Жаңылык

Америкадан келген инвесторлор Кыргызстанда айыл чарба, өндүрүш, медицина, курулуш тармагына инвестиция кылганга кызыктар.

Америкадан келген инвесторлор Кыргызстанда айыл чарба, өндүрүш, медицина, курулуш тармагына инвестиция кылганга кызыктар.

АКШдан келген Commonwealth Frontier Advisors компаниясы Кыргызстанга инвестиция тартууга кызыктар. Бул тууралуу 11-12-октябрда JIA бизнес-ассоциациясы менен Commonwealth Frontier Advisors компаниясынын жетекчилеринин жолугушуусунда белгилүү болду. Иш сапар алкагында делегация өкүлдөрү ЖКнын Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук төрагасынын орун басары, депутат А. Нурбаев, Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров, КР инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин башчылары, JIA Финклуб мүчөлөрү менен жолугушту. Анда, келген коноктор Кыргызстандын рыногу (базары) менен таанышып, инвестиция тартууга муктаж болгон долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Делегациянын негизги максаты - айыл чарба, өндүрүш, медицина, курулуш тармагына инвестиция тартуу үчүн жакындан таанышып, изилдөө.

Commonwealth Frontier Advisors компаниясы - инвестициялык фонд. Компания АКШнын Бостон шаарында жайгашып, азыркы учурда Германия, Грузия жана бир катар Африка өлкөлөрүндө ж.б өлкөлөрдө филиалдары жайгашкан. Бул компания бүгүнкү күндө инвестиция жаатында көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү көргөзүп келет.

© Copyright 2018 ЖИА Бизнес Ассоциациясынын расмий сайты. Бардык укуктар корголгон