Жаңылык

JIA Бизнес-ассоциация мүчөлөрүнүн Японияга болгон иш сапарынын алкагында 4-ноябрь күнү Одаиба аралына маданий программа уюштурулду

JIA Бизнес-ассоциация мүчөлөрүнүн Японияга болгон иш сапарынын алкагында 4-ноябрь күнү Одаиба аралына маданий программа уюштурулду

JIA Бизнес-ассоциация мүчөлөрүнүн Японияга болгон иш сапарынын алкагында 4-ноябрь күнү Одаиба аралына маданий программа уюштурулду. Анда ишкерлер таштандыдан жасалган аралдагы маданий жерлер жана Тойота борбору менен таанышышты.

Түштөн кийинки программада ишкерлер Ямато компаниясына таандык Ханэда Хроногэйт логистикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Ханэда Хроногэйт 2013-жылы "токтоосуз жеткирип берүү" максатында түптөлгөн жана 365 күн 24 саат тынымсыз иштейт. Ишкананын иштөө тартиби толугу менен автоматташтырылган жана саатына 48 000 жүктү сортировкалап, бир суткада 600 000 жүктү бөлүүгө жетишет. Бир учурда 104 жүк ташуучу машинаны кабыл алууга жөндөмдүү жана бир суткада 2000 машина жүк түшүрүп жүктөй алат.

© Copyright 2018 ЖИА Бизнес Ассоциациясынын расмий сайты. Бардык укуктар корголгон