Жаңылык

Тайвань компаниялары Кыргызстандын ишкерлери менен кызматташууга кызыктар

Тайвань компаниялары Кыргызстандын ишкерлери менен кызматташууга кызыктар

Тайвань компаниялары Кыргызстандын ишкерлери менен кызматташууга кызыктар.
Тайвандан келген делегациянын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз-тайвань бизнес-форуму болуп өттү. Бул иш-чара JIA Бизнес – ассоциациянын тарабынан уюштурулду.
Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу көргөзмө - баяндама берилип, JIA Бизнес-ассоциацияcынын Башкаруу Кеңешинин мүчөсү Кантемир Амитов ачылыш сөзүн сүйлөп, алдыдагы пландар менен тааныштырды

Тайвань өкүлдөрү Кыргызстандык ишкерлер менен кызматташууга кызыктар экендигин билдирди.
Кытай Эл аралык Экономикалык Кызматташтык бирикмесинин (CIECA) төрагасынын орун басары Роберт Оуёнг Тайвандагы тамак-аш өнөр жайы менен тааныштырды.

Форумдан кийин Кыргызстандын 50 жакын ар тараптуу ишкерлери жана Тайвандан келген төмөндөгү секторлордо иш алып барган 10 ири компаниялары менен B2B- жолугушуусу өттү.

1) тамак-аш өнөр жайы;
2) тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдуулар;
4) каржылык консалтинг компаниясы;
5) агро-өнөр жайы;
6) банк;
7) электр;
Эки тараптуу жолугушуу мындан аркы кызматташууга жана ишкерлер менен байланыш түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду.

© Copyright 2018 ЖИА Бизнес Ассоциациясынын расмий сайты. Бардык укуктар корголгон