June 17, 2017

Жыйында JIA Бизнес Ассоциациянын Аткаруучу директор Фархад Пакыров Ыктыярдуу патенттин тизмесине өзгөртүүлөдү киргизүүнү сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйында JIA Бизнес Ассоциациянын Аткаруучу директор Фархад Пакыров Ыктыярдуу патенттин тизмесине өзгөртүүлөдү киргизүүнү сунуштады.

Маалымат: Текстиль жана тигүү тармагы бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикасынын өнүгүп жаткан перспективдүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Экспорт жана жумуш орундарын түзүү боюнча алдынкы тармак. Орто эсеп менен бул тармакта 200 минге жакын мекендешибиз иштейт.
Учурда бул тармактын 90% дан ашыгы патентик негизде иш алып барган жеке ишкерлер түзөт. Алар өз ишмердүүлүгүн өркүндөтүү менен юридикалык жактын статусуна ээ болууга даяр, бирок тармакта орун алган көйгөйлүү маселелер буга тоскоолдук жаратууда.
Ал эми, тармактын 10%га жетпеген бөлүгүн гана жалпы шартта эмгектенген юридикалык тараптар түзөт.
Бүгүнкү күндө жеке ишкерлер жумушчуларына патент үчүн айына 1184 сом төлөйт жана жумушчуларды кармап турууга короткон каражаттарын ачык көрсөтө алышат.
Ал эми юридикалык тараптын жумушчуларынан эмгек акысынын 40%на жакыны же КРнын Өкмөтү бекиткен минималдык эмгек акыдан орточо 2332 сом өлчөмүндө салыктар жана социалдык төлөмдөр кармалат.
Ишкердикти жүргүзүүдөгү мындай бирдей эмес шарттар юридикалык тараптарга жаңы жумушчу орундарын түзүүгө, бизнести ачык алып барууга, ошол эле учурда базарларда эркин конкуренция кылууда чоң тоскоолдук жаратууда.
Мындай абал кичи жана орто компаниялардын чон компанияларга айлануусуна тоскоол болууда.

Cунуш: 2015-жылы кабыл алынган КР өкмөтүнүн 418 токтомуна өзгөртүү киргизип, Ыктыярдуу патенттин тизмесине кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү түрлөрүн кошууга көмөк көрсөтүүңүздү суранабыз:
• Трикотаждык жана текстиль материалдарын өндүрүүгө кызмат көрсөтүү;
• Тигүү жана байпак буюмдарын өндүрүүгө кызмат көрсөтүү.
Маселенин туура чечилиши жеке ишкерлер үчүн өз ишмердүүлүгүн кеңейтүү аркылуу юридикалык тараптын статусуна өтүүгө шарт түзсө, ал эми юридикалык тараптарга өз ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүүгө алып келип, азыркы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү салыктардын өлчөмүн арттырат.

19149389_638450669685619_5225409169137871871_n 19224891_638450636352289_4939385219807723828_n 19247708_638450639685622_775459344566850339_n 19366195_638450569685629_3778004722290098457_n (1)

Бизнес долбоорлордун каталогу

JIA DISCOUNT CARD

Коммерциялык сунуштар

Logo2134

ЛОГО1

Вивасан

Видео

https://www.facebook.com/jia.bishkek/videos/664368083760544/

JIA ишкерлер үчүн “JIA Business Camp” – 2-күндүк иш-чара ишкерлерге жана топ менеджерлер үчүн уюштурулган.
толук көрүү

Биздин бюллетень

JIA ишкерлер үчүн “JIA Business Camp” – 2-күндүк иш-чара ишкерлерге жана топ менеджерлер үчүн уюштурулган.

https://www.facebook.com/jia.bishkek/videos/664368083760544/

Бизнес долбоорлордун каталогу

JIA DISCOUNT CARD

Коммерциялык сунуштар

Logo2134

ЛОГО1

Вивасан

Видео

https://www.facebook.com/jia.bishkek/videos/664368083760544/

JIA ишкерлер үчүн “JIA Business Camp” – 2-күндүк иш-чара ишкерлерге жана топ менеджерлер үчүн уюштурулган.
толук көрүү

Биздин бюллетень