Жаңылык

Бизнес Ассоциация JIA ишкерлеринин Японияга болгон иш сапарынын алкагында "ТОТО" техникалык борборуна жана Токио мэриясынын имаратына экскурсия уюштурулду

Бизнес Ассоциация JIA ишкерлеринин Японияга болгон иш сапарынын алкагында "ТОТО" техникалык борборуна жана Токио мэриясынын имаратына экскурсия уюштурулду

 Бизнес Ассоциация JIA ишкерлеринин Японияга болгон иш сапарынын алкагында "ТОТО" техникалык борборуна жана Токио мэриясынын имаратына экскурсия уюштурулду.

Токио мэриясы шаардагы эң бийик жана Японияга келген туристтер зыярат кылчу имараттардын бири болуп эсептелет.

"ТОТО" компаниясы 1917-жылы түптөлүп, сентехника жана эко курулуш материалдарын өндүрүү жана сатуу менен алектенет. 2017-жылы компания үнүн 100 жылдыгын белгилеген.

Туалет жана ваннага керектүү материалдарды өндүрүү жана сатуу боюнча Япониянын 70% рыногун ээлеген бул компания 1986-жылы Гонконгдо филиалын ачканга жетишсе, бүгүн күндө өзүнүн продукциялары Африкадан сырткары дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө таанылган.

1984-жылы дүйнөдө алгачкы болуп автоматташтырылган унитаздарды чыгарууга жетишкен жана бул тармакта эң алдыңкы компаниялардын катарында. 2015-жылы 5 миллионунчу унитазды өндүргөн ийгиликтүү ишкана.

JIA ишкерлери аталган компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүштүк жана маркетинг багытында тажрыйба алмашышты.

© Copyright 2018 ЖИА Бизнес Ассоциациясынын расмий сайты. Бардык укуктар корголгон