October 13, 2017

Бишкек Инвестициялык форум BIF 2017

BIF 2017 Бишкектик инвестициялык форумга даярдыктардын башталгадыгы тууралуу маалымдайбыз.  Жыл сайын өткөрүлүүчу Бишкектик инвестициялык форум 2017-жылдын декабрь айынын биринчи бөлүгүндө уюштурулуусу максатталууда.

Учурда BIF – ишкерлердин потенциалдуу инвесторун таба ала турган жана Кыргызстандагы эң ири, натыйжалуу бизнес аянтча болуп эсептелет. Биринчи форум BIF 2015 тин жыйынтыктарына жараша 750 000 ашуун долларга 10дон ашуун компания арасында макулдашуулар түзүлгөн. Ал эми, экинчи форум BIF 2016 да 3 млн. доллардан ашуун суммага 5тен ашуун макулдашуу түзүлгөн.  Бул жылы иштеп жаткан орто жана ири иш-каналар менен бирге старт-ап долбоорлордун дагы катыштырылуусу көздөлүүдө. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын түштүк региондорунда иштеп жаткан ишкерлерге өзгөчө көңүл бурулат.

Региондордогу ишкерерлерди колдоо жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү максатында, форум алкагында “Бизнес-план жазуу” аттуу тренингдер аркылуу окутуп-үйрөтүү программасы пландалууда. Ишкерлерге сапаттуу бизнес-долбоор жазууну үйрөтүүгө багытталган бул программа “Форумга чейин” деп аталган этапта өткөрүлөт. Окутуу жыйынтыктарынын натыйжаларына жараша, долбоорлорду тандоо боюнча Комисииянын категорияларына дал келген долбоорлор автоматтык түрдө BIF2017 каталогуна киргизилет. Демек, сиздин долбооуңузд жалгыз гана форум учурунда эмес, форумдан кийин дагы керектүү каржылоого ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү көбөйүүдө.

“Бизнес-план жазуу” тренингинде катыша алуу үчүн, 21-октябрьга чейин долбооруңуздун Паспортун бекитилген формага ылайык даярдап  bif.forum@gmail.com  электрондук почтасы аркылуу жиберишиңиз керек. (бекитилген форманы бул ссылка аркылуу алсаңыз болот: жаңы бизнес үчүн старт-ап, иштеп жаткан бизнес үчүн заявка) Перспективдүү бизнес жана старт-ап долбоорлорун сунуштаган ишкерлер тренигдерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Финансист, экономист жана бинес чөйрөсүнүн өкулдөрүнөн турган комиссия бизнес долбоорлорду кылдаттык менен текшерип, тренингдердин катышуучуларын аныктайт.

Катышуучуларга 8 тема боюнча бир бири менен логикалык байланышта болугон 2 тренинг уюштурулат (4 тема камтыган ар бир тренинг 2 күн болот). Баардык тренингдер ар бир катышуучунун бизнесин өнүктүрүү менен бирге ишкердүүлүк жана инвстиция тууралуу жеке өзүнүн көз-караштарын кеңейте алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусуна багытталган.

Тренингдерде бериле турчу темалар бизнес-пландын негизги бөлүктөрү тууралу болот.

Биринчи тренингдин темалары:

– HR менеджмент;

– Маркетинг стратегиясы;

– Операциялык менеджмент;

– Бизнес-пландоого кириш;

Биринчи күнү максатталган ишкерлер тобу жогоруда саналган темаларды алат. Ал эми, экинчи күнү сунган долбоорунун үстүндө практикалык түрдө иштейт.

Экинчи тренингдин темалары:

-Учурдагы ишмердүүлүгүнүн каржы анализи жана каржылык пландоо;

– Натыйжалуу инвестициялык билдирме (заявка)даярдоо тууралуу тренинг

– Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу тренинг;

– Кредитор/инвестор менен келишим түзүү

Долбоорлордун жана билимдин сапатын камсыздоо максатында тренинг катышуучулардын саны чектелүү болгонуна байланыштуу преспективдүү жана сапаттуу даярдалган долбоорлор каралат.

Толук маалымат үчун атайын даярдалган call center дин телефону аркылуу кайрылсаңыз болот:  0701 44 88 22.

Бизнес долбоорлордун каталогу

JIA DISCOUNT CARD

Коммерциялык сунуштар

Logo2134

ЛОГО1

Вивасан

Видео

https://www.facebook.com/jia.bishkek/videos/664368083760544/

JIA ишкерлер үчүн “JIA Business Camp” – 2-күндүк иш-чара ишкерлерге жана топ менеджерлер үчүн уюштурулган.
толук көрүү

Биздин бюллетень

JIA ишкерлер үчүн “JIA Business Camp” – 2-күндүк иш-чара ишкерлерге жана топ менеджерлер үчүн уюштурулган.

https://www.facebook.com/jia.bishkek/videos/664368083760544/

Бизнес долбоорлордун каталогу

JIA DISCOUNT CARD

Коммерциялык сунуштар

Logo2134

ЛОГО1

Вивасан

Видео

https://www.facebook.com/jia.bishkek/videos/664368083760544/

JIA ишкерлер үчүн “JIA Business Camp” – 2-күндүк иш-чара ишкерлерге жана топ менеджерлер үчүн уюштурулган.
толук көрүү

Биздин бюллетень