу уул-кыздарды тарбиялай бериңиздер. Урматтоо менен Бизнес ассоциация JIA!

Толугу менен окуу
March 4, 2017

Студенттер үчүн «Харизма жана чечендик өнөрү» темасындагы мастер класс өттү.

4-мартта студенттер үчүн «Харизма жана чечендик өнөрү» темасындагы мастер класс өттү. Анда өлкөбүздөгү чечендик өнөр боюнча тажрыйбалуу адис Бурулкан Нуракова тема алкагында теориялык да, практикалык жактан да көрсөтүп, студенттер менен пайдалуу маалыматтар менен алмашты.

Толугу менен окуу
March 4, 2017

JIA мүчөлөрү үчүн Хаятт мейманканасына экскурсия уюштурулду.

4-мартта Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрүнүн Hyatt Regency Bishkek мейманканасына экскурсия уюштурулуп, иш-чарага туризм тармагында иш алып барган ишкерлер катышты. Анда “Хаятт” мейманканасынын жетекчилиги конференц-зал, фитнес зал, номерлер, ресторан, офистер жана дүкөндөрду көрсөтүп, мейманкананын ишмердүүлүгү менен кеңири тааныштырды. Экскурсия учурунда ишкерлер кызыктырган суроолорун берип, өнөктөшүбүз Хаятт мейманканасын жетекчилигине ийгилип каалап, ыраазычылык билдиришти.

Толугу менен окуу
March 3, 2017

Ишкерлер “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун” өкүлдөрү менен жолугушту.

3-мартта Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрү Азия өнүктүрүү банкынын алдындагы “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун” (Фонд развития навыков) өкүлдөрү менен жолугушту. Иш чаранын максаты – ишкерлерди Фонддун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, долбоордун алкагында мүчө компания кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра окутуу курстарынан өткөрүү. Жолугушууда Фонддун өкүлү Адибахон Хайтмуратова Өнүктүрүү фонду тууралуу презентация кылып, кыска мөөнөттөгү курстардын багыттары жана иш […]

Толугу менен окуу
February 16, 2017

Ишкерлер “Орто жана чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык декларациясы” тууралуу маалымат алышты.

16-февралда “Green-City” мейманканасында “Орто жана чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык декларациясы” темасындагы семинар болуп өттү. Жолугушуу эркин форматта өтүп, анда Салык Консультанттары Палатасынын мүчөсү, “Аудит Плюс” ишканасынын жетекчиси, Дистрибьюторлор Ассоциациясынын президенти Гульнара Ускенбаева бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу эрежелери, декларацияны ишкерлер кантип толтурат ж.б.у.с. салык маселелери тууралуу маалымат берди. Ошондой эле декларация толтуруу жолун практикалык түрдө […]

Толугу менен окуу
February 15, 2017

Ишкерлер КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы З. Осмoнов менен жолугушту.

15-февралда Green City мейманканасында “Каржы полициясы тарабынан ишкерлерди текшерүү жана жалпы кызматташуу” боюнча жолугушуу болду. Жолугушуу эркин форматта, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов мырзанын катышуусу менен өтүп, анда мамлекеттик текшерүүлөр боюнча көйгөйлөр талкууланды. Андан сырткары, катышуучулардын кызыккан суроолоруна Каржы полициясынын төрагасы жооп берип, бизнес коомчулугу менен тыгыз иштешүү аркылуу […]

Толугу менен окуу
February 11, 2017

Студенттер үчүн “Реклама & бренд” семинары өттү.

11-февраль, ишемби күнү JIA Бизнес Ассоциациясынын конференц-залында студенттер үчүн “Реклама жана бренд” аталышындагы семинар өттү. Негизинен бул тема ишкерлерге жакын, ал эми студенттер үчүн эртедей сезилсе да, келечекте ишкерлик менен алектенем деген жаштарда бул түшүнүктүн азыртадан калыптанганы дурус. Семинарды Chayan Design Angels студиясынын директору Tolobek Nurdinov өтүп, жаштар менен #бренд түшүнүгүнүн мааниси, ишкерлик жүргүзүүдө жана […]

Толугу менен окуу
February 11, 2017

JIA Бизнес Ассоциациясынын төрагасы жана аткаруучу директору алмашты.

JIA Бизнес ассоциациясына 2 жылдан бери төрагалык кылган Умбриэль Темиралиев Жогорку Кеңештин Ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңешинин катчылыгына жетекчи болуп дайындалганына байланыштуу, анын ордуна убактылуу милдетин аткаруучу төрага болуп Башкаруу кеңешинин мүчөсү Семетей Өмүргазы уулу дайындалды. Мындай чечим JIA Башкаруу кеңешинин 11-февралда өткөн жыйынында  кабыл алынды. Мындан тышкары JIA аткаруучу директору да алмашты. Жети жылдан бери аткаруучу […]

Толугу менен окуу
February 10, 2017

Ошто кыргыз-индия маданий-экономикалык мамилесинин өнүгүүсүнө багытталган форум болуп өттү.

Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Ош шаарында “Кыргызстан жана Индия кызматташуусунун перспективалары” темасында бизнес-жолугушуу болуп өттү. Форум Ош JIA Бизнес Ассоциациясы жана Индиянын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан уюштурулган жолугушуунун коноктору Индиянын элчилиги, Россия жана Казакстан Республикаларынын Ош шаарындагы Генералдык консулдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Ош шаарынын 100дөн ашуун жергиликтүү ишкерлери болду. Ош JIA Бизнес Ассоциациясынын төрагасы Акаев Канатбек Эргешбаевич […]

Толугу менен окуу
February 7, 2017

JIA ишкерлеринин АКШга кезектеги иш сапары: «Мүмкүнчүлүктөр өлкөсүндө – ишкерлерге болгон мүмкүнчүлүктөр».

2016-жылдын 26-январынан 4-февралына чейин Бизнес ассоциация JIA ишкерлер үчүн АКШга кезектеги иш сапарын уюштурду. Иш сапар “АКШдагы бизнес мүмкүнчүлүктөр” менен таанышууга багытталып, катышуучуларга Кошмо штаттардагы ишкердик жүргүзүүнүн артыкчылыктары, шарттары, юридикалык аспектилери, финансылык инструменттери, билим берүү системасы тууралуу атайын программалар жана маданий иш-чаралар менен толукталды. Программа Вашингтон жана Нью-Йорк шаарларынан башталып, ишкерлерибиз маданий программаалардын алкагында Америка […]

Толугу менен окуу
February 5, 2017

JIA Текстиль комитетинин мүчөлөрү “Текстиль Транс” ишканасынын ачылыш аземине катышышты.

JIA Текстиль комитетинин мүчөлөрү 4-февралда өткөн мүчөбүз “Текстиль Транс” компаниясынын Токмок шаарындагы ишканасынын ачылыш аземине катышышты. Анда ишкерлер ишкананын өндүрүш процесси менен таанышып, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жеңил өнөр-жай тармагына сунушталган жеңилдиктери жана “Текстиль Транс” компаниясы менен алдыдагы өнөктөштүк тууралуу презентациясына катышты. Ишкана заманбап технология менен жабдууланган жана Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдан алынып келинген сапаттуу сырьелордон күнүнө […]

Толугу менен окуу
February 4, 2017

JIA мүчөлөрү VIII кайрымдуулук фестивалына катышышты.

4-февралда Тогуз- Булак лыжа базасында өткөн “Кыргызстан тоо лыжасы жана кышкы эс алуу өлкөсү” аттуу VIII кайрымдуулук фестивалына JIA мүчөлөрү активдүү катышышты. Табияты таза тоо койнундагы эс алуу кайталангыс жана эсте каларлык иш-чара болду. Ар дайым колдоо көрсөтүп келген мүчөлөрүбүзгө, иш-чараны уюштурган Таалайбек Койчуманов жетектеген КРнын Инвестициялык кеңешине, жалпы жамаатына, өзгөчө Каныкей&Эркеайымга терең ыраазычылык билдиребиз.

Толугу менен окуу
January 28, 2017

Bollywood режиссерлору атайын сапары менен Бишкекте болду.

25-26-январда өлкөбүздүн жаратылышы, кооз жерлери, маданияты менен таанышуу максатында Bollywood режиссёрлору атайын иш сапары менен Бишкекте болушту. 5 күндүн аралыгында коноктор – Санам Жит Синг, Вивек Синханиа, Амбер Шарма, Амит Кумар Агарвал, Варун Шарма – Бишкектеги продюсер, режиссёрлор жана кино сүйүүчүлөр менен жолугушуп, Индия киносу, жетишкендиктери, кемчиликтери жөнүндө баяндап беришти. Ошондой эле, кино тармагында иштешүү […]

Толугу менен окуу
January 27, 2017

Студенттер үчүн “Максатка жетүү жолдору” тууралуу кезектеги семинар болду.

27-январь, жума күнү Бизнес Ассоциация JIA жыйын залында студенттер үчүн кезектеги семинар өткөрүлдү. Семинардын темасы «Максатты туура койуу жана ага жетүү жолдору” болуп, Tour Operating Company “Kyrgyz Tour Service” LLC ишканасынын директору Maksat Damir Uulu студенттер менен өзүнүн эмгек тажрыйбасы, турмуштагы жетишкендиктери жана семинардык темасы алкагында кызыктуу маек куруп берди. Максатсыз кемеге эч бир шамал […]

Толугу менен окуу
January 18, 2017

Мекендештерибиздин кайгыларын тең бөлүшөбүз…

16-январь, таң заардагы суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык, жан дүйнөбүз бөксөрүп турат.. Бул жалпыбыздын кайгыбыз, журтубуздун оор жоготуусу… Бөөдө кырсыктан каза болгондордун жакындары, жалпы мекендештерибиздин кайгыларын тең бөлүшөбүз. Азыркы учурда Элим барсыңбы? Коомдук кайрымдуулук фонду жана JIA Бизнес Ассациациясы биргеликте бөөдө-кырсыкта каза болгон мекендештерибиздин туугандарына жардам чогултууда. Жамандыкта бирге болуп, кайрымдуу колубузду узаталы. […]

Толугу менен окуу
January 12, 2017

JIA Academy “2017 реклама планы” аттуу алгачкы семинарын өткөрдү.

Реклама жер семирткичтей. Эгер аны туура пландап, туура жерге, туура убакытта элге жөнөкөй жана жеңил тил менен угузсаңыз, анда ишиңизге пайдалуу болуп берет. Дал ушундай багыттагы “2017 реклама планы” аттуу семинарыбыз JIA Academy алкагында 12-январда өттү. Мүчөлөрүбүз жана кызыктар ишкерлердин катышуусундагы семинарда Chayan Design Angels реклама жана дизайн студиясынын негиздөөчүсү Tolobek Nurdinov ишкерлердин 2017-жылдын рекламасы боюнча эмнелерге […]

Толугу менен окуу
January 9, 2017

Бишкекте “Pierre Coffee” кофеканасы ачылды!

Бүгүн, 9-январь, JIA Members долбоорунун алкагында мүчөлөрүбүз Жоодар жана Жыргалбек мырзалардын өнөктөштөрү менен биргеликте негиздеген Pierre Coffee кофеканасынын ачылыш аземи болду. Жаңы жыл жагымдуу иш-чара менен башталып, салтанаттуу аземге JIA мүчөлөрү, ишкерлерибиздин өнөктөштөрү катышып, жылуу сөздөрү менен бөлүштү. Pierre Coffee Европа стандарттарына жооп берген, шаардагы эң чоң кофекана. Ошондой эле шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашып, ар кандай жолугушууларды, […]

Толугу менен окуу
December 9, 2016

Бишкек инвестициялык форумуна 600дөн ашуун жергиликтүү жана чет-өлкөлүк ишкерлер катышты.

2016-жылдын 8-декабрында Bishkek Investment Forum – BIF 2016 болуп өттү. Форум «Дамас» мейманканасында орун алып, иш-чарага 600дөн ашык коноктор катышышты. Булар – Кыргызстан бийлигинин расмий өкүлдөрү, өлкө аймактарынан жана чет-өлкөлөрдөн, анын ичинен 21 ишкерден турган Индиядан келген катышуучулар. Жалпысынан Бишкек инвестициялык форумуна аймактардан 150дөн ашуун ишкер катышып, бул аймактагы бизнес өкүлдөрүн чогулткан алгачкы иш-чара болуп […]

Толугу менен окуу
November 18, 2016

Бишкек инвестициялык форуму BIF 2016: бизнес долбоорлорду кабыл алуу жүрүп жатат.

Бишкек инвестициялык форуму үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында өтөт. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган бул иш-чара JIA Бизнес Ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, быйыл 2-ирет өтүп жатат. Быйылкы форумдун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу бир топ жогорулап, катышуучуларга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштамакчы. Алсак, бул жылы Бишкек инвестициялык форумун уюштурууда Индия өлкөсү өнөктөш катары кирип, аталган өлкөдөн 30дай ишкерлерден […]

Толугу менен окуу
November 16, 2016

Жеңил өнөр-жай тармагында иш алып барган ишкерлердин потенциалын жогорулатуу максатында тренингдер сериясы өттү.

12-15-ноябрда Бизнес Ассоциации JIA жыйын залында Жеңил өнөр-жай тармагында иш алып барган ишкерлердин потенциалын жогорулатуу максатында тренингдер сериясы болуп өттү. 12-ноября. Алгачкы тренинг “Сапатты башкаруу системдери” темасында болду. Анда бул тармактын тажрыйбалуу адиси Мира Исманова, катышуучуларга ишкердүүлүктөгү сапаттын өсүүсүн камсыздоодо тартипке келтирүү, бизнес-процесстерди көзөмөлдөө, ишкананын өндүрүш процесстерин контролдоо жана мониторинг жүргүзүү сыяктуу маанилүү маалыматтар менен бөлүштү. […]

Толугу менен окуу
November 12, 2016

Мүчөлөрүбүз биргелешип “Bugu” мейманканасын ачышты.

12-Ноябрь, ишембь күнү, мүчөлөрүбүз – Айдар Орозбаев, Toychubek Akmatov жана Данияр Джайлокеевдердин биргелешип ачкан “Bugu” мейманканасынын ачылыш аземи болду. Салтанаттуу иш-чарага JIA Туризм комитетинин мүчөлөрү жана ишкерлердин өнөктөштөрү катышты. Туризм тармагында кызмат көрсөтүүчү бул чакан мейманкана шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашып, кардарларга ыңгайлуу баадагы өзгөчө кызматтарды сунуштайт. Отелдин ички жасалгалары улуттук баалуулуктарды ичине камтып, Европа стандарттарына жооп […]

Толугу менен окуу
November 11, 2016

JIA төрагасы Астанада өткөн “CICA V бизнес-форумуна” катышты.

Бизнес Ассоциация JIA төрагасы Умбриэль Темиралиев Астана шаарында өткөн “Азияда өз ара иш кыймылы жана жана ишеним чаралары кеңешинин” V бизнес форумуна катышты. Анда JIA төрагасы сөз сүйлөп, Бизнес Ассоциации JIA ишмердүүлүгү тууралуу презентациялады. Эки күндүк форумдун алкагында расмий ачылыш аземи, “CICA мүчө-өлкөлөрүнүн чакан бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аларды жайылтуу перспективасы боюнча жетишкендиктерине” багытталган […]

Толугу менен окуу
November 10, 2016

JIA мүчөлөрү 2-ирет Кара-Булак эко-резортун зыярат кылышты.

10-Ноябрда Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрү Кара-Булак эко-резортун зыярат кылышты. Бул иш-чара 2-жолу уюштурулуп, бардык катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Анда, Шоро компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири ишкер Жумадил Эгембердиевдин жаңы технологиялардын колдонуусу менен жасалган заманбап “ыштык мончосу” менен таанышып, Жумадил мырза менен пикир алмашып келишти. Көчмөндөргө таандык ыштык мончосу шаардын сыртында жана тоолуу аймакта жайгашканына карабастан, бардык стандарттарга жооп бергени […]

Толугу менен окуу
November 10, 2016

Кыргызстанга келген чет элдик инвестициянын көлөмү 24%га кыскарды.

Дүйнөлүк банктын соңку Doing Business-2017 рейтингинде 189 ѳлкѳ арасында Кыргызстан 75-орунга ээ болду. Бизнес жүргүзүүгѳ жагымдуу шарттары боюнча ѳлкѳнүн кѳрсѳткүчү ѳткѳн жылга караганда 8 позицияга начарлаган. Негизинен жеке мүлктү каттоо боюнча 2 тепкичке жана курулушка уруксат кагаздарын берүү критерийинде 15 баскычка ылдыйлап кеткен. Бул рейтингте Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан – 35, Өзбекстан – 87, […]

Толугу менен окуу
November 8, 2016

Бишкек инвестициялык форумунун алкагында тегерек стол өттү.

Бүгүн Bishkek Investment Forum 2016 алкагында “Инвестициялоо кыйынчылыктары жана чакан-орто бизнеске инвестиция тартуу жолдору” темасындагы тегерек стол болду. Тегерек столго мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, жергиликтүү жана эл аралык каржы институттары, бизнес коомчулук, серепчилер жана ММК өкүлдөрү катышты. Анда инвестициялоону ишке ашыруу учурунда пайда болчу инвестиция тартуунун негизги инструменттери жана методдору, бизнестин административдик тоскоолдуктары жана […]

Толугу менен окуу
November 4, 2016

JIA мүчөлөрүнө KPI боюнча мастер класс болду.

4-Ноябрда “Калыгул Бай уулу” жыйын залында “KPI эффективдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү” темасына багытталган мастер класс болду. Тренерингди Владимир Ширяев өтүп, JIA мүчөлөрүнө KPI тууралуу маалымат жана тажрыйбасы менен бөлүштү.

Толугу менен окуу
November 2, 2016

JIA төрагасы Индия өлкөсүнүн Тышкы иштер министри менен жолукту.

2-Ноябрда Бизнес Ассоциация JIA төрагасы Умбриэль Темиралиев Индия Элчилиги уюштурган маданий программага катышып, атайын иш сапары менен Бишкекке келген Индия өлкөсүнүн Тышкы иштер министри Е.П. Акбар мырза менен жолугушту.

Толугу менен окуу
October 29, 2016

ЖОЖ студентери киноактер Бектемир Мамаюсупов менен жолугушту.

Бүгүн, Бизнес Ассоциация JIA жыйын залында борбордогу Жогорку окуу жайларынын студенттери менен киноактер Бектемир Мамаюсупов жолугушту. Жаштарга туура багыт берүү максатында уюштурулган жолугушуунун бул жолку темасы “Кытайда билим алуу” жана “Америка Кошмо Штаттарында иштөө мүмкүнчүлүгү” тууралуу болду. Англис тилин билбеген жаш кыргызстандыктын АКШга барып, көптөгөн кыйынчылыкка карабай иштеп, билим алганын жана жакшы ийгиликтерге жетишкендигин чагылдырган “Салам, […]

Толугу менен окуу
October 29, 2016

Жети-Өгүз районунда “Кут билим” окуу-тарбия комплекси ачылды.

29-Октябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында “Кут билим” окуу-тарбия комплекси ачылды. 250 орунга эсептелген мектепти Бизнес Ассоциация JIA уюштуруп, мурдагы кесиптик лицейдин имаратында ачты. Быйыл 60 бала билим алып жатат. Ага 7-классты аяктаган эркек балдар кабыл алынууда. Бизнес Ассоциация JIA демилгеси менен келерки жылы Каракол шаарында кыздарды окута турган мектеп ачылганы жатат.

Толугу менен окуу
October 28, 2016

Баткен Бизнес Ассоциациясы ачылды!

28-Октябрда ишкерлердин башын бириктирген дагы бир бирикме, Баткен Бизнес Ассоциациясы ачылды! Салтанаттуу иш-чарага область жана шаар жетекчилери, Бишкек, Ош, Жалал-Абаддан барган ишкерлер тобу жана жергиликтүү ишкерлер катышышты. Баткен Бизнес Ассоциациясы алдыда ишкерликти өнүктүрүүдө активдүү иш алып барат деген ишеничтебиз жана иштерине ийгилик каалайбыз!

Толугу менен окуу
October 27, 2016

“Корпоративдик маданият” боюнча ишкерлерге тренинг болду.

Бүгүн, 27-Октябрда, Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрү үчүн “Корпоративдик маданият” боюнча тренинг болду. Анда, Кыргызстан рыногунда жаңыдан пайда болуп жаткан “Корпоративдик маданият” түшүнүгү боюнча катышуучуларга маалымат берилип, компаниянын ийгиликке жетүүсү жана туруктуулугу үчүн корпоративдик маданияттын зарылчылыгы айтылды. Тренер Эльмира Кудайбергенова, бул багытта ийгиликтүү иш алып барган дүйнөдөгү ири компаниялардын жана Kyrgyz Concept компаниясынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, […]

Толугу менен окуу
October 27, 2016

Бизнес-центр «VICTORY» предлагает помещение для аренды!

Бизнес-Центр «VICTORY» – это престижный и многофункциональный Бизнес-Центр класса А, с живописным панорамным видом.  13-ти этажный Бизнес-Центр, находится в самом сердце золотого квадрата столицы г. Бишкек. Бизнес-Центр «VICTORY» расположен на одной из главных магистралей города, на улице Ибраимова и парадным входом обращен на мемориал «Вечного огня». Хотим вас порадовать и сообщить замечательную новость что у […]

Толугу менен окуу
October 26, 2016

Страховая компания «АТН ПОЛИС» с начала текущего года выплатила свои клиентам более 8 млн. сомов страховых возмещений.

Страховая компания «АТН ПОЛИС» с начала текущего года выплатила свои клиентам более 8 млн. сомов страховых возмещений. Объем собранных страховых премий с начала года составил 41,3 млн. сом, что по сравнению с аналогичным периодом за прошлый год выше на 96%. За 3-й квартал сумма собранных страховых премий составила 15,8 млн. сом, что по сравнению предыдущим […]

Толугу менен окуу
October 22, 2016

JIA ишкерлери Canton Fair – 2016 көргөзмөсүнө катышып келишти.

Бизнес Ассоциация JIA & China Trade Experts Group компаниясынын 14-21-Октябрь аралыгында Кытайга уюштурулган бизнес-турдун алкагында, ишкерлер Canton Fair – 2016 көргөзмөсүнө катышып келишти. Көргөзмө масштабы жагынан аймактагы эң ирилердин катарын толуктап, катышуучуларга өндүрүш тармагында жаңы өнөктөштөрдү табуу мүмкүнчүлүгүн тартуулады. Эл аралык Canton Fair – 2016 көргөзмөсүнүн 2-этабында тиричилик, өндүрүш, курулуш тармагы жана ошондой эле эмерек жана […]

Толугу менен окуу
October 20, 2016

5S методу – ишкананын өндүрүмүн арттырат.

20-Октябрда, Бизнес Ассоциация JIA жыйын залында “5S – фирмаңыздын куткаруучусу” темасында семинар болду. Семинарды Туркиянын Стамбул Техникалык Университетинин Индустрия Инжинерия бөлүмүн аяктаган Апал Рыскулова өтүп, окууну бүтүргөндөн кийинки стартап, орто жана чоң фирмаларда топтогон тажрыйбалары менен бөлүштү. Апал айым ар түрдүү секторлордон 10го жакын фирма менен иштешип, алардын ичинен медициналык аспаптарды (1500 түр продукт) саткан фирмада 5S методун […]

Толугу менен окуу
October 20, 2016

BIF 2016 (Bishkek Investment Forum) старт алды!

20-октябрь, бейшемби күнү, Кыргызстандагы мыкты инвестициялык мүмкүнчүлүктѳрдүн негизги аянтчасына айланган Bishkek_Investment_Forum (BIF) старт алды. Пресс-конференция Hyatt мейманканасында орун алып, КРнын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев, Бизнес Ассоциация JIA тѳрагасы Умбриэль Темиралиев жана Integra Engineering Group компаниясынын директору Жодар Сайдилканов алдыда боло турган BIF 2016 боюнча маалымат беришти. Бул жылы инвесторлорго рынокто ѳзүн кѳрсѳтѳ алган компанияларды […]

Толугу менен окуу
October 15, 2016

Токмок шаарында жаңы кеңсебиз ачылды!

Үстүбүздөгү жылдын 15-Октябрында, Бизнес Ассоциация JIA Токмок шаарында жаңы кеңсесин ачты. Ага Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров, Токмок шаарынын мэри Жылгалбек Шамырдиев жана жеке ишкерлер катышышты. Бизнес Ассоциация Токмок JIA жергиликтүү ишкерлердин башын бириктирип, ишкердүүлүктү өнүктүрүү багытында кызмат көрсөтүү менен илгертен “Токмок – өндүрүш шаары” деген наамды кайтарууну максат койду. Ал эми ачылыш аземде […]

Толугу менен окуу
October 15, 2016

Курулуш тармагына SMARTФасад компаниясы кошулду.

15-Октябрь, 2016-жылы, Бизнес Ассоциация JIA мүчөсү Данияр Джайлокеев өнөктөшү менен биргеликте ачкан SMARTФасад компаниясынын ачылыш аземи болду. SMARTФасад компаниясы ALCOTEK жана NORDFOX компанияларынын Кыргызстандагы расмий өнөктөшү. Иш-чарага JIA мүчөлөрү, курулуш тармагында иш алып барган ишкерлер, Орусиялык ALCOTEK жана NORDFOX компанияларынын расмий өкүлдөрү катышышты. Келген коноктор SMARTФасад компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, куттук сөздөрүн айтышты. SMARTФасад компаниясынын ачылышы менен жалпы жамаатын куттуктайбыз […]

Толугу менен окуу
October 14, 2016

Студенттер үчүн багыт аныктоо боюнча семинар уюштурлду.

14-Октябрь, жума күнү, Бизнес Ассоциация JIA жыйын залында студенттер үчүн семинар өткөрүлдү. Семинардын темасы адамдын турмуштагы ордун аныктоо, максатты туура кое билүү жана ага жетүү туурасында болду. Лектор Болот Эсенов, жашоодо бактылуу болуу үчүн эмнелер жасалышы, эмнелерге маани берүү керектиги жана да көздөгөн максатына карай аракеттеринин ага таасири туурасында ой бөлүшүп, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди. […]

Толугу менен окуу
October 13, 2016

“Ишкерлер үчүн реклама жана бренд” семинары өттү.

Бүгүн, 13-Октябрда Бизнес Ассоциация JIA жыйындар залында “Ишкерлер үчүн жарнама жана бренд” аталышындагы семинар болуп өттү. Семинарды Төлөбек Нурдинов өтүп, өзүнүн Кыргызстанда биринчи жолу жазылып жаткан “Гений жана тентек: адам, өлкө, продукт кантип бренд болот?” деген китебинин негизинде ачыктап берди. Буга чейин Туркиядагы ири компанияларга жарнама жасап эмгектенип келген Төлөбек Нурдинов, Кыргызстанга келгенден берки 5 жыл […]

Толугу менен окуу
October 9, 2016

JIA мүчөлөрү арасында футбол боюнча достук мелдеши өттү.

Өткөн апта соңу, 9-Октябрда Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрү арасында “Спорт – ден-соолуктун булагы” ураанынын астында футбол боюнча достук мелдеши өттү. Буга чейинки иш-чаралардан айырмаланып, бул жолкусунда ишкерлер үй-бүлөсү менен келишип, эс алуу күндөрүн үй-бүлөлүк деңгээлде өткөрүүгө жакшы шарт түзүлдү. Жалпысынан таймашка ишкерлерден түзүлгөн 6 команда катышып, оюндар кызыктуу, жогорку деңгээлде өттү. Командалар алгач өз ара […]

Толугу менен окуу
October 7, 2016

JIA өкүлдөрү Индиядан келген инвесторлор менен жолукту.

2016-жылдын 7-октябрында ЖИА ишкерлери Индиядан келген Wockhartd Group жана Lark Logistics компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу учурунда инвестиция тартуу жана кызматташуу тууралуу сөз болуп, Индиядан келген ишкерлер Кыргызстанда заманбап медициналык комплекс жана 4*отель куруу боюнча кызыктар экендигин билдиришти. Ошондой эле, туризм жана айыл-чарба тармагында кызматташуу боюнча маселелер талкууланып, маалымат алмашылды.

Толугу менен окуу
October 5, 2016

Электр энергиясын бөлүштүрүүдө ачык айкындыкка жетүү үчүн интерактивдүү карта иштеп чыгуу зарыл.

Кечээ, 4-октябрда энергоресурстардын кубаттуулугунун интерактивдүү картасын иштеп чыгуу боюнча бизнес өкүлдөрү менен энергетика тармагынын жетекчилеринин жолугушуусу болду. Жолугушуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин демилгеси менен уюштурулуп, Мамлекеттик энергетика Комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев электр энергиясын бөлүштүрүүдө ачык айкындыкка жетүү үчүн интерактивдүү карта керек экендигин белгилеп, бизнестин бул демилгесин колдой тургандыгын билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында, интерактивдүү картаны […]

Толугу менен окуу
October 4, 2016

JIA ишкерлери АКШнын Кыргызстандагы консулу менен жолугушту.

4-Октябрь күнү саат 15:00дө, Green City мейманканасынын конференц-залында Бизнес Ассоциация JIA ишкерлерге АКШнын Кыргыз Республикасындагы консулу Эрика_Хоскинг менен жолугушуу уюштурду. Жолугушууга ишкерлер жана Америка элчилигинин өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун темасы “Америка Кошмо Штаттарына инвестициялык_виза“ деп аталып, АКШ консулу инвестициялык виза жана башка ишкерлерге керек боло турган визалардын түрлөрү тууралуу маалымдап, өз тажрыбайсы менен бөлүштү. Ошондой эле ишкерлер […]

Толугу менен окуу
October 3, 2016

JIA ишкерлери “Шоро” брендинин негиздөөчүлөрүнүн бири Жумадил Эгембердиев менен жолугушту.

Өткөн апта соңунда Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрү Кара-Булак эко-резортуна зыярат кылышты. Бул “Биз өнөктөшпүз” долбоорунун алкагында ишке ашып, “Шоро” брендинин негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү Табылды Эгембердиевдин идеяларын өнүктүрүү аракетинде жүргөн бир тууган иниси, ишкер Жумадил Эгембердиев менен жолугушуу болду. Шаардан 25 чакырым алыстап, деңиз деңгээлинен 1800 м. бийиктикте, экологиялык таза аймакта жайгашкан заманбап “ыштык мончосу” менен таанышып кайттык. […]

Толугу менен окуу
October 1, 2016

Инвестиция & каржылык башкаруу боюнча семинар өттү.

Октябрдын 1-күнүндө “Компания ээлери үчүн инвестиция жана каржылык башкаруунун мааниси” аталыштагы темада ишкерлер үчүн семинар болуп өттү. Семинар Green City мейманканасында орун алып, Бизнес Ассоциация JIA төрагасы Умбриэль Темиралиев инвестиция жана каржылык башкаруу тармагындагы 15 жылдык тажрыйбасы менен бөлүштү. Семинар 3 негизги – компаниянын ишмердүүлүгүн баалоо, инвестиция тартуу жана компанияга салым кошууда акчаны туура колдонуу […]

Толугу менен окуу
September 30, 2016

Электр кубаттуулугун бөлүштүрүүнү айкындаштыруу боюнча тегерек стол уюштурулду.

30-Сентябрь күнү Бизнес Ассоциация JIA, Экономика министрлиги жана БизЭксперт аналитикалык борбору менен биргеликте «Интерактивдүү карта электр кубаттуулугун бөлүштүрүүдөгү ачык-айкындыктын инструменти» деген аталышта тегерек стол уюштурду. Бул ишкерлер үчүн чоң тоскоолдуктарды жаратып жаткан энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталып, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Экономика министрлигинин, энергетика тармагынын жетекчилери, ишкерлер, эксперттер жана башка тиешелүү органдар катышты. Өндүрүш жана курулуш […]

Толугу менен окуу
September 29, 2016

JIA чакан жана орто ишкерликти колдоо боюнча Эл аралык каржы корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту.

29-Сентябрь, бейшемби күнү Бизнес Ассоциация JIA төрагасы Умбриэль Темиралиев, JIA Agro комитетинин төрагасы Urmat Akmatov жана JIA аткаруучу директорунун орун басары Фархад Пакыров Эл аралык каржы корпорациясынын инвестиция боюнча кызматкери Jamal A. Isa, Европа, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка аймактары боюнча кеңсесинин жетекчиси Barış Gen жана Эл аралык каржы корпорациясынын Кыргызстандагы борборунун жетекчиси Martin Negele […]

Толугу менен окуу
September 27, 2016

Кыргызстан-Финляндия кызматташтыгын жандандыруу аракети көрүлүүдө.

27-Сентябрда JIA Аткаруу дирекциясы жана Экспорт комитетинин төрагасы Шумкарбек Муктаров Кыргызстандын Финляндиядагы ардактуу консулу Petri Numminen жана БУУ Өнүктүрүү Программасынын “Соодага көмөктөшүү” долбоорунун координатору Urmat Takirov менен жолугушту. Анда, Кыргызстандан өндүрүлгөн продукцияларды Финляндияга экспорттоо, эки тараптуу кызматташтыкты жандандыруу сыяктуу маселелер каралды. Ал эми консул Petri Numminen мырза өз сөзүндө, учурда Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, Финляндия рыногуна алып […]

Толугу менен окуу
September 26, 2016

JIA кызматкерлери үчүн квалификация жогорулатуу максатында 2 күндүк тренинг уюштурулду.

Үстүбүздөгү жылдын 23-25-Сентябрында, Бизнес Ассоциация ЖИА кызматкерлери үчүн квалификация жогорулатуу жана башкаруу системасын жакшыртууга багытталган 2 күндүк тренинг болуп өттү. Анда, “Максатты туура коюу & ага жетүү”, Стратегиялык пландоо, CRM, пландуу башкаруу сыяктуу темалар каралып, кызматкерлер пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Буюрса, алынган билимди жакынкы убакыттарда жүзөгө ашырууга аракеттер көрүлүүдө. Бул иш-чара Ассоциациянын аймактагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери […]

Толугу менен окуу
September 22, 2016

JIA мүчөлөрү үчүн кардарларды тейлөөгө багытталган тренинг болуп өттү.

Бүгүн, 22-Сентябрда Бизнес Ассоциация JIA мүчөлөрү үчүн Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана сатуу сырларын (“Деловые переговоры или Секреты продаж”) ачыктаган тренинг болуп өттү. Тренер Ирина Басовская тренингдин катышуучуларына кардарлар менен иштөө боюнча тажрыйбасын бөлүшүп, кардарларга эффективдүү кызмат көрсөтүү ыкмалары боюнча маалымат берди.

Толугу менен окуу
September 21, 2016

Араб Эмираттары Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар.

21-Сентябрь, Шаршемби күнү Бизнес Ассоциация ЖИА ишкерлери Бириккен Араб Эмираттарынын «AJ MIDDEL EAST MANAGEMENT» инвестициялык компаниясынын Башкы менеджери Ахмед Джават Вехби менен жолугушту. Жолугушууда Ахмед Джават Вехби мырза Кыргыз Республикасынын ар кайсы экономикалык тармактарына инвестициялык долбоорлорду тартууга кызыгуусун билдирип, перспективдүү ири бизнес-долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана Кыргызстан менен Араб Эмираттарынын соода-экономикалык, инвестициялык мамилелерин жандандыруу туурасында сүйлөшүүлөр […]

Толугу менен окуу
September 20, 2016

Кыргыз-украин эки тараптуу жолугушуусу болду.

20-Cентябрда Golden Tulip отелинин конференц-залында Бизнес Ассоциация ЖИА Украинанын Кыргызстандагы Элчилиги менен биргеликте эки тараптуу жолугушуу уюштурду. Анда Украинанын Соода-ѳнѳр жай Палатасынын вице-президенти – Король Валерий Владимирович, ООО «Крук» компаниясынын директорунун орун басары Багатыренко Ярина Петровна менен Бизнес Ассоциация ЖИА ишкерлери жолугушту. Кыргызстан жана Украина өлкөлөрү ортосундагы экономикалык мамилелерди күчөтүү, ишкерлерге жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу максаты […]

Толугу менен окуу
September 20, 2016

JIA ишкерлери Өкмөттүн ыраазычылык баракчалары менен сыйланды.

Бүгүн Өкмөтүбүз жана Экономика Министрлиги “20-Сентябрь – ишкерлер_күнүнө_карата ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, экономикага кошкон салымы үчүн ыраазычылык баракчаларды тапшырды. Өлкөнүн өнүгүүсүндө жеке сектордун өзгөчө ордун белгилеген Министрлик ишкерлердин экономиканын алдыга жылуусуна кошкон эмгегин баалап, Бизнес Ассоциация ЖИА мүчөлөрүнөн да бир катар ишкерлерди атайын ыраазычылык баракчалары менен сыйлады. Ал эми Бизнес Ассоциация ЖИА төрагасы У.Темиралиев күжүрмөн эмгеги […]

Толугу менен окуу
September 19, 2016

Ишкерлер күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу ишкерлер, Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз! Биз сиздердин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздарды жогору баалайбыз жана сыймыктанабыз! Баарыңыздарга чың ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө тынчтык каалайбыз жана ар дайым ишиңиздерде ийгилик болуусуна тилектешпиз!

Толугу менен окуу
September 16, 2016

ЖИА мүчөлөрү үчүн “камсыздандыруу” боюнча семинар болду.

16-Сентябрь, жума күнү Бизнес Ассоциация ЖИА жыйын-залында мүчөбүз “Атн Полис” Камсыздандыруу компаниясынын «Кыргызстандагы ишкердик жана камсыздандыруу» темасына арналган семинары болуп өттү. Семинар чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө багытталып, Атн Полис Камсыздандыруу Компаниясынын башкы директорунун орун басары Эрнис Абдыкеев ишкердик тармагына камсыздандыруунун тиешелүүлүгү, пайдалары тууралуу маалымат менен бөлүштү..

Толугу менен окуу
September 15, 2016

Ишкерлер Социалдык Фондунун төрагасынын орун басары менен жолугушту.

Ишканалардын ишмердүүлүгү тууралуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр, белгилүү убакыт сайын көрсөтүп турчу отчеттор ишкерлик тармагындагы маанилүү көйгөйлөрдүн бири эмеспи. Дал ушул маселеге багытталган Бизнес Ассоциация ЖИА ишкерлеринин жолугушуусу, 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун төрагасынын орун басары Жуматаева Гульнура айым менен болуп өттү. Көйгөйлөрдү угузуу жана маалымат алмашуу максатында уюштурулган жолугушуу “Green City” мейманканасында өтүп, […]

Толугу менен окуу
September 12, 2016

Ыйык Курман Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды боорукерликтин, берешендиктин, кайрымдуулуктун символу болгон Ыйык Курман Айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Жараткан берген ар бир күнүңүз жагымдуу көз ирмемдер менен коштолуп, ар дайым ишиңизде ийгилик, үй-бүлөңүздө биримдик болсун! Журтубуздагы тынчылык, бакубат жашоо түбөлүктүү болуп; өлкөбүздө боорукер, элге күйүмдүү инсандар көп болсун!

Толугу менен окуу
September 10, 2016

Элсист компаниясынын жаңы өндүрүш ишканасынын ачылыш аземи болду.

Бүгүн, 9-Сентябрь, Бизнес Ассоциация ЖИА мүчөсү Элсист компаниясынын электр-щиттерин жана металдан жасалган шкафтарды өндүргөн жаңы ишканасынын ачылыш аземи болду. Салтанаттуу иш-чарага ЖИА ишкерлери менен катар Кыргызстан Соода – Өнөр-жай Палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, Эл аралык ишкерлер Кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков мырзалар катышып, өлкөдөгү экономикалык таңсыктыкка карабай ачылып жаткан өндүрүш ишканасынын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалашты. […]

Толугу менен окуу
August 31, 2016

Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен куттуктайбыз!!!

Эгемендүүлүк – эркиндиктин, биримдиктин башаты. 25 жыл мурда көз карандысыздыкка карата ташталган кадам – Ала-Тоолуктардын эң чоң жетишкендиги. Урматтуу мекендештер, эркин ой-пикир, көз карандысыз тандоо укугун тартуулаган Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун! Ылайым, ар дайым асманыбыз ачык, маңдайыбыз жарык болуп, журтубузда тынчтык, өнүгүү өкүм сүрө берсин!

Толугу менен окуу
August 25, 2016

Kaizen жапон башкаруу ыкмасы боюнча семинар болду.

25-августта Бизнес Ассоциация ЖИАнын Academy of Kyrgyz Concept менен биргеликте уюштурган Жапон менеджменти – Kaizen тууралуу семинар болуп өттү. Компаниянын жумуш процессин жогорулатуу аркылуу чыгымдарды кыскартуу жана иштөө системасын жакшыртууга багытталган Kaizen башкаруу ыкмасы – күн сайын өзүн-өзү өркүндөтүүнүн философиясы, биринчи жолу Toyota компаниясында иштелип чыккан жана жүзөгө ашырылган. Семинарды Жапон өлкөсүндө билим алып, тажрыйба […]

Толугу менен окуу
August 12, 2016

ЖИА Курулуш Комитетинин мүчөлөрү Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрагасы менен жолугушту.

12-август күнү ЖИА Курулуш Комитетинин мүчөлөрү Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрагасы Шамкеев Бактыбек мырза менен жолугушту. Бактыбек мырза Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруу боюнча маалымат берип, курулушчулардын суроолоруна жооп берди. Жана ошондой эле, Мамлекеттик ипотекалык компания менен курулушчулардын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Толугу менен окуу
July 28, 2016

ЖИА мүчөлөрүнө жумуш этикасы (деловой этикет) боюнча теренинг болуп өттү.

29-июль, бейшемби күнү ЖИА мүчөлөрүнө жумуш этикасы (деловой этикет) боюнча атайын теренинг болуп өттү. Тренингди Kyrgyz Concept компаниясынын кызматкерлерин окутуп-үйрөтүү боюнча жана кардарлар менен иштөөдө көп жылдык тажрыйбасы бар‪ Эльмира Кудайбергенова өттү. 2 сааттык тренингдин жүрүшүндө, кардарлар менен иштөөдө кызматкердин кийген кийиминен баштап, жүрүм-туруму, телефон аркылуу жана бетме-бет сүйлөшүү тартиби өтө маанилүү экендигин баса белгилеп, компаниянын илгерилөөсүндө […]

Толугу менен окуу
July 27, 2016

ЖИА ишкерлери индиялык Continental Construction Limited компаниясынын жетекчиси менен жолугушту.

Бүгүн, шаршемби күнү Бизнес Ассоциация ЖИА жыйын залында Индиянын Continental Construction Limited компаниясынын жетекчиси док. Чандер Верма менен курулуш тармагында иш алып барган ишкерлерибиздин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Кыргызстан жана Индия өлкөлөрүнүн ортосундагы курулуш тармагына байланыштуу маселелер каралып, эки өлкөнүн бул жаатта кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Кыргызстан менен курулуш тармагында иш алып барууга кызыктар экендигин билдирген […]

Толугу менен окуу
July 27, 2016

ЖИА ишкерлери Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен жолугушту.

Бүгүн, 27-июлда Бизнес Ассоциация ЖИА ишкерлери “ЖИА бизнес завтрак” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Иш-чара Хаятт отелинин Кростини ресторанында орун алып, жолугушууга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын Соода – Өнөр-жай палатасы, Эл аралык ишкерлер кеңеши, Күнөсканалар ассоциациясы, Жеткирип берүчүүчүлөр (Өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясы, Улуттук бизнес ассоциациялар альянсынын жана Кичи […]

Толугу менен окуу
July 26, 2016

ЖИА Агро комитети Индия менен айыл-чарба тармагында кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

26-июлда Индия Республикасынын Элчилигинде шериктеш өлкөнүн элчисинин катышуусу менен Индиянын Багбанчылык боюнча улуттук кеңешинин өкүлдөрү менен ЖИА Агро комитетинин жолугушуусу болду. Индия өлкөсүнүн Айыл-чарба министрлигине караштуу Багбанчылык боюнча улуттук кеңешинин башкаруучу директору д-р Ананд Кумар Сингх баштаган топ Кыргызстан менен кызматташуу тууралуу сунушун айтып, бул тармактын келечектүү экендигин жана ошондой эле, эки өлкө ортосундагы мамилени […]

Толугу менен окуу
July 25, 2016

Тосор айылында уюштурулган “Сары кыздын тою” ийгиликтүү өттү.

Апта соңу, 23-июлда Тосор коому, Бизнес Ассоциация ЖИА, FSDS, “Кыргыз Бетон” жана “Шагыл Таш” компаниялары тарабынан уюштурулган “Сары кыздын тою” аттуу өрүк фестивалы болуп өттү. Өрүк фестиваль Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында болуп, келген конокторго өрүктүн түрдүү сорттору, андан жасалган кыям жана башка азыктар көрсөтүлдү. Мындан сырткары, өрүк өстүрүү, айыл-чарба тармагында атайын күнөскана жана тамчылатып сугаруу, […]

Толугу менен окуу
July 25, 2016

ЖИА ишкерлери “Ыссык-Көл – 2016” III Эл аралык экономикалык форумуна катышышты.

22-июлда Ыссык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында III “Ыссык-Көл – 2016” Эл аралык экономикалык форуму болду. Ага Кытай, Түркия, Түштүк Корея, Россия, Индия өлкөлөрүнөн делегаттар келишип, энергетика, айыл-чарба жана туризм жаатында сүйлөшүүлөр болду. Форумга ЖИАнын ишкерлери да катышып, Бизнес Ассоциация ЖИА төрагасы Умбриель Темиралиев «Энергияны калыбына келтирүү булактары» боюнча модератор милдетин алып барды.

Толугу менен окуу
July 23, 2016

Бизнес Ассоциация ЖИА төрагасы Умбриель Темиралиев: “Форум катышуучуларынын максаттары дал келбей калды”.

Кечээ, 22-июлда Ыссык-Көлдө өткөн III Эл аралык экономикалык форумдун негизги максаттары, Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Бизнес Ассоциация ЖИА төрагасы Умбриель Темиралиевтин Марал радиосуна берген маеги. Маалымат иретинде айтсак, форумга Кытай, Түркия, Түштүк Корея, Россия, Индиядан делегаттар келишип, негизинен энергетика, айыл чарбасы жана туризм жаатында сүйлөшүүлөр болду. — Алгач бул форумдун максаттарына токтолсоңуз. —  Быйыл 3-жолу эл аралык инвестициялык […]

Толугу менен окуу
July 22, 2016

ЖИА ишкерлери Кореяда өтүп жаткан халал продукциялардын көргөзмөсүнө катышууда.

ЖИА ишкерлери 21-22-июлда Түштүк Корея Республикасында өтүп жаткан 2016 Halal Korea Matching Fair көргөзмөсүнө катышууда. 300дөн ашуун кореялык компаниялардын продукциялары коюлган бул эл аралык маанидеги иш-чара, дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн келген халал өндүрүшчүлөрү менен кызматташууга багытталган. Көргөзмөнүн алкагында уюштурулган эки тараптуу жолугушуулар ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деген ишеничтебиз. Андан сырткары, иш сапар менен барган ишкерлер тобун […]

Толугу менен окуу
July 20, 2016

ЖИА ишкерлери Индиянын Future Consumer Enterprise Limited Group уюмунун Эл аралык тамак-аш бөлүмүнүн жетекчиси менен жолугушту.

Бүгүн, 20-июлда Бизнес Ассоциация ЖИА жыйын залында Индиянын Future Consumer Enterprise Limited Group уюмунун Эл аралык тамак-аш (International Food) бөлүмүнүн жетекчиси Sumit Saran менен Бизнес Ассоциация ЖИАнын тамак-аш жана айыл-чарба тармагында иш алып барган ишкерлеринин ортосунда жолугушуу болуп өттү. Алгач ЖИА аткаруучу директорунун орун басары Фархад Пакыров Ассоциациянын ишмердүүлүгү боюнча тааныштырып, өлкө кызыкчылыгына багытталган долбоорлор […]

Толугу менен окуу
July 20, 2016

Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясынын мүчөлөрү Кытай Эл Республикасында иш сапар менен болушту.

2016-жылдын 12-19-июль күндөрү Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясынын мүчөлөрү Кытай Эл Республикасында иш сапар менен болушту. Иш сапардын алкагында ишкерлерибиз Урумчи, Гуанчжоу, Сианйонг сыяктуу ири шаарларда болуп, бир нече тегерек стол, тренинг-семинарларга катышып келишти. Баса белгилей кетсек, ишкерлер сапар учурунда Гуандунь конструкция жана курулуш декоративдик материалдар Ассоциациясынын кеңсесинде конокто болуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө […]

Толугу менен окуу
July 12, 2016

Страховая компания «АТН Полис» уведомляет своих партнеров об увеличении уставного капитала до 100 000 000 сомов.

Данное действие было проведено во исполнение Постановления Правительства Кыргызской Республики №292 от 1 июня 2016 года «Об утверждении минимальных размеров уставного капитала для страховых (перестраховочных) организаций и страховых (перестраховочных) брокеров» и укрепления финансового состояния компании для эффективного исполнения взятых на себя обязательств. Страховая компания «АТН Полис» увеличив свой уставный капитал, подтверждает свое уверенное развитие на рынке […]

Толугу менен окуу
July 7, 2016

Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясы Кытайдан келген жумушчу топ менен жолукту.

2016-жылдын 5-июль күнү Ош шаарына Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын губернаторунун орун басары Сюй Жуйшэн жетектеген топ иш сапары менен келди. Расмий делегациянын тобун Ош облустук администрациясынын өкүлдөрү жана Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясы тосуп алышты. Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясы облустук администрациясы менен биргеликте Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлордун катышуусунда Кыргыз-Кытай инвестициялык бизнес форумун уюштурду. Форумдун […]

Толугу менен окуу
July 7, 2016

“Сары кыздын тою” деп аталган салттуу өрүк фестивалы быйыл Тосор айылында өтөт.

“Сары кыздын тою” деп аталган салттуу өрүк фестивалы 22-23-июлда Жети-Өгүз районунун Тосор айлында өтөт. Иш-чарага облустун бардык аймактарынан өрүк өстүргөн багбандар келип катышат. Фестивалда конокторго өрүктүн түрдүү сорттору, андан жасалган кыям жана башка азыктар көрсөтүлөт. Мындан тышкары өрүк өстүрүү, өрүк менен ишкерлик кылуу сыяктуу бир катар сабак-семинарлар болот. Фестиваль уюштуруучуларынын белгилешинче, өрүк фестивалы ич ара […]

Толугу менен окуу
July 5, 2016

Ыйык Орозо айтыңыздар маарек болсун!

Урматтуу мекендештер! Жалпыңыздардын ‪Ыйык Орозо айтыңыздар маарек, кармаган орозоңуздар кабыл болсун! Жараткан жергебизге береке, элибизге ыйман берип; арзуу кылган максат-тилектериңизди орундатсын! Ыйык Рамазан айында аруу ниеттер менен баштаган ишиңизди ийгиликтер коштоп, үйүңүзгө кут-ырыскы, өлкөбүзгө туруктуулук, өнүгүү орносун!

Толугу менен окуу
July 4, 2016

ЖИА Эл аралык Эмгек Уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Бүгүн 4-июлда Бизнес Ассоциация ЖИА жыйын залында Эл аралык Эмгек Уюмунун (International Labor Organization) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кыргызстандагы ILO уюмунун улуттук координатору Болот Ороков, уюм алкагындагы “20 топту кесиптик окутуу стратегиясы” (“Стратегия профессиональной подготовки группы 20”) долбоордун улуттук координатору Мээрим Баялиева жана “Борбордук Азиядагы жаш балдар эмгегин жоюу” долбоорунун улуттук координатору Амина […]

Толугу менен окуу
June 30, 2016

ЖИА ишкерлери КРнын Экономика министринин орун басары Э. Абакиров менен жолугушту.

Бүгүн 30-июнь, бейшемби күнү Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров Бизнес Ассоциация ЖИА мүчөлөрү менен жолукту. Бул жолугушууда Эльдар мырза ишкерлерге экспорт жана импорт боюнча бир катар малыматтар менен бөлүшүп, Кыргызстандын тышкы соодасы (ЕАЭК жана ВСП+) боюнча кеңири тааныштырып өттү. Анын негизинде экспортко чыгарууда сертификат алуу, логистикалык борборлорду куруу жана башка көйгөйлөр көтөрүлүп, […]

Толугу менен окуу
June 15, 2016

Бизнес Ассоциация ЖИА Башкаруу Кеңеши тарабынан салтка айланган ооз ачыруу сый тамагы өттү.

Берекелүү Рамазан айын утурлай, 15-июнь, шаршемби күнү Бизнес Ассоциация ЖИА Башкаруу Кеңеши тарабынан салтка айланган ооз ачыруу сый тамагы өттү. Иш-чара Алтын Казына ресторанында орун алып, өлкөбүздүн ар кайсы тармагында иш алып барган мамлекеттик кызматкерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана албетте, мүчөлөрүбүз төрүбүздүн көркүн ачып, сыйлуу коногубуз болуп кетишти. Ооз ачыруу мааракесине демөөрчүлүк […]

Толугу менен окуу
June 7, 2016

ЖИА кеңсесинде Текстиль комитетинин жыйыны өттү.

2016-жылдын 7-июнунда ЖИА кеңсесинде Текстиль комитетинин жыйыны өттү. Жыйында Комитет төрагасы Амир Закиров, ишкерлерге комитеттин максаты, стратегиясы, иш алып баруу жолдору, ишкерлерибиз бири-бири менен тыгыз байланышуусу жана эл-аралык көргөзмөлөргө катышуу боюнча презентация жасады. Иш-чара эң жакшы деңгээлде өтүп, ишкерлерибиз өнүгүү, кызматташуу жана семинар-тренингтерге катышуу туурасында өздөрүнүн сунуштары менен бөлүштү.  

Толугу менен окуу
June 4, 2016

IT комитетинин кезектеги отуруму.

4-июнь, ишемби күнү ЖИА IT Комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Комитет мүчөлөрү буга чейинки аткарылган иш-чаралар менен таанышып, мындан кийинки пландар боюнча пикир алмашышты. Күн тартибинде каралгандай, IT комитетинин мындан аркы ишмердүүлүгүнүн басымдуу бөлүгү билим берүү жаатында болмокчу.  

Толугу менен окуу
June 3, 2016

“TÜYAP-2016” текстиль көрмөзмөсүнө ЖИА Текстиль комитетинен ишкерлерибиз катышууда.

2016-жылдын 1-4-июнда Туркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан “TÜYAP-2016” (“ТЮЯП-2016”) текстиль көрмөзмөсүнө ЖИА Текстиль комитетинен ишкерлерибиз катышууда. Көргөзмөдө кездеме тигүү, боео, кесүүчү шаймандар, лабороториялык шаймандар ж.б. боюнча өтүүдө. Иш сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар жана фабрикаларга экскурсиялар уюштурулуп жатат.

Толугу менен окуу
June 2, 2016

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттаттары, Экономика Министри, өлкөдөгү элчиликтердин жана бизнес коомчулугунун катышуусунда жолугушуу болду.

2016-жылдын 2-июнь күнү Хаятт отелинин Кростини ресторанында Бизнес ассоциация ЖИА КРнын экономика министрлиги менен биргеликте “Перспектива” долбоорунун алкагында Кыргызстанда иш алып барып жаткан элчиликтердин экономикалык байланыш боюнча жоопкерчиликтүү өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурду. Жолугушуунун негизги максаты – мамлекеттик мекемелер, элчиликтер жана бизнес коомчулуктун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу, экономикалык багыттагы актуалдуу маселелерди талкуулоо жана маалымат бөлүшүү болду. […]

Толугу менен окуу
May 31, 2016

“Босогосун кѳрүп, тѳрүнѳ ѳт” – аталыштагы тегерек үстөл болуп өттү.

2016-жылдын 31-майында Бизнес ассоциация ЖИАнын Туризм боюнча профилдүү комитети жана CapitalKG медиа компаниясы “Босогосун кѳрүп, тѳрүнѳ ѳт: чет элдик коноктордун Эл аралык “Манас” аэропортунан алган алгачкы таасири” – аталыштагы тегерек үстөл уюштурду. Иш-чаранын негизги максаты – Эл аралык “Манас” аэропортундагы чет жерден келген конокторго, туристтерге сунулган кызматтардын деңгээли, андагы көйгөйлөр жана аны чечүү жолдорун талкуулоо болду. […]

Толугу менен окуу
May 30, 2016

ЖИА Курулуш комитетинин ЕККУ өкүлчүлүгү менен жолугушуусу.

30-май күнү ЖИА кеңсесинде ЕККУ (ОБСЕ) САР долбоору тарабынан “Курулушка уруксат берүү жана техникалык шарттарды алууну жеңилдетүү боюнча” презентация болду.

Толугу менен окуу
May 27, 2016

Кардарларды тейлөө боюнча тренинг болуп өттү.

2016-жыл, 27-май күнү ЖИА жыйын залында “WOW-сервис аркылуу кардарлардын көңүлүн алуу” аталышындагы тренинг болуп өттү. Тренер – Kyrgyz Concept компаниясынын (Кадр маселеси боюнча) HR менеджери Элмира Кудайбергенова, өзүнүн эмгек жолундагы жеке тажрыйбасынын негизинде кардарга эң мыкты деңгээлде кантип кызмат сунуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Ар бир компания үчүн кардар өтө маанилүү. Анткени компаниянын ийгилиги кардарга байланыштуу. […]

Толугу менен окуу
May 21, 2016

“Hakko” дүкөнүнүн ачылыш аземи.

21-май, ишемби күнү ЖИА мүчөсү Жума Абдулла мырзанын “Hakko” дүкөнүнүн ачылыш аземи болду. Иш-чарага ЖИА ишкерлери жана дүкөндүн кардарлары, шаар тургундары катышты.. “Hakko” – бул Туркия жана Россиядан түз алынып келинген сапаттуу жана арзан баадагы үй эшиктери дүкөнү. Кардарлар каалаган эшиктердин үлгүсүн каалаган дизайнда буюртма берүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. “Hakko” – эшигин көрүп, төрүнө өт!

Толугу менен окуу
May 21, 2016

ЖИА ишкерлери KICB банкынын өкүлдөрү менен жолугушту.

2016-жылдын 21-май күнү ЖИА мүчөлөрүнүн KICB банкынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Green City отелинин конференц-залында орун алып, “KICB банкынын корпоративдик кредиттери жана кызматтары” деген темага арналды. Банк өкүлдөрү менен жолугушуунун негизги максаты – банктын корпоративдик кредиттери жана кызматтары тууралуу толук маалымат алуу, ишкерлердин банк менен кызматташууда болуп жаткан тоскоолдуктары тууралуу маектешүү. Иш-чара “Бизнес завтрак” форматынада […]

Толугу менен окуу
May 14, 2016

ЖИА Бизнес Ассоциациясынын мүчөлөрү арасында ‪”ЖИА-2016″ достук футбол мелдеши өттү.

“Спорт – бул ден-соолуктун булагы. Спорт – бул ийгиликтин, ынтымактын урааны”- демекчи, 14-май ишемби күнү ЖИА Бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү арасында ‪“ЖИА-2016” достук футбол мелдешин өткөрдү. Жалпы 70тен ашык ишкер катышып, 6 команда ат салышты. Алар: Достук, KG Team, Ала-Тоо, Манас, Алга жана Ынтымак KG командалары. Финалдык беттеште Достук жана KG Team командалары ойношуп, жыйынтыгында 4-1 эсеби […]

Толугу менен окуу
May 14, 2016

“Старт” коомдук фондунун директору Мээрим Маткулова студенттерге кесип тууралуу семинар өтүп берди.

14-май күнү ЖИА Бизнес ассоциациясынын жыйындар залында “Старт” коомдук фондунун директору Мээрим Маткулованын КТМУ, Чыгыш университети жана “Ыйык – Ата Журт” коомдук жаштар фондунун студенттерине кесип тууралуу семинары болуп өттү. Студенттер менен жолугушууда М. Маткулова жалпы эле кесип тандоо, жумушка тапшырууда маанилүү деп эсептелген резюмени туура жазуу, интервьюга кантип даярдануу керек жана да карьера куруу […]

Толугу менен окуу
May 14, 2016

«VII Эл аралык ишкердүүлүк» конгрессине келген чет өлкөлүк коноктор менен “Бизнес эртем” (“Бизнес-завтрак”) болуп өттү.

2016-жылдын 14-май күнү Хаятт Ридженси мейманканасынын Кростини ресторанында “ЖИА Бизнес завтрак” долбоору алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөн «VII Эл аралык ишкердүүлүк» конгрессине келген чет өлкөлүк катышуучулар менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга АКШ, Туркия, Италия жана Оруссиядан келген ректор, профессор жана ишкерлер катышып, билим жаатында диалогдорду көбөйтүү, өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр […]

Толугу менен окуу
May 13, 2016

ЖИА Текстиль комитетинин жаңы төрагасы шайланды.

2016-жылдын 13-майында ЖИА Текстиль комитетинин жыйыны болуп өттү. Комитет жыйынында Текстиль комитетинин жаңы төрагасы болуп Амир Закиров шайланды. Иш-чаранын алкагында текстиль тармагын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, кадрларды окутуу жана семинарларды уюштуруу сыяктуу маселелер каралып, ишкерлер сунуштар жана маалыматтар менен бөлүшүштү. Жыйында буга чейин Комитет төрагалыгын аркалап келген Сүймөнкул Жолдубаевдин иштерине ийгилик каалап, комитеттин атынан белек тапшырылды. […]

Толугу менен окуу
May 12, 2016

Кыргыз–Түрк «Манас» университетинде өткөн «VII Эл аралык ишкердүүлүк» конгрессине ЖИА Бизнес Ассоциациясынын ишкерлери катышышты.

2016-жылдын 12-май күнү Кыргыз–Түрк «Манас» университетинде өткөн «VII Эл аралык ишкердүүлүк» конгрессине ЖИА Бизнес Ассоциациясынын ишкерлери катышышты. Конгрессинин максаты – түрк тилдүү мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда ишкердүүлүккѳ байланыштуу маселелерди талкуулоо, илимий чѳйрѳ менен ишкердик чѳйрѳсүнүн карым-катнашын күчѳтүү, маселелерди биргелешип чечүү, ѳлкѳгѳ инвестицияларды тартуу болуп саналат. Илимий иш-чаранын алкагында ЖИАнын ийгиликтүү ишкерлери Темирлан Сарлыкбек уулу жана Мирлан Акжигитов […]

Толугу менен окуу
May 9, 2016

Улуу Жеңиш күнү кут болсун!

Урматтуу мекендештер! Жалпыңыздарды 71 жылдык тарыхты артка калтырган Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайбыз! Жараткан жан дүйнөбүздө да, жашообузда да согуштун жүзүн алыс кылып, эл-жерибизге амандык, бакубат жашоо берсин! Жер жүзүндө ар дайым бейкуттук, тынчтык өкүм сүрсүн!

Толугу менен окуу
May 6, 2016

“Менин кесибим – менин келечегим” аттуу окуучулар арасындагы конкурс жыйынтыкталды.

Буга чейин жарыяланып келген ЖИА бизнес ассоциациясынын “Баластан” балдар журналы менен биргеликте 1-июнь балдар күнүнө карата уштурган “Менин кесибим – менин келечегим” аттуу темада сүрөт тартуу жана дилбаян жазуу сынагынын жыйынтыгы чыкты. Жеңүүчүлөргө белек тапшыруу аземи 2016-жылдын 6-май күнү Г. Айтиев атындагы көркөм-өнөр музейинде болуп өттү. Жаш балдардын көңүлүн алуу оңой эмес болсо да, иш-чара […]

Толугу менен окуу
April 30, 2016

1-июнь Балдар күнүнө карата.

Урматтуу ишкерлер, ЖИА Бизнес ассоциациясы Баластан журналы менен бирге 1-июнь‪ балдар күнүнө 1-6-класстын окуучулары арасында‪ “Менин кесибим – менин келечегим” аттуу сүрөт жана дил баян конкурсун уштурууда. Ошол себептүү конкурска демөөрчүлүк жагынан колдон келген жардамыңыздарды көрсөтүүңүздөрдү өтүнөбүз. Сиз – планшет, букридер, велосипед, балдар үчүн дагы башка оюнчуктар, кол саат, балдар китептери, сумка, калем-дептер ж.б.у.с. балдар үчүн кызыктыруучу белектерди бере […]

Толугу менен окуу
April 29, 2016

ЖИА Туризм комитетинин жыйыны болуп өттү.

2016-жылдын 29-апрель күнү ЖИАнын жыйын залында Туризм комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Туризм департаментинин директору А. Жаманкулов да катышып, 2016-жылы боло турган Көчмөндөр оюну жөнүндө кеңири маалымат айтып берди. Жана ошондой эле бул иш-чара боюнча жыйын катышуучуларынын суроолоруна жооп берди. Иш-чаранын жүрүшүндө 2015- жылдын жетишкендиктери боюнча маалымат берилип, оюндар боюнча келечектеги пландар айтылып, катышуучулар тарабынан сунуштар […]

Толугу менен окуу
April 27, 2016

ЖИА Бизнес ассоциациясынын мүчөлүгүнө кабыл алуу аземи болду.

ЖИА Бизнес ассоциациясынын ишмердүүлүгүндөгү эң негизги артыкчылыктарынын бири – бул мүчөлөргө кызмат көрсөтүү. Ассоциацияга мүчө ишкерлердин, менчик компаниялардын ийгилиги – биз үчүн абдан маанилүү. ЖИА Бизнес ассоциациясы мүчөлөр менен дагы да тыгыз иштешүү, ошондой эле мүчөлүккө жаңы катталган ишкерлердин бири-бирин жакындан таанып, өнөктөштүк негизде иш алып баруусуна шарт түзүп берүү максатында жаңы долбоор баштады. Мындан […]

Толугу менен окуу
April 27, 2016

Кыргыз Республикасынын Жапониядагы элчиси Ч. Айдарбеков менен жолугушуу.

2016-жылдын 27-апрелинде Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Чингиз Айдарбеков менен ЖИАнын кеңсесинде жолугушуу болду. Жолугушуу таанышуу, кызматташуу жана тажрыйба алмашуу максатында болду. Маалымат катарында айта кетсек, буга чейин ЖИАнын Жапонияга 2 жолу бизнес саякаты болгон.

Толугу менен окуу
April 25, 2016

ЖИА Текстиль комитетинин мүчөлөрү Казакстандагы “Magnum” соода түйүнүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.

2016-жылдын 25-апрелинде Unique.kg текстиль борборунда ЖИА Текстиль комитетинин мүчөлөрү Казакстандагы эң ири “Magnum” соода түйүнүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда ишкерлерибиз Кыргызстандагы текстиль тармагынын абалы, тигилген кийимдердин сапаттуулугу жана бүгүнкү күндөгү мүнкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берди. Жана ошондой эле мүчөлөрүбүздүн ишканаларында тигилген кийимдердин көргөзмөсү уюштурулуп, жыйынтыгында “Magnum” соода түйүнү жаш балдардын кийимдеринен көп сандагы буюртма алышты. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын экспортко чыгышы […]

Толугу менен окуу
April 24, 2016

Алгачкы ирет “Ысык-Көл Фермерлер Фестивалы” болуп өттү.

2016-жылдын 24-апрель күнү ЖИА Агро комитетинин мүчөлөрү Каракол шаарында алгачкы жолу уюштурулган “Ысык-Көл Фермерлер Фестивалына” катышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, “Рейна Кенч” жана ЖИА Ысык-Көл бизнес ассоциациясы уюштурган бул иш-чарада, асыл тукум малдары (жылкы, бодо мал жана койлор), айыл-чарба техникалары, бак-дарактардын көчөттөрү, дары-дармектер жана инвестициялык компаниялар жана банктардын катышуусу менен ири масштабдагы көргөзмө болду. Көргөзмөдө […]

Толугу менен окуу
April 22, 2016

ЖИА Бизнес Ассоциациясынын Алматы шаарына 2 күндүк иш сапары башталды.

22-апрель ЖИА Бизнес Ассоциациясынын Алматы шаарына 2 күндүк иш сапары башталды. Иш сапардын алкагында өнөктөшүбүз Алмата Бизнес ассоциациясынын (АБА) ишкерлери менен эки тараптуу жолугушуу болду. Жолугушуу казак ишкерлери менен B2B форматында болуп, экспорт-импорт жана дистрибьюция боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Иш сапардын негизги максаты эки өлөлкөнүн ортосунда соода-экономикалык байланышты өнүктүрүү жана Казакстандын бизнес мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу. Жана ошондой […]

Толугу менен окуу
April 21, 2016

Гостевая лекция на тему “Женская одиссея Советского Союза к независимому Кыргызстану.”

21 апреля 2016 в конференц-зале ЖИА состоялась гостевая лекция Камиллы Дуйшебаевны, ректора Университета менеджмента и дизайна, члена совета попечителей Международного университета в Центральной Азии, на тему “ЖЕНСКАЯ ОДИССЕЯ СОВЕТСКОГО СОЮЗА К НЕЗАВИСИМОМУ КЫРГЫЗСТАНУ” для комитета женщин предпринимателей, Lady Club. Она поделилась своим опытом и знаниями. Участники лекции активно слушали, задавали вопросы и участвовали в дисскуссиях. […]

Толугу менен окуу
April 19, 2016

Семинар на тему «Как эффективно рекламировать свой продукт внутри и за пределами страны?»

19 апреля 2016 в конференц-зале ЖИА состоялся семинар на тему «Как эффективно рекламировать свой продукт внутри и за пределами страны?», тренерем которого является Айбек Куренкеев, Основатель и руководитель рекламного интернет агентства I DO MARKETING, управляющий партнер консалтинговой компании ISR Consult, бизнес-тренер, маркетолог, кономист, бизнесмен. Участники семинара узнали: Что такое реклама в Интернет? Виды, механизмы, стоимость, […]

Толугу менен окуу
April 19, 2016

ЖИА Бизнес Ассоциациясы менен Гуанчжоу шаарынын Соода өнөр-жай палатасы эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

2016-жылдын 18-апрелинде Кытайдын Гуандун провинциясынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз-Кытай бизнес форуму болуп өттү. Бизнес форумга Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу Максат мырза жана ошондой эле Гуандун провинциясынын Гуанчжоу шаарынын Соода өнөр-жай палатасынын президенти, кытай ишкерлери жана Кыргызстандан барган ишкерлербиз катышышты. Иш чаранын алкагында эки коңшулаш өлкөнүн бизнес мүнкүнчүлүктөрү туурасында маалымат алмашылып, эки тараптуу жолугушуулар болду. Албетте, ишкерлерибиз […]

Толугу менен окуу
April 16, 2016

ЖИА Бизнес ассоциациясынын ишкерлер тобу эл аралык “Canton Fair – 2016” жарманкесине катышууда.

Буга чейин жарыялангандай эле, 14-апрель күнү Кытайдагы эн чоң эл аралык жарманкелердин бири болгон “Canton Fair – 2016” көргөзмөсүнүн биринчи этабы башталды. Аталган иш-чара Кытай эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында орун алып, 2016-жылдын 21-апрелине чейин уланмакчы. Масштабдуу делген бул жарманкеге Кыргызстандан барган делегациянын катарында ЖИА Бизнес ассоциациясынын ишкерлери да катышууда. Иш сапардын негизги максаты – ишкердик тармагындагы жаңы багыттар […]

Толугу менен окуу
April 15, 2016

«KG Групп» курулуш компаниясы Жаштар театрын жаңылады.

15-апрель, жума күнү “KG Групп” компаниясынын демөөрчүлүгү менен Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын ачылыш аземи болду. Иш-чарага малекеттик, коомдук ишмерлер, журналисттер жана театр сүйүүчүлөрү катышып, өзгөчө маданият кызматкерлери үчүн жагымдуу жаңылык болду. Антени, үстүбүздөгү жылдын февраль айында чыккан өрттүн себебинен жараксыз абалга келген Жаштар театрын оңдоп-түзөө иштерин “KG Групп” компаниясы өз […]

Толугу менен окуу
April 11, 2016

ЖИА Текстиль комитети Туркиянын Адана соода палатасынын ишкерлери менен жолукту.

2016-жыл, 11-апрелде “Green City” отелинде ЖИА Бизнес ассоциациясынын Текстиль комитетинин ишкерлери менен Туркиянын “Адана соода палатасынын” өндүрүшчү-ишкерлеринин ортосунда жолугушуу болуп өттү. Туркиядан келген текстиль фабрикаларынын жетекчилеринин негизги максаты – Кыргызстандан өнөктөш таап, кызматташтык негизде иш алып баруу. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында, эки өлкөнүн бул тармакта иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, соода көлөмүн дагы да арттыруу […]

Толугу менен окуу
April 10, 2016

ЖИА курулуш жана курулуш материалдары комитетинин мүчөлөрү эл аралык “BATIMAT” жана “MOSBUILD” көргөзмөсүнө катышып келди.

ЖИА курулуш жана курулуш материалдары комитетинин мүчөлөрү Москва шаарында болуп өткөн эл аралык “BATIMAT жана MOSBUILD” көргөзмөсүнө катышып келди. Бизнес саякат алкагында “Синергия” бизнес клубунун мүчөлөрү менен эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү жана ошондой эле Москва шаарында мекендештерибиз тарабынан түптөлгөн Эл аралык ишкерлер ассоциациясы “МАП” ишкерлери менен жолугушуу болду. Ишкерлерибиздин атынан жалпы “СИНЕРГИЯ” бизнес ассоциациясынын […]

Толугу менен окуу
April 10, 2016

“Талас-агро 2016” эл аралык көргөзмө-форуму.

8-9 – апрелде ЖИА Бизнес ассоциациясынын Талас облусундагы өкүлчүлүгү “Талас-агро 2016” көргөзмө – форумун уюштурду. Кыска убакыттын ичинде эл аралык деңгээлге жеткен бул көргөзмө-форум бул жылы дагы да кулачын кенен жайып, кошуна Казахстан, Орусия өлкөлөрүнөн да ишкерлер катышып, иш-чаранын маанилүүлүгүн арттыра баштады. Андан сырткары Ош, Жалал-Абад, Чүй, Нарын облустарынан да коноктор келип, жергиликтүү эл да […]

Толугу менен окуу
April 8, 2016

Тамак-аш өндүрүү комитети Монголиядан келген ишкерлер менен жолугушту.

8-апрель, жума күнү ЖИА Бизнес ассоциациясынын жыйындар залында Монголиядан келген коноктор менен ассоциациянын Тамак-аш өндүрүү комитетинин ишкерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу чакан форматта болуп, такмак-аш тармагында эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Толугу менен окуу
April 8, 2016

ЖИА Бизнес ассоциациясы АКШнын соода департаментинин өкүлдөрү менен жолукту.

2016-жылдын 8-апрель күнү ЖИА Бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү АКШ жана Орто Азия соода жана инвестиция кенешинин Кыргызстанда болуп өткөн кезектеги жыйынына келген АКШнын соода департаментинин Соода боюнча укукту өнүктүрүү программасынын адистери менен жолугушту. Жолугушууда АКШ жана Орто Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча долбоорлор жана ишкердик тармагындагы атайын программалар боюнча сүйлөшүүлөр болуп, кызматташууну жандандыруу […]

Толугу менен окуу
April 8, 2016

«Евразиялык экономикалык келечек» эл аралык экономикалык форуму.

2016-жылдын 8-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын жыйындар залында Орусия Федерациясынын федералдык жыйынынын мамлекеттик думасынын төрагасы С. Нарышкиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында «Евразиялык экономикалык келечек» аттуу эл аралык экономикалык форум болуп өттү. Форумдун негизги максаты Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланышты өнүктүрүү жана ага байланыштуу маселелерди талкуулоо болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын, Орусия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, […]

Толугу менен окуу
April 7, 2016

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматов менен ЖИА ишкерлеринин жолугушуусу.

2016-жылдын 7-апрель күнү Хаятт Ридженси мейманканасынын Кростини ресторанында ЖИА Бизнес ассоциациясынын “ЖИА Бизнес завтрак” долбоору алкагында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматов менен ЖИА ишкерлеринин жолугушуусу болду. Жолугушууга фонддун жалпы башкаруу кеңешинин мүчөлөрү катышып, анда фонддун ишмердүүлүгү, бизнес-проектилерди каржылоо жана ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу талкуу болду. Учурдан пайдаланып, “ЖИА бизнес завтрак” жолугушуусуна келип берген Фонд […]

Толугу менен окуу
April 6, 2016

ЖИА Бизнес ассоциациясынын ишкерлери “Batimat-2016” эл аралык курулуш жана курулуш материалдар көргөзмөсүнө катышууда.

ЖИА курулуш, курулуш материалдары жана кызмат комитетинин мүчөлөрү Москва шаарында өтүп жаткан “Batimat-2016” эл аралык курулуш жана курулуш материалдар көргөзмөсүнө катышууда. Москва шаарынын “Крокус Экспо” көргөзмө борборунда 5-апрелде башталган көргөмө 8-апрелге чейин уланып, Орусиянын мыкты көргөзмө аянтында курулуш тармагында лидер эсептелген дистрибьюторлор, өндүрүүчүлөр катышуучуларга архитектура, дизайн, курулуш жана ички жасалгалоо тармагындагы түрдүү заманбап технология жана материалдарды сунмакчы. […]

Толугу менен окуу
April 2, 2016

“Youtube аркылуу кантип акча тапса болот?”

2016-жылдын 2-апрелинде ЖИА Бизнес ассоциациясынын конференция залында IT комитетинин демилгеси менен Youtube боюнча семинар болуп өттү. Көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган семинардын темасы “Youtube аркылуу кантип акча тапса болот?” деп аталып, бул багытта иш алып барган Курман Жолдошов өзүнүн бай тажрыйбалары менен бөлүштү. Негизи Youtube аркылуу акча табуу көпчүлүктүн оюна келе бербейт. Бирок элди өзүнө бура турган, […]

Толугу менен окуу
April 2, 2016

ЖИА Бизнес ассоциациясынын ишкерлери Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев менен жолугушту.

2 – апрель күнү Хаятт Ридженси мейманканасынын Кростини ресторанында “ЖИА бизнес завтрак” долбоору алкагында КРнын Өкмөтүнүн алдындагы “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын” жетекчиси Калиев Айбек мырза менен ЖИА ишкерлеринин жолугушуусу болду. Жолугушуу дасторкон үстүндө уюштурулуп, жаңы курулуш жана өндүрүш объекттерин электр энергияга кошуу, кичи ГЭСтердин келечеги жана электр энергиясын өндүрүү, жеткирүү жана бөлүштүрүүдөгү маселелер талкууланды. Айбек […]

Толугу менен окуу
March 30, 2016

ЖИА өкүлчүлүктөрүнүн жыйыны.

2016-жылдын 30-мартында ЖИА Бизнес ассоциациясынын аймактардагы расмий өкүлчүлүктөрүнүн төрагалары жана аткаруучу директорлору менен кезектеги жыйын болуп өттү. Жыйындын башкы маселеси болуп 2016-жылдын планы каралды. Бул жолугушуу ар кандай шартта негизделип жаткан ишкердиктин аймактагы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча тажрыйба жана маалымат алмашууга шарт түздү. Ошондй эле аймактагы ишкерлердин абалын жакшыртуу максатында аймактагы өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери атайын мамлекеттик мекемелердин […]

Толугу менен окуу
March 29, 2016

Кыргызстан жарандарынын форуму

2016-жылдын 29-мартында “Достук” мейманканасынын “Конгресс Холл” конференц-залында “Мага баары бир эмес!” / “Мне не все равно!” аталыштагы форум болуп өттү. Былтыр жаңыдан кадам таштаган жарандык форум бул жылы дагы да кулачын кенен жайып, Кыргызстандын бардык аймактарынын активистери жана ишкерлер катышты. Иш-чаранын алкагында жарандык активисттер, укук коргоочулар жана ишкерлер чөйрөсү учурдагы коомдо болуп аткан маселелерди талкуулап, өлкөнүн өнүгүүсүндө […]

Толугу менен окуу
March 29, 2016

«Мы должны быть первыми по благоприятным условиям для ведения бизнеса в регионе»

Об этом Премьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев сообщил в ходе круглого стола «Роль инвестиций в развитии экономики». Премьер-министр отметил значимость проводимого мероприятия и подчеркнул, что Правительством страны принимаются все возможные меры по улучшению условий ведения бизнеса в стране.   В ходе встречи представители международных и бизнес организаций обменялись информацией о ситуации в стране и обсудили […]

Толугу менен окуу
March 22, 2016

Кыргыз ишкерлери АКШнын Хьюстон шаарынын бизнес мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, Ноорузду чет жердеги мекендештер менен майрамдашты.

АКШ иш-сапарынын алкагында ЖИА Бизнес Ассоциациясынын Хьюстон шаарындагы расмий өкүлчүлүгү кыргыз ишкерлери үчүн Хьюстон шаарынын бизнес мүмкүнчүлүктөрү боюнча атайын программа уюштурду. Көп жылдардан бери Америка жергесинде эмгектенип келген кыргыз ишкерлеринин ишканаларында зыяратта болушуп, курулуш, интернет-соода, кыймылсыз мүлк, айыл-чарба, отель жана ресторан иштетүү тармактары менен таанышышты. Ошондой эле юрист, риэлтор, атайын эксперттер менен бизнес ачуу, финансылык инструменттер, салыктын түрлөрү, ишкердик тармагы […]

Толугу менен окуу
March 21, 2016

Нооруз майрамыңыз кут болсун!

Урматтуу мекендештер! Сиздерди жадыраган жаз менен кошо кирип келген Нооруз майрамы менен куттуктайбыз! Жаңы жылда жашооңуздарды жаңы ийгиликтер коштоп, үй-бүлөңүздөр менен ден-соолукта бакубат жашоо сүрүңүздөр! Өлкөбүздө өнүгүү жана туруктуулук, журтубузда биримдик, тынчтык болсун! Уважаемые соотечественники! Поздравляем Вас с прекрасным весенним праздником Нооруз! Нооруз – это праздник весны и обновления, когда вся природа оживает, всё обновляется, рождаются новые […]

Толугу менен окуу
March 19, 2016

“Мир Кровли” компаниясынын расмий ачылыш аземи.

2016-жылдын 19-мартында Бишкек шаарынын Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан “Мир Кровли” компаниясынын 2-офисинин ачылышы болуп өттү. ЖИА Бизнес Ассоциациясынын мүчөсү Т. Казиев жетектеген бул компания, Россия жана Казахстанда там чатырларын жана тунуке материалдарын өндүрүүдө алдыңкы орунду ээлеген “Металл Профиль” заводунун Кыргызстандагы жалгыз өнөктөшү болуп эсептелет. Салтанаттуу ачылыш аземине катышкан Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Аскар уулу Мирлан […]

Толугу менен окуу
March 18, 2016

ЖИА Бизнес Ассоциациясынын ишкерлери Чехия делегациясы менен жолукту.

2016-жылдын 16-мартында ЖИА Бизнес Ассоциациясынын ишкерлери Чехия Республикасынын Парламентинин депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушуу Дасмиянын “Хан-Теңри” этно-чайканасында болуп, кызматташуу жана тажрыйба алмашуу алкагында жүргүзүлгөн ишкерлердин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү эки өлкө ортосундагы соода жана инвестиция боюнча пикир алышууга шарт түздү. Жолугушууну уюштурууга көмөктөшкөн Турусбек Мамашевге жана демөөрчүлөргө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Толугу менен окуу
March 17, 2016

Кыргыз-кытай соода алакасына багытталган “Бизнес завтрак”.

2016-жылдын 17-март күнү “Хаятт Ридженси” отелинин Кростини ресторанында ишкерлердин Кытайдын Кыргызстандагы Элчилигинин канцелярия боюнча кеңешчиси (Соода өкүлү) Сунь Хэ мырза жана КР Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү боюнча Агенттиктин директору Алмаз Сазбаков менен жолугушуусу болуп өттү. “ЖИА перспектива” долбоорунун алкагындагы жолугушуу “бизнес завтрак” форматында уюштурулуп, дасторкон үстүндө эки өлкө ортосундагы соода жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, кыргыз ишкерлери […]

Толугу менен окуу
March 16, 2016

ЖИА Бизнес Ассоциациясынын ишкерлери Вашингтондо “Turkic-American Сonvention 2016” экономикалык форумуна катышты.

2016-жыл 15-март. АКШ иш сапарынын 3-күнүндө борбор шаар Вашингтондо атайын маданий иш-чара уюштурулду. Анын алкагында шаардын тарыхый жана заманбап жерлерине саякат программалар болуп, Америка элинин өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышканга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анын эртеси, 16-март күнү кыргызстандык ишкерлер жыл сайын АКШнын борборунда өтүүчү “Turkic-American Сonvention 2016” экономикалык форумуна катышты. Форумдун күн тартибинде түрк тилдүү өлкөлөр менен АКШ […]

Толугу менен окуу
March 14, 2016

Айымдар күнүнө карата «Lady Club» комитетинин иш чарасы.

2016-жылдын 12-мартында “Lady Club” айым ишкерлерибиздин комитети айымдар күнүнө карата Бишкектеги башкы кеңсебиздин жыйындар залында иш-чара өткөрүштү. Иш чарада бүгүнкү күндө бренд болгон Alexandra айымдар дүкөнүнүн кийимдеринин көргөзмөсү болду. Аны менен катар кытай чайынын церемониясы болуп, аны даярдоо ыкмасы жана башка тартиптери көрсөтүлдү. Ошондой эле аромамасла боюнча презентация болду. Иш-чаранын алкагында келген конокторго жеңилдик сертификаттары белекке берилди.

Толугу менен окуу
March 13, 2016

ЖИА Бизнес Ассоциациясынын ишкерлери “Global Trade and Business Summit-2016” форумуна катышышты.

2016-жылдын 13-март күнү АКШ иш сапарынын алкагында кыргыз ишкерлер делегациясы Нью-Йорк шаарында уюштурулган “Global Trade and Business Summit-2016” форумуна катышты. Ишкерлерге болгон АКШдагы  бизнес мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырууну негизги максат кылган бул форум жемиштүү жана кызыктуу уланууда. Иш-чара 2 бөлүктөн туруп, 1-бөлүгүндө АКШдагы курулуш, айыл-чарба, соода, тамак-аш тармагындагы мүмкүнчүлүктөр жана рисктер тууралуу атайын талкуулар уюштурулду. Форумдун экинчи бөлүгүндө ишкерлердин эки […]

Толугу менен окуу
March 12, 2016

ЖИА Бизнес Ассоциациясынын АКШга 6-иш сапары башталды.

2016-жылдын 11-мартынан 20-мартына чейин ЖИА Бизнес ассоциациясынын АКШга кезектеги 6-иш сапары уюштурулууда. Иш сапардын негизги максаты, АКШнын бизнес мүмкүнчүлүктөрү, ишкердик тармагындагы жаңы технологиялар менен таанышуу жана тажрыйбалар менен алмашуу. 12-март. Иш сапардын 1-күнү ишкерлерге Нью-Йорк шаарында атайын маданий иш-чара уюштурулуп, шаардын белгилүү болгон жерлери жана өзгөчөлүктөрү менен жакындан тааныштыруу болду.

Толугу менен окуу
March 8, 2016

Урматтуу айымдар, Эл аралык 8-март майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Урматтуу айымдар! Сиздерди аялзаттын сулуулугун, назиктигин даңазалаган Эл аралык 8-март майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерге чың ден-соолук, жаз гүлүндөй назиктик жана үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!!!   Дорогие дамы! Поздравляем Вас с Международным женским днем 8 марта! Желаем Вам весны в душе, уюта в доме, теплых улыбок вокруг, солнечного настроения и успехов во всем!!!

Толугу менен окуу
March 1, 2016

ЖИА Бизнес Ассоциациясынын ишкерлери Cалык Кызматынын төрагасы менен жолугушту.

2016-жылдын 1-марттында ЖИА Биснес Ассоциациясынын ишкерлери Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов, анын орун басары Октябрь Абдыкаимов менен жолугушту. Жолугушуу “Green city” мейманканасында орун алып, суроо-жооп форматында өттү. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы 10-марттан баштап ЕАЭБдин алкагында “кирген жана чыккан товарларга карата жаңы тартип кирүүсү боюнча” кеңири маалымат берди. Жаңы эрежеге ылайык, мындан ары чек-арадан уруксат кагазды көрсөтүү […]

Толугу менен окуу
February 28, 2016

“Интенсивдүү бак” комплексине экскурсия

2016-жылдын 28-февралында ЖИА Бизнес Ассоциациясы “Биз өнөктөшбүз” долбоорунун алкагында Сокулук районунун Спартак айылында ишкерлерибиздин 50 га жерде отургузулган “интенсивдүү бак” комплексине экскурсия уюштурдук. Иш чаранын алкагында, интенсивдүү бактын өсүүсүн көрүп, аларды өстүрүүнүн технологиясы менен таанышып, алма бизнесинин артыкчылыктары тууралуу жана көчөттөрдүн баалары боюнча маалыматтарды алдык.

Толугу менен окуу
February 27, 2016

“Я и мое окружение” семинар, айым ишкерлер үчүн болду.

2016-жылдын 27-февралында ЖИАнын жыйын залында Леди Клуб комитетинин уюштуруусу менен “Я и мое окружение” аталышдагы семинар болуп өттү. Семинарды Мирзада Жолболдиева өтүп, кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды берди. Учурдан пайдаланып катышуучуларга ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Толугу менен окуу
February 26, 2016

“АКШдагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр”

2016-жылдын 26-февралында Хаятт отелинин “Шайыр” залында Бизнес ассоциация ЖИА АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте “АКШдагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр” деген аталышта форум уюштурду. Иш-чаранын алкагында ишкерлерге АКШда болгон бизнес мүмүкүнчүлүктөр жана АКШ бизнес визалары тууралуу маалымат берилип, ишкерлер бизнес визалар, бизнес мүмкүнчүлүктөр, атайын программалар тууралуу маалымат алышып, кызыктырган ишкердик тармагындагы суроолоруна жооп алышты. Жолугушууга АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым […]

Толугу менен окуу
February 25, 2016

Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясынын мүчөлөрү КРнын Экономика министри Арзыбек Кожошев жолугушту.

25-февраль күну Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясынын мүчөлөрү жана Ош шаарынын ишкерлери менен КРнын Экономика министри Арзыбек Кожошев жолугушту. Жыйында министр 2015-жылда аткарылган жумуштары жана 2016-жылга каратап пландары туурасында маалымат берди. Эки саатка созулган жыйындын алкагында ишкерлер өздөрүнү кызыктырган суроолорун беришип жеринен жооп алышты. Эң эле орчундуу маселе болуп салык, соц фонддо кездешкен көйгөйлөр айтылды. Ошондой […]

Толугу менен окуу
February 25, 2016

ЖИАнын ишкерлери Global Business Forum Dubai» бизнес форумунда

2016-жылдын 17-18-февралында Дубай мамлекетинде өткөн «Global Business Forum Dubai» аталышындагы бизнес форумга, ЖИАнын ишкерлери катышышты.

Толугу менен окуу
February 22, 2016

«Кыргызстандын өнүгүү булактары» аттуу презентациясы өттү

Бүгүн Hayatt Regency мейманканасында ишкерлерибиз өлкөбүздүн өнүгүүсүнө болгон көз карашын чагылдырган «Кыргызстандын өнүгүү булактары» аттуу сунуштарын жарыялады. Экспорттук жана инвестициялык потенциалды жогорулатуу жана кризистик абалдан чыгуу үчүн 5 конкреттүү сунуш. Журналисттерге презентация уюштурдук. Коомдун пикирин билели деп. Тармактык комитеттердин көтөргөн проблемаларынын негизинде даярдалды бул сунуштар. Көйгөйлөрүбүздү гана айтып тим болбой сунуш менен колдоо көрсөтөлү дедик.

Толугу менен окуу
February 20, 2016

Тренинг “Искусства быть менеджером”.

2016-жылдын 20-февралында ЖИАнын жыйын залында “Искусства быть менеджером” аталышындагы тренинг болуп өттү. Тренингти “Кыргыз Концентин” мурдагы башкы директору Данияр Аманалиев мырза өзүнүн жеке тажрыйбасы жана менеджментеги каталарды кетирбөө туурасында суйлөдү. Катышуучулар Данияр мырзадан менеджер өзү ким? Менеджердин кандай милдеттери бар? Менеджер кандай касиеттерге ээ болуу керек? Кимди менеджер деп атасак болот? жана кыялдагы команданы кандай […]

Толугу менен окуу
February 19, 2016

Тамак-аш өндүрүүчүлөрдүн жыйыны болуп өттү.

2016-жылдын 19-февралында ЖИА конференц-залында тамак-аш өндүрүүчүлөрдүн жыйыны болуп өттү. Жолугушуу учурунда, тамак-аш өндүрүү тармагында болуп жаткан көйгөйлордү жана алардын чечүү чарасы тууралу талкуу болду. ЖИА Бизнес ассоциациянын астында Тамак-аш жана жеңил өнөржай комитети түптөлүп комитеттин төрагасы Мурат Ибраев ишкерибиз шайланды.

Толугу менен окуу
February 17, 2016

«Ыраачылык катыңыздар кут болсун!!!»

2016-жылдын январь айында өткөн «Кыргыз-Түрк» бизнес форумуна салым кошкондугу үчүн, «Достук жана Маданият» коомдук фондтунун төрагасы Айбек Сарыгулов жана ЖИАнын аткаруучу директору Руслан Акматбек мырзалар, Соода жана Өнөр жай палатасы тарабынан ыраазычылык кат менен сыйланышты.

Толугу менен окуу
February 17, 2016

Семинар: “Күнөскана (Теплица) – Бизнес катары”

2016-жылдын 13-февралында Ысык-Көл ЖИА бизнес ассоциациясынын конференц залында дагы бир маанилүү иш-чаралардын бири болуп өттү. Бишкектен келген United Kyrgyz Greenhouses ассоциациясынын мүчөлөрү өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Иш-чара жергиликтүү дыйкандардын суроо талабына жараша уюштурулду. Эскерте кетсек, калк арасында насыя алып алып, көз өлчөмү менен бизнес баштап алгандар өтө көп. Тажрыйбасыздыгынын айынан иш ортолоп калганда гана өз […]

Толугу менен окуу
February 17, 2016

«Таластын айым ишкерлери чогулушту, бул жеңиш!»

2016-жылдын 4-февралында Талас ЖИА бизнес ассоциациясы Талас аймагындагы айым ишкерлерди чогултуп алардын продукцияларын кантип ийгиликтүү экспортко чыгаруу тууралуу сүйлөштүк. Келген ишкерлер төрт багытта ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт экен. Алар соода, кара өрүк менен иштегендер, кол-өнөрчү уз айымдар жана туризм багыты. Жыйынтыгында ар бир тармак өз алдынча бирикмелерди түзүп, биргеликте иш алып бармай болдук. Буйруса жакында алгачкы мөмөлөрдү […]

Толугу менен окуу
February 11, 2016

«Ийгилигим кантип башталды…»

Мен, Абакиров Эльдар, 34 жаштамын, 3 баланын атасымын. Университетти Казакстанда Алматыда окугам, 4 жыл бакалавриат окуп анан 2 жылда магистратураны бүтүрдүм. 3- курстан баштап иштей баштадым. Алгачкы жылдарда официант болуп, кийин мугалим жана программист болдук. Алматыда банкта 7 жылдан ашык иштедим. Жөнөкөй адистен, департаменттин директор орун басарына чейин көтөрүлдүм. Үйлөнгөндөн кийин акчадан кыйналып 2 жылдан […]

Толугу менен окуу
February 10, 2016

«Кыргызстандагы жүк ташуучу компаниялардын эл аралык көйгөйлөрү»

2016-жылдын 10-февралында «Марал» радиосу менен ЖИА Бизнес Ассоциация биргеликте уюштуруп келген «Босого» тегерек столунун кезектеги темасы, «Кыргызстандагы жүк ташуучу компаниялардын эл аралык көйгөйлөрү» аталышта болду. Ага жүк ташуучу ири компаниялар, Экономика, Тышкы иштер жана Транспорт министрлиги менен Бажы кызматынын, ЖИАнын өкүлдөрү катышты.

Толугу менен окуу
February 6, 2016

«Таксим Kids» бир туугандар чайканасынын ачылыш аземи.».

2016-жылдын 5-февралында Тунгуч кичи районунда Бизнес Ассоциация ЖИАнын мүчөсү, ишкерибиз Али Ифлазоглу мырзанын кезектеги «Таксим Kids» бир туугандар чайканасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Келген контор ишкерибизге жылуу каалоо тилектерин айтышып, атайын даярдалган дасторкондон даам сызып кетишти. «Таксим Kids» бир туугандар чайканасына ийгиликтерди каалайбыз!    

Толугу менен окуу
February 6, 2016

«Ийгилигим кантип башталды…».

Менин атым Амир. Мен 35 жаштамын жана 4 баланын атасымын. Мен Кытай Эл Республикасында, Гуанчжоу шаарында 8 жылдан бери жашайм. Башка өлкө, башка дин жана тил маселеси албетте мага тоскоолдук болду. Кытайда биз, 2007- жылдан бери жубайым экөөбүз соода тармагында иштей баштадык. Ал жерде бир топ кыйынчылыктарга дуушар болдук. Көп нерселерди жеңдик жана кээ бир […]

Толугу менен окуу
February 5, 2016

«Кыргызстанда кыргыз-жапон экономикалык форуму өтөт»

2016-жылдын июнь айында Бишкекте инфраструктуралык долбоорлор боюнча кыргыз-жапон экономикалык форуму уюштурулуусу күтүлүүдө. 3-4-февралда форум уюштуруу жана Кыргызстандын инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу максатында Жапон өлкөсүнүн жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, жапон ишкерлери жана Ассоциациябыздын Жапон өлкөсүндөгү расмий өкүлү Асель Назарманбетова Бишкекте иш сапары менен болушту. Иш-сапардын алкагында жапониядан келген адистер КР ЖКнин депутаттары, КР […]

Толугу менен окуу
February 1, 2016

«Айыл чарба тармагы боюнча кызматташуу АКШ өкүлүдөрү менен»

2016-жылдын 1-февралында Агро комитетинин ишкерлери, АКШнын Москвадагы элчилигинин айыл чарба боюнча өкүлдөрү менен жолуугуштуу. Жолугуушуда айыл чарба тармагы боюнча кызматташуу туурасында эки тараптуу сүйлөшүү болду.  

Толугу менен окуу
February 1, 2016

«Текстиль комитетинин жыйыны болуп өттү»

Үстүбүздөгү жылдын 1-февралында ЖИАнын кеңсесинде Текстиль комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйында текстиль тармагындагы бүгүнкү күндөгү көргөйлөр, чечүү жолдору тууралу ой пикир алышып жана алдыдагы иш чаралардын планын түзүштү.

Толугу менен окуу
January 30, 2016

ЖИАнын ишкерлери “Чүңкурчак” лыжа базасында

Спорт ден-соолуктун булагы демекчи, үстүбүздөгү жылдын 30-январында ЖИАнын ишкерлери “Чүңкурчак” лыжа базасына барып келди. Иш-чарабыздын башкы максаты мүчөлөрүбүздү бири-бири менен тааныштыруу жана тоо туризмин жайылтуу. Иш-чарабызга убакыт таап, келген мүчөлөрүбүзгө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Өзгөчө ыраазычылыгыбызды дасторкон жайып тосуп алган “Ысык-көл” салтанат үйү, мүчөбүз Бермет Төлөгөнөва айымга билдиребиз.  

Толугу менен окуу
January 26, 2016

Бизнес менен Билим берүү тармагынын кызматташуусу

2016-жылдын 26-январында Green City отелинин жыйын залында Бизнес ассоциация ЖИА, Эл аралык ишкерлер кеңеши жана АКШнын эл аралык байланышты өнүктүрүү агентигинин колдоосу менен өтүп жаткан Биргеликте башкаруу программасынын алкагында «Билим берүү мекемелери менен бизнестин кызматташуусундагы тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр» деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү. Тегерек стол Билим берүү минстрилигинин өкүлү, Бизнес эксперттер, ишкерлер, Жогорку окуу […]

Толугу менен окуу
January 22, 2016

«Кыргыз-Түрк форуму»

2016-жылдын 21-22- январында Анкара шаарында Кыргыз-Түрк форуму болуп өттү. Форумга ЖИАнын ишкерлери да катышты.  

Толугу менен окуу
January 19, 2016

Агро комитетинин жыйыны

2016-жылдын 19-январында ЖИАагро комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйында 2015-жылдын планы боюнча кыскача маалымат берилип, 2016-жылдын планын түзүү боюнча ой пикирлер, сунуштар, багытты тондоо жана региондорго айыл чарба багытында семинар берүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Толугу менен окуу
January 16, 2016

“Заманбап касапканага зыярат”

Бүгүн 2016-жылдын 16-январында Бизнес ассоциация ЖИА жана Экономика министрлиги менен биргеликте «Биз өнөктөшпүз» долбоорунун алкагында ЖИАнын жыйын залында Халал индустриясынын өнүгүү процесси тууралуу маалымат берилди. Иш-чаранын уландысында Восток айылында жайгашкан заманбап технологиялары менен жасалган жана НАССР системасына жооп берген касапканага зыяратка бардык. Долбордун алкагында өндүрүш мүдүрү Айдин мырза касапкананын ишмердүүлүгү боюнча кызыктуу саякат уюуштурду. Учурдан […]

Толугу менен окуу
January 13, 2016

“2016-жыл: Жаңы мүнкүнчулүктөрдүн жылы” тегерек стол.

2016-жылдын 13-январында “2016-жыл: Жаңы мүнкүнчулүктөрдүн жылы” аталыштагы тегерек стол болду. Тегерек стол Экономика министрлиги, Бизнес ассоциация ЖИА жана Соода Өнөр Жай палатасы тарабынан уюштурулду. Иш чарада ЕАЭСтеги жаңы мүнкүнчүлүктөру, өндүрүү секторлорун көбөйтүү жана орто жана чакан бизнести колдоп экспортту көбөйтүү боюнча болуп өттү.

Толугу менен окуу
December 26, 2015

Студентер менен Урмат Акматовдун жолугуушу.

2015-жылдын 26-декабрда Евразия Групп компаниясынын башкы директору Урмат Акматов, КТМУ, Чыгыш университети жана «Ыйык Ата Журт» жаштар фондунун студенттери менен жолугушту. Бул жолугушууну ЖИА Бизнес Ассоциациясы, Эл аралык Ишкерлер Кеңеши жана “EdNet” уюму менен биргеликте, USAIDтын колдосу аркылуу уюштурду. Студенттер менен жолугушууда Урмат мырза өзүнүн, студенттик күндөрүнөн тарта, бизнес чөйрөсүнө кантип аралашып калганын, эң биринчи […]

Толугу менен окуу
December 25, 2015

IT комитетинин кезектеги жыйыны

2015-жылдын 25-декабрында ЖИА конференц-залында IT комитеттин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жолугушуу учурунда ишкерлерибиз Кыргызыстандагы IT тармакты өнүктүрүү жана IT комитеттибиздин 2016-жылына карата жылдык планын иштеп чыгуусу талкуланды.

Толугу менен окуу
December 24, 2015

Чыгыш университети менен кызматташуу

2015-жылдын 21- декабрында Бизнес ассоциация ЖИАнын өкүлдөрү Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетине зыяратка барып жана эки тараптуу жолугуушусу өттү. Жолугуушуда алгач университетке экскурсия уюштурулуп, китепкана, аудиториялар жана компьютердик бөлмөлөр менен университеттин жааматы таныштырды. Иш чаранын алкагында университететин ректору Алмаз Ибраев менен танышып баарлаштык. Университеттин жыйын залында окуу бөлүмүнүн башчылары,профессор,проректорлор жана ЖИА өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, […]

Толугу менен окуу
December 20, 2015

«SETRMS» дүкөнүн ачылышы болду.

2015-жылдын 20-декабрында Вефа соода борборунда Бизнес Ассоциация ЖИАнын мүчөсү, ишкерибиз Жыргылбек Жунушалиев мырзанын Туркиянын белгилүү бренттеги «SETRMS» аялдардын саркеч кийим дүкөнүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Ишкерлерибиз Жыргалбек мырзага каало тилектерин айтып, жайылган дастарконунан даам сызып кетишти. «SETRMS» дүкөнүнө ийгиликтерди каалайбыз!

Толугу менен окуу
December 18, 2015

“BIF 2015” боюнча сый тамак болуп өттү”

2015-жылдын 18-декабрында Хаятт отелинин Кростини реторанында «BIF 2015» Бишкек инвестиция форумунун уюштуруучулары форумдун уюштуруусунда колдоо көрсөткөн өнөктөштөрүнө сый тамак уюштуруп, баарына ыраазычылык билдиришти. Дасторкон үстүндө форумдун жалпы жыйынтыгы, инвестор тапкан бизнес долбоорлор тууралуу толук маалымат берилип, 2016-жылы уюштурула турган «BIF 2016» Бишкек инвестиция форуму боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле учурдагы экономикалык абал, ишкердик тармагындагы актуалдуу […]

Толугу менен окуу
December 16, 2015

Имараттарды жана күнөзканаларды жылытуу” боюнча семинар

2015-жылдын 16-декабрында Агро комитетинин алкагында, Москвадан келген “VTS Group” компаниясынын эксперттери “Имараттарды жана күнөзканаларды жылытуу” боюнча семинар өттү. Семинарда өндүрүш имараттарда жана күнөзканаларда жылытуу агрегаттарын орноштуруу, аба ырайы өзгөргөндө жылылуук агрегатын жөнгө салуу жана volcano (аба менен жылытуучу агрегат) боюнча маалымат беришти. Иш чара жакшы деңгээлде өтүп, катышуучулар кызыктырган суроолорун беришип, жооп алышты. Учурдан пайдаланып […]

Толугу менен окуу
December 2, 2015

BIF 2015” Бишкек инвестиция форуму болуп өттү

2015-жылдын 2-декабрында Хаятт отелинде “BIF 2015” Бишкек инвестиция форуму болуп өттү. Форум иштеп жаткан бизнести өнүктүрүү максатында инвестиция издеп жаткан ишкерлер менен перспективдүү компанияларга инвестиция кылууга даяр болгон ишкерлердин жолугушуусуна шарт түзүү менен орто жана чакан бизнеске инвестиция тартуу максатында болду. Форумдун алкагында ишкердикти өнүктүрүү боюнча маселелер каралып, ийгиликтүү ишкерлер бизнести өнүктүрүү боюнча тажрыйба, жаны […]

Толугу менен окуу
November 14, 2015

Текстиль Транс

2015-жылдын 14-ноябрында «Биз өнөктөшпүз» долбоорунун алкагында «Текстиль Транс» байпак өндүргөн компаниясына ишкерлерибиз менен зыяратка бардык. Долбордун алкагында аткаруучу мүдүр Замир мырза «Текстиль Транс» байпак өндүргөн фабрикасынын ишмердүүлүгү боюнча кызыктуу саякат уюуштурду. Учурдан пайдаланып бардык катышуучуларга жана ЖИА мүчөсү Алмаз Абдраев мырзага терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Толугу менен окуу
November 13, 2015

КТМУ студенттерине семинар болуп өттү.

2015-жылдын 13-ноябрында Бизнес Ассоциация ЖИАнын аткаруучу директору Руслан Акматбек, Кыргыз-Түрк Манас университетинин студентерине семинар өттү. Семинарда Руслан мырза карерьаны кантип жогорулатуу керек, студенттик кезде теория менен гана чектелбей практикага да басым жасоону жана ошондой эле өлкөбүзгө пайдалуу адис болуу туурасында кеп кеңештерди берди.

Толугу менен окуу
November 10, 2015

«BIF 2015» Бишкекский инвестиционный форум «Разбуди деньги!»

2 декабря 2015 года в конференц-зале «Хаятт Ридженси Бишкек» Агентство по продвижению инвестиций при Министерстве экономики КР, Бизнес ассоциация ЖИА, Международный деловой совет и общественный фонд «FSDS» проводит «BIF 2015» Бишкекский инвестициционный форум, который выступит мостом между внутренним капиталом граждан и МСБ сектором Кыргызстана. Основной целью форума выступает привлечение инвестиций в малый и средний бизнес, […]

Толугу менен окуу
November 10, 2015

Кыргызстан-Украина форуму өтуп жатат

2015-жылдын 10-ноябрында (бүгүн) Украинада Кыргызстан-Украина Бизнес форуму өтүп жатат. Форумдун алкагында, Кыргызстан туурасында ролик коюлуп, экономикабыз жөнүндө, иш сапардын башында турган Эльдар Абакиров мырза презентация жасады.Форумда ЖИА менен Украинанын Соода өнөр жай палатасы эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюштуу. Ишкерлер ортосунда жолугушуулар В2В форматында өтүп, ишкерлер үчүн аябай пайдалуу болуп жатат.

Толугу менен окуу
November 9, 2015

Украина иш сапары “Оболонь” жана “Агромарс” компанияларына экскурсия уюштурулду

2015-жылдын 8-11-ноябрына чейин Бизнес ассоциация ЖИА ишкерлер үчүн Украинага атайын уюштурулган иш сапардын, 2-күнүндө Киев шаарына жакын жайгашкан пива жана алкоголсуз суусундук өндүргөн “Оболонь” компаниясы жана тоок чарбасы менен иштеген “Агромарс” корпорациясыяларга экскурсия уюштурулуп иш чөйрөлөрү, компаниялардын жаралуу тарыхы, өндүрүштүү чыгаруу жолдору менен танышышты. Иш сапардын алкагында Украинадагы кыргыз элчиси Улугбек Чиналиев менен ишкерлерибиз жолугушту. […]

Толугу менен окуу
November 8, 2015

Украина иш сапары башталды

2015-жылдын 8-11-ноябрына чейин Бизнес ассоциация ЖИА ишкерлер үчүн Украинага атайын уюштурулган иш сапардын, алгачкы күнү Киев шаарына экскурсия менен башталды . Иш сапардын алкагында кызматташуу боюнча ишкерлердин эки тараптуу жолугушуулары, атайын өндуруш заводдоруна экскурсиялар жана маданий иш-чаралар пландалууда. Иш сапардын максаты Украинанын ишкер чѳйрѳсү менен таанышуу, кызматташуу жана Кыргызстан-Украина форумуна катышуу болуп саналат.

Толугу менен окуу
November 6, 2015

Ички инвесторлор менен жергиликтүү бизнестин катнашуу мүмкүнчүлү

Курулуш тармагы – Кыргызстандагы ички инвестициялардын кѳлѳмүн кѳрсѳткѳн негизги тармак десе болот. Эгер жергиликтүү курулуш компаниялары жылына орточо 100 миң чарчы метр турак-жай тургузса, анын ар бир чарчы метрине орточо 600 доллардан эсептегенде 60 миллион доллар каражат салынууда. Курулуш тармагына сырттан инвестиция көп тартылбайт. Анын үстүнө биринчи рынокко банктар дагы насыя бербейт. Демек бул элдин […]

Толугу менен окуу
October 31, 2015

Кыргызстандын ийгиликтүү ишкери Эльдар Абакиров студенттер менен

2015-жылдын 31-октябрында Green City Management компаниясынын башкы директору Эльдар Абакиров, АУЦА, КТМУ, Чыгыш университети, Enactus, AIESEC жана «Ыйык Ата Журт» жаштар фондунун студенттери менен жолугушту. Бул жолугушууну ЖИА Бизнес Ассоциациясы, Эл аралык Ишкерлер Кеңеши жана “EdNet” уюму менен биргеликте, USAIDтын колдосу аркылуу уюштурду. Студенттер менен жолугушууда Эльдар мырза өзүнүн бизнес чөйрөсүнө кантип аралашып калганын, эң […]

Толугу менен окуу
October 31, 2015

Биз өнөктөшпүз” проекти

2015-жылдын 31-октябырында “Биз өнөктөшпүз” проектибиздин алкагында ишкерибиз Тилек Токтогазиев мырзанын “Жашыл Чарба” күнөзканасына зыяратка бардык. Иш чаранын алагында Тилек мырза өзүнүн чоң тажрыйбасы менен бөлүшүп, ишкерлер үчүн абдан кызыктуу саякат уюштурду. Ишкерлерибиз каало тилектерин айтып Тилек мырзага ийигиликтерди каалап кетишти

Толугу менен окуу
October 29, 2015

Жакында Бишкек инвестиция форуму өткөрүлөт (BIF2015)

“ЕАЭС – чакан жана орто бизнес үчүн чакырыктар жана жаңы мүмкүнчүлүктѳрдү издѳѳ жолдору”. Чакан жана орто бизнес – туруктуу экономиканын негизи. Бул кѳптѳгѳн жумушчу орундар. Бул – ѳлкѳ бюджетинин негизги киреше булагы болгон орто класс. А негизгиси чакан жана орто бизнес кризистик жагдайларда ийкемдүү келип, жаңы чакырыктарды тез кабыл алып, багытын тез ѳзгѳртѳ алат. Андыктан […]

Толугу менен окуу
October 28, 2015

«Босого» тегерек стол талкуусу болду

2015-жылдын 28-октябрында «Босого» тегерек стол талкуусу алгачкы ишин ЖИАнын кеңсесинде баштады. Бул талкууну Бизнес Ассоциация ЖИА менен «Марал» радиосу биргеликте өлкөдөгү актуалдуу теманын үстүндө пикир алмашуу максатында уюштурушту. Алгачкы жыйында «Кыргызстан ЕАЭБга киргенден кийинки экспорт менен импорттун абалы» деген темада талкуу болду. Талкууда өлкөдөгү экспорт жана импорт боюнча бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдору […]

Толугу менен окуу
October 23, 2015

Ишкерлер Кыргызстан ижара компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

2015-жылдын 23-октябрында Green City мейманканасынын жыйын залында лизинг тармагында ишкерлерге кызмат көрсөтө баштаган мүчөбүз «Кыргызстан» ижара компаниясынын өкүлдөрү ЖИА ишкерлери менен жолукту. Жолугушуу учурунда компаниянын башкы директору Улан Сатывалдиев лизинг боюнча компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу ишкерлерге толук маалымат берип, кызматташуу маселелерин ишкерлер менен талкуулашты. Катышуучулар кызыктырган суроолоруна жооп алышып, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар менен кызматташуудагы […]

Толугу менен окуу
October 18, 2015

ЖИА ишкерлери Кытайдын эмеректер боюнча борбору Фошань шаарында

2015-жылдын 18-октябрында ЖИА ишкерлери Гуанчжоу иш сапарынын алкагында Кытайдын эски соода шаарларынын бири болгон Фошань шаарында болушту. Иш сапардын алкагында “Louvre” эмерек мега борборунда, эмеректер, керамика жана сантехника боюнча атайын базарларында болушуп, Фошань шаарынын мүмкүнчүлүктөпү менен жакындан таанышты 2015-жылдын 14-21-октябрына чейин Бизнес ассоциациянын ЖИА Chine Trade Expert компаниясы менен биргеликте жергиликтүү ишкерлер үчүн Гуанчжоу шаарына […]

Толугу менен окуу
October 18, 2015

Гуанчжоу иш сапарында Кыргызстандык ишкерлердин жолугушуусу болду

2015-жылдын 18-октябрында Гуанчжоу иш сапарынын катышуучулары Гуанчжоу шаарынын борборундагы ресторандардын биринде расмий иш сапары менен жүргүн КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Жээнбеков Сооронбай жана КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу Тентимишов Максат мырзалар менен жолугуштуу. Жолугушуу учурунда Башкы консул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык кызматташтык жана ишкердик тармагындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу ишкерлерге толук маалымат берип, […]

Толугу менен окуу
October 16, 2015

Гуанчжоу иш сапарынын алкагында маданий иш-чаралар

2015-жылдын 15-16-октябрь күндөрү Гуанжчоу иш сапарынын алкагында ишкерлерге атайын маданий иш-чаралар уюштурулду. Программанын алкагында иш сапардын катышуучулары шаардын ар кандай жетишкендиктери, акыркы заманбап имараттардын архитектурасы жана дизайны, бизнес жана маданий борборлору менен жакындан таанышып, атайын программалар уюштурулду. 2015-жылдын 14-21-октябрына чейин Бизнес ассоциациянын ЖИА Chine Trade Expert компаниясы менен биргеликте жергиликтүү ишкерлер үчүн Гуанчжоу шаарына атайын […]

Толугу менен окуу
October 14, 2015

ЖИА ишкерлери Canton Fair 2015 жарманкесине катышууда

2015-жылдын 14-21-октябрына чейин Бизнес ассоциациянын ЖИА ишкерлер үчүн Гуанчжоу шаарына атайын иш сапар уюштуруп, иш сапардын алкагында ишкерлер Кытайдагы эн чоң жарманкелердин бири болгон Canton Fair 2015 жарманкенин биринчи этабына катышууда. Иш сапардын негизги максаты ишкердик тармагындагы жаңы багыттар менен тааныштыруу жана акыркы жетишкендиктер, маалыматтар жана тажрыйба менен алмашуу. Иш сапардын алкагында кызматташуу боюнча ишкерлердин […]

Толугу менен окуу
October 12, 2015

Милан шаарында Италия-Кыргызстан форуму

2015-жылдын 9- октябрында ЖИА менен Соода өнөр-жай палатасы биргеликте Европага иш сапар уюштурушту. Ишкерлерибиз эң алгачкы иш сапарды Италиянын Рим шаарынан баштап, андан кийин Милан шаарында болуп жаткан Milan expo 2015 эл аралык көргөзмөгө жана Италия-Кыргызстан иш форумуна катышышты.Андан соң ишкерлерибиз Францияга сапар тартмакчы.

Толугу менен окуу
October 8, 2015

Украинанын картошка өстүрүү институнун адистери семинар өтүштүү

2015-жылдын 8-октябрында (бүгүн) Бизнес Ассоциация “ЖИА” менен Фалкон групп компаниясы биргелешип, картошка өстүрүү боюнча атайын семинар өткөрүштү. Аталган иш-чарага Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко, Кыргыз Республикасынын айыл-чарба министрлигинин өкүлдөрү,Украинадан келген “Картошка өстүрүү” илимий-техникалык программасы боюнча иш алып барган адистер жана кыргызстандык дыйкандар катышышты.Семинарда укранинада өстүрүлгөн картошканын түрлөрүн, өстүрүү жолдорун жана кайра иштетүүгө ылайыктуу картошканын эң […]

Толугу менен окуу
October 3, 2015

ЖИАнын кезектеги АКШга болгон иш сапары

2015-жылдын 21-28-сентябрында Бизнес ассоциация ЖИА АКШдагы жаңы ачылган расмий өкүлчүлүгү менен биргеликте ишкерлер үчүн АКШнын Хьюстон шаарына атайын иш сапар уюштурду. Иш сапардын негизги максаты Хьюстон шаарынын бизнес жана инвестициялык мүмүкүнчүлүктөрү менен таанышуу жана бизнес тармагында заманбап технологиялар, тажрыйбалара жана маалыматтар менен алмашуу. Иш сапардын алкагында ишкерлерибиз Хьюстон шаарынын соода-өнөр жай палатасынын жана бизнес ассоциациялары […]

Толугу менен окуу
October 1, 2015

ЖИАнын ишкерлери төрөт үйүнүн оңдоого жардам беришти

2015 – жылдын 1-октябрында ЖИАнын мүчөлөрү Ысык – Ата районунун Кант шаарында жайгашкан төрөт үйүнүн оңдоо иштерине көмөк көрсөтүштүү. Ишкерлерибиз Нурбек Бримкулов жана Чолпон Асранкулова, кафель жана водоэмульсиондук боёкторду кайрымдуулук кылышты. Учурдан пайдаланып ишкерлерибизге терең ыразычылык билдиребиз!

Толугу менен окуу
September 22, 2015

“Özdılek” үй текстиль дүкөнүн салтанаттуу ачылышы

Бүгүн 2015-жылдын 22-сентябрында Бизнес Ассоциация ЖИАнын мүчөсү, ишкерибиз Темирлан Сарлыкбек уулу мырзанын “Özdılek” үй текстиль дүкөнүн ачты. Ишкерибизди колдоп салтанаттуу маарекеге келип катышкан жалпы ЖИА мүчөлөрүнө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз, “Özdılek” үй текстиль дүкөнүнө ийгиликтерди каалайбыз! “Özdılek” үй текстиль дүкөнү. Бишкек шаары, Горький көч.,41 (Фатьянова кесилишинде).  

Толугу менен окуу
September 21, 2015

ЖИА өкүлдөрү ишкердик күнүнө карата ардак громмата алышты

“Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнү” кесиптик майрамына байланыштуу жана ак ниет, кынтыксыз эмгеги, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ЖИА Бизнес ассоциациясынын Төрагасы Темиралиев Умбриэль, Башкаруу кеңешинин мүчөсү Темирлан Сарлыкбек уулу жана Аткаруучу директору Руслан Акматбек КР Экономика министрлиги тарабынан ардак громматалары менен сыйланды.

Толугу менен окуу
September 21, 2015

Ишкерлердин шайлоо алдында партиялар менен кезектеги жолугушуусу

Парламенттик шайлоо алдында ишкерлерибиз Кыргызстан саясий партиясы менен жолугуп, партия өкүлдөрүнө экономикага, келечеке тиешелүү бир топ суроолорду узатышып, кызыктуу талкуу болду. Улук Кыдырбаев, Замирбек Эсенаманов жана Азамат Мурзалиев мырзаларга ЖИА мүчөлөрүнүн атынан терең ыраазычылык билдиребиз!

Толугу менен окуу
September 19, 2015

ЖИА ишкерлери Кумтор ишканасында болушту.

2015-жылдын 19-сентябрь күнү ЖИА ишкерлери “Биз өнөктөшпүз” доолбоорунун алкагында “Кумтор Голд Компани” ишканасында иш сапары менен болушту. Иш-чара алкагында иш сапардын катышуучулары компаниянын өндүрүш линиясы, өндүрүштө колдонулгон жаңы технологиялар, техникалар жана жабдуулар менен таанышып, кен казуу, кенди кайра иштетүү, калдыктарды тазалоо ыкмаларына иш учурунда күбө болушуп, компаниянын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты.  

Толугу менен окуу
September 19, 2015

“Актек” соода борборунун салтанаттуу ачылышы

2015-жылдын 19-сентябрында Бизнес Ассоциация ЖИА мүчөлөрү Бишкек шаарында курулуш жана тиричилик материалдарын сунуштаган “Актек” соода борборун салтанаттуу түрдө ачты. Жогорку сапаттагы курулуш жана тиричилик товарлардын миңдеген түрлөрүн, жеткиликтүү баада “Актек” соода борборунан таба аласыздар. Соода борбордон курулуш иштерин жүргүзүүдө тажрыйбалуу адистердин жардамы менен керектүү товарларды тандап алсаңыз болот. Ишкерибизди колдоп салтанаттуу маарекеге келип катышкан жалпы […]

Толугу менен окуу
September 17, 2015

Валюта рыногундагы өзгөрүүлөр боюнча жолугушуу болду

Валюта рыногундагы өзгөрүүлөр боюнча ишкерлер эксперттер менен жолукту 2015-жылдын 17-сентябрь күнү Green City отелинин конференц-залында ЖИА ишкерлеринин JIA FinClub мүчөлөрү менен жолугушуусу болду. Иш-чара учурунда экономика жана финансы тармагындагы белгилүү эксперттер ишкерлерге региондогу экономикалык абал жана валюта рыногундагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды берип, бул өзгөрүүлөр өлкөбүздүн экономикасына жана ишкерлерге тийгизип жаткан таасири боюнча өз пикирлери менен […]

Толугу менен окуу
September 13, 2015

Мүчөбүз Капитал Строй Инвест ачкыч тапшыруу аземин өткөрдү

Курулуш токтоп калды, кризис дебей эле мына таптаныкай болуп эле ишкерлерибиз күрүлдөп иштеп жатышат. Даңк жана дүңк Мирлан мырза! Берекелүү болсун!    

Толугу менен окуу
September 11, 2015

Ишкерлердин шайлоого карата партиялар менен жолугушуусу башталды

Парламентке шайлоо алкагында ишкерлериибиз КСДП (СДПК) саясий партиясы менен жолугуп, экономикага, келечеке тиешелүү бир топ суроо узатышты. Дастан Бекешев, Марат Аманкулов жана Алмаз Кененбаев мырзаларга ишкерлериибиздин атынан терең ыраазычылык билдиребиз!

Толугу менен окуу
September 7, 2015

“Кайдзен” боюнча тренинг болуп өттү

2015-жылдын 5-сентябрында Бизнес ассоциациясы ЖИА жана Кыргыз концепт компаниясы менен уюштурган жапон менеджменти “Кайдзен” боюнча тренинг “Кыргыз концепт” кеңсесинде болуп өттү. Тренингде Кайдзенди пайдаланып чыгашаны кантип азайтуу,иштөө процессин кантип жогорулатуу,максатка жараша система түзүү боюнча Кыргыз концептин башкы башкаруучусу Аманалиев Данияр мырза айтып берди. Учурдан пайдаланып катышуучуларга жана Кыргыз концептин жалпы жамаатына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!   […]

Толугу менен окуу
September 7, 2015

ЖИА ишкерлери КРнын Премьер –министри менен жолугушту

2015-жылдын 5-сентябрь күнү Хаятт Ридженси Бишкек отелинин Кростини ресторанында Бизнес ассоциация ЖИАнын ишкерлери Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда КРнын Өкмөтүнүн Төрагасы бүгүнкү күндөгү өкмөттүн алып барып жаткан ишмердүүлүгү, экономикалык программалары, жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалары жана алдыга коюлган максаттары менен ишкерлерди жакындан тааныштырды. Ишкерлерибиз өз тарабынан өлкөбүздөгү социалдык жана экономикалык курч маселелерди, […]

Толугу менен окуу
August 21, 2015

ЖИА ишкерлери Украинанын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

21-август күнү Хаятт Ридженси отелинин Кростини ресторанында “ЖИА перспектива” долбоорунун алкагында ишкерлер Украинанын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Дорошенко Николай мырза менен жолугушту. Жолугушуу “бизнес завтрак” форматында уюштурулуп, дасторкон үстүндө эки өлкө ортосундагы соода жана инвестиция байланышты өнүктүрүү, ишкерлер үчүн Украинанын мүмкүнчүлүктөрү ж.б. ишкердик тармагындагы маселелерди талкууланды. Украинанын Кыргызстандагы элчиси Украинанын бүгүнкү күндөгү экономикалык абалы, соода […]

Толугу менен окуу
August 13, 2015

ЖИА курулуш компаниялары үчүн мастер-класс өткөрдү

ЖИА кеӊсесинде 13-август күнү курулуш тармагында иш алып барган ишкерлер үчүн Real Estate Group компаниясынын бизнес-кеӊешчиси Рахимбек Текешов мастер-класс өткөрдү. Мастер-класстын темасы «Курулуш компанияларында кирешени кантип көбөйтүү керек, турак жай куруу компаниялары» деп аталды. Анда Рахимбек Текешов курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө кандай кардарларды табуу жолдору, жарнак чыгымдарын азайтуу, батирлерди тез сатуу ыкмалары, кардарлардын каалоосун үйрөнүү жана […]

Толугу менен окуу
August 13, 2015

ЖИАнын туризм комитети Кытайдын туризм жаатындагы ишкерлери менен

2015-жылдын 13-август күнү ЖИА туризм комитетинин ишкерлери Кытай мамлекетинин туризм тармагындагы ишкерлери менен жолугушту. Анда туризм тармагын эки тараптуу өнүктүрүү жана мындан ары тыгыз кызматташуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Кытайдан бир нече туристти алып келүү тууралуу чечим кабыл алышты. Ал эми келе турган кытай туристтерине кыргыз тарап өлкөдөгү кооз […]

Толугу менен окуу
August 11, 2015

Бизнес Ассоциация ЖИАнын региондогу өкулдөрү, КРнын Экономика мин

Туугандар биз өнүгөбүз буюрса. Өзгөрүү бар. Экономика министрлиги ишкерлер менен иштөө ыкмасын чындыгында өзгөртүүдө. Кечээ күнү Бизнес Ассоциация ЖИАнын аймактык жетекчилери Экономика министрлигинде, министрдин орун басары Данияр Иманалиев мырза менен жолугушту. Аймак, ишкер, жаш…дебей тосуп алып, көйгөйүбуздү укту. Жолугушууда аймактарга тиешелүү көйгөйлөр жана ал жактагы ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолдору талкууланды. Ошондой эле аймактарда ишкерлер менен […]

Толугу менен окуу
August 7, 2015

ЖИА курулуш комитетинин ишкерлери менен жапон «Интердизайн Асошиэ

2015- жылдын 7 август күнү “City Hotel” жыйын залында, ЖИА курулуш комитетинин ишкерлери менен жапон «Интердизайн Асошиэйтс» архитектуралык долбоорлоо компаниясынын өкүлдөрү жолугушту. Жолугушууда «Интердизайн Асошиэйтс» компаниясы архитектура жана курулуш тармагындагы заманбап технологияларды жана усулдарды кыргыз ишкерлерине тааныштырды. Жолугушуу эркин форматта өтүп, ишкерлерибиз жапон шаар куруу жана пландоо ыкмалары, жапонияда имараттарды курууда колдонулуп жаткан курулуш материалдары […]

Толугу менен окуу
August 6, 2015

Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу менен жолугушуу болду

2015-жылдын 6-август күнү Maryotel мейманканасында Бизнес ассоциация ЖИАнын “Перспектива” долбоорунун алкагында ЖИА мүчөлөрүнүн Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу Темтимишов Максат мырза жана Гуанчжоу шаарында ишкердик менен алектенип жаткан мекендештерибиз менен жолугушуусу болду. Жолугушуу “бизнес ужин” форматында уюштурулуп, дасторкон үстүндө эки өлкө ортосундагы соода жана инвестиция байланышты өнүктүрүү, ишкерлер үчүн Кытайдагы мүмкүнчүлүктөр, ж.б. ишкердиктармагындагы маселелерди талкууланды. […]

Толугу менен окуу
August 4, 2015

ЖИА курулуш комитетинин өкүлдөрү журналистер менен жолугушту

2015-жылдын 4-август күнү «PARK HOTEL» мейманканасынын «Signature» жыйын залында Бизнес Ассоциациясы ЖИАнын Курулуш комитети ММК (СМИ) өкүлдөрү менен пресс-кафе форматында жолугуштуу. Жолугушуу учурунда жалпы курулуш компаниялардын абалы, региондогу экономикалык абалдын курулуш тармагына тийгизген таасири, курулуп жаткан имараттардын сапаты, батирлерге болгон баалар, мамлекеттик мекемлер менен кызматташуу тууралуу толук маалымат берип, журналистердин кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Жолугушуу […]

Толугу менен окуу
July 29, 2015

ЖИА курулуш комитетинин жолугушусу

2015 жылдын 29- июлда (бүгүн) ЖИА Курулуш комитетинин мүчөлөрүнүн кезектеги жолушусу болуп өттү. Жолугушуда учурунда шаарыбыздагы курулуш компанияларынын абалы,мүнкүнчүлүктөрү, курулуш тармагындагы социалдык долбоорлорду ишке ашыруу,комитеттин алкагында пландалып жаткан иш чаралар талкуланды.

Толугу менен окуу

Бизнес долбоорлордун каталогу

JIA DISCOUNT CARD

Коммерциялык сунуштар

Logo2134

ЛОГО1

Вивасан

Видео

https://www.facebook.com/jia.bishkek/videos/664368083760544/

JIA ишкерлер үчүн “JIA Business Camp” – 2-күндүк иш-чара ишкерлерге жана топ менеджерлер үчүн уюштурулган.
толук көрүү

Биздин бюллетень