June 22, 2017

Бизнес Ассоциация JIAнын туризм комитетинин төрагасы, Integra Engineering Group компаниясынын Башкы директору Жоодар Сайдилкановго КРнын Чек ара кызматы тарабынан “Карегимде мекен чеги” аттуу медаль ыйгарылды.

22 – июнь күну Чүй облусунун чек ара кызматы жана Бизнес Ассоциация JIA кызматташуунун алкагында “Чек ара кызматкерлерине англис тилинен курстарды өткөрүү” долбоорунун жыйынтыгына карата тегерек стол өткөрдү. Тегерек столго Бизнес Ассоциация JIAнын өкүлдөрү, чек ара кызматкерлерине англис тилинен сабак берген “Секом” тил борборунун өкүлү Алмаз Асаев, Сарлыкбек уулу Мирланбек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу чек ара кызматынын технологиялар бөлүмүнүн жетекчилиги жана чек ара кызматынын кызматкерлери катышты.

Тегерек столдо Бизнес Ассоциация JIAнын туризм комитетинин төрагасы, Integra Engineering Group компаниясынын Башкы директору Жоодар Сайдилкановго КРнын Чек ара кызматы тарабынан “Карегимде мекен чеги” аттуу медаль ыйгарылды. Ошондой эле Бизнес Ассоциация JIAга ыраазылык билдирип, кызматташууга кызыктар экендигин маалымдады.

Жыйында “Чек ара кызматкерлерине англис тилинен курстарды өткөрүү” долбоору боюнча жыйынтыктар талкууланды. “Секом” тил долбоорунун өкүлү кызматкерлердин англис тилин дагы эффективдүү өздөштүрүүсүнө түрткү боло турган кошумча методдорду колдонууну сунуштады. Чек ара кызматынын жетекчиси Мирланбек Сарлыкбек уулу курстарды кызматкерлер жакшы өздөштүрүүсү үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзүүгө даярдыгы тууралуу билдирди.

Тегерек столдун катышуучулары туризм тармагындагы жаӊылыктар менен бөлүшүп, жаӊы ойлор пикирлер айтылып, Чек ара кызматкерлери менен Бизнес Ассоциация JIAнын өкүлдөрү ортосунда жаӊы ишчаралар боюнча кызматташуу жолдору талкууланды.

Колдоо көрсөткөн JIA Бизнес Ассоциациясынын мүчөсү Integra Engineering Group компаниянын жетекчиси Жоодар Сайдилканов мырзага терең ыраазылык билдиребиз!

19275127_640902156107137_7602758020898257737_n 19366234_640901969440489_1267690312415376859_n 19366263_640901972773822_2822937095380595896_n 19396892_640901966107156_1609798105263253385_n 19429701_640902049440481_4952638994177952063_n

Бизнес долбоорлордун каталогу

JIA DISCOUNT CARD

Коммерциялык сунуштар

Logo2134

ЛОГО1

Вивасан

Видео

https://www.facebook.com/jia.bishkek/videos/664368083760544/

JIA ишкерлер үчүн “JIA Business Camp” – 2-күндүк иш-чара ишкерлерге жана топ менеджерлер үчүн уюштурулган.
толук көрүү

Биздин бюллетень

JIA ишкерлер үчүн “JIA Business Camp” – 2-күндүк иш-чара ишкерлерге жана топ менеджерлер үчүн уюштурулган.

https://www.facebook.com/jia.bishkek/videos/664368083760544/

Бизнес долбоорлордун каталогу

JIA DISCOUNT CARD

Коммерциялык сунуштар

Logo2134

ЛОГО1

Вивасан

Видео

https://www.facebook.com/jia.bishkek/videos/664368083760544/

JIA ишкерлер үчүн “JIA Business Camp” – 2-күндүк иш-чара ишкерлерге жана топ менеджерлер үчүн уюштурулган.
толук көрүү

Биздин бюллетень