Акы төлөө негизинде көрсөтүлгөн кызмат

Акы төлөө негизинде көрсөтүлгөн кызмат

Рекрутинг

Биз бизнеске ишке мүмкүнчүлүгү жакшы кызматкерлерди тартууга жардам беребиз. Үзгүлтүксүз жаңылап турган маалыматтарыбыздан бизнестин суроо-талабына жараша кадрларды таап же талапкерлерди сунуштайбыз. Биз менен иштеген оңой: арыз таштап коесуз, а биз карап көрүңүздөр деп резюме жиберебиз.

Бизнес-сапарлар/ иш сапарлар

Эки тараптуу жолугушууларды уюштурабыз. Америка, Европа, Азияга өлкөлөрүнө экономика жаатындагы кызматташуу жана аны кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү таап берүү каралат. Анда бизнестин ресурстары пайдаланылат.

Инвестиция тартуу (BIF) жана B2B жолугушууларын уюштуруу

Бизнес-аянтчаларды түзүү, колдоо көрсөтүү. Бул жерден жаңы бизнес-идеялар туурасында билип, потенциалдуу инвесторду жолуктурууга мүмкүнчүлүк бар. Андан сырткары бизнестеги жаңы тренддер туурасында билип турса болот. Айтор, форумга келген киши өзүнө керектүү деген нерсени таба алат.

Организация тренингов/семинаров KG

Форумдар менен көргөзмөлөрдү уюштуруу

Глобалдуу жана тематикалык ар кыл көргөзмөлөргө катышуу менен ар кыл өлкөлөрдө бизнес-алакаларды түзүү. Мындай иш-чаралардын календарын түзүп, ар кыл түрдөгү жана сандагы иш сапарларды уюштурууга даярбыз

Корпоративдик байланыштарды өнүктүрүү үчүн бизнес иш-чараларды уюштуруу

Биз ар кыл түрдөгү, ар кандай аудиториялар менен тааныштыруу кызматын көрсөтүп, бизнес-жолугушууларды уюштуруп, бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөбүз. Бул байланыштарды бекемдеп жана сапаттуу өнүгүү үчүн өз ара кызматташууда маанилүү нерсе.

Байланышты бекемдөөчү платформаны колдоо жана калыптандыруу

Клубдардын, аянтчалардын жана кайсы бир долбоордордун алкагында иштин ырааттуулугун жана системалык маданиятын калыптандыруу. Анын мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктүрүн бекемдөө, бизнести өнүктүрүү үчүн өз ара кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу.

Бизнести алдыга жылдыруу боюнча көрсөтүлгөн кызмат

Биз бизнестин системалуу иштеши үчүн базаны калыптандыруу боюнча кызматтарды сунуштайбыз. Пайдалуулук принцибинин негизинде рынокко анын ырааттуу жана орундуу алып чыгылышына көмөктөшөбүз.

© Copyright 2018 ЖИА Бизнес Ассоциациясынын расмий сайты. Бардык укуктар корголгон