Жаңылык

"JIA Lady Club” мүчөлөрү ишкер Эмиль Уметалиев менен жолугушуп, бейформал жолугушуунун алкагында кино кечеси болду

"JIA Lady Club” мүчөлөрү ишкер Эмиль Уметалиев менен жолугушуп, бейформал жолугушуунун алкагында кино кечеси болду

"JIA Lady Club” мүчөлөрү ишкер Эмиль Уметалиев менен жолугушуп, бейформал жолугушуунун алкагында кино кечеси болду. 
JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан уюштурулган нетворкинг форматындагы иш-чарада “Kуrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү Эмиль Уметалиев катышуучулар менен көрсөтүлгөн "Джой" киносу тууралуу ой-пикир жана да ишкердик тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүштү.

“Джой” кино тасмасы реалдуу окуянын негизинде тартылган. Бул тасмада көптөгөн аялдардын үй-бүлөлүк мамиледеги, деги эле турмуштагы кыйынчылыктары жөнүндө айтылат.

Тасмадагы башкы каарман Джой турмуштагы кыйынчылыктарга карабастан, көптөгөн ийгиликтерди багындырса болорун, ошондой эле өзүнүн максатына кантип жетүү, бизнесте болгон кыйынчылыктардан чыгуу жана эч нерсеге карабастан ийгиликке жетүү мүмкүндүгүн көрсөтөт.

© Copyright 2018 ЖИА Бизнес Ассоциациясынын расмий сайты. Бардык укуктар корголгон