Жаңылык

«Кыргызстанда балдардын эмгегин эксплуатациялоонун алдын алуу жана жоюуу максатында пахта жана буурчак өндүрүү-сатуу чынжырларын жана рыноктук схемасын анализдөө» аталыштагы темада семинар болуп өттү.

Иш-чара JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан 2019-жылы 100-жылдыгын белгилөө алдында турган Эл аралык Эмгек уюмунун колдоосу менен уюштурулду.

Эл аралык Эмгек уюмунун Кыргызстандагы улуттук координатору Болот Ороков: «Чоңдор түшүм тергенге барбай, балдарын жөнөтүүдө. Өндүрүү жана сатуу чынжырларын анализдөө, б.а. кошумча нарк чынжыры балдардын эмгегинин баалулугун жана реалдуу баасын көргөзүшү керек. Арзан эмгек өндүрүмү катары эсептелген балдар эмгегине альтернатива барбы. Биздин өлкө айыл-чарба продукциясын өнөктөш өлкөлөргө, ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт кылуу керек экендигин жарыялады. Тескери процесс болуп калбайбы? Дүйнөдөгү санариптик технологиялардын өнүгүсүү, өлкөдөгү билим деңгээлинин төмөндүгү, интенсивдүү миграция агымы өлкөбүздө эмгек рыногу кандай өнүгөрү боюнча ойлондурбай койбойт" - деп билдирди.

“Бизди жеткинчек балдарды кара жумушка тартуудагы фактылар тынчсыздантат. Бул маселени жоюууда бизнестин ролу чоң мааниге ээ. Балким, кыска мөөнөттөгү келечекте балдардын эмгегин колдонуу турмуштагы кээ бир маселелерди чечиши мүмкүн, бирок узак мөөнөтөгү перспективасын караганда, бул жалпы улутка терс таасирин тийгизет. Ошол себептүү, балдардын эмгегин колдонууну жоюууда ЖИА мамлекетке жардам берүүнү көздөөдө” - деп белгиледи, JIA бизнес-ассоциациясынын Эмгек жана жумуш менен камсыздоо комитетинин төрагасы Жоодар Омошов.

Семинар учурунда Эл аралык Эмгек уюмунун эл аралык эксперти Мюреан Ни Шинлаоич катышуучуларды, мамлекеттик, жергиликтүү органдардын, профсоюздар, эл аралык уюмдар, бизнес-ассоциялардын өкүлдөрүн жана айыл-чарба тармагынын эксперттерин Эл аралык уюмдун өндүрүү жана сатуу чынжырларын жана рыноктук схемасын анализдөө максаттары жана методологиясы менен тааныштырды. Талкуунун натыйжасында, анализ үчүн пахта жана буурчак өндүрүү секторун тандоону макулдашылды. Ошондой эле Кыргызстанда бул секторлордогу өндүрүү жана сатуу чынжырларын анализдөө боюнча пландаштырылган иш-чаралар талкууланып, такталды.

© Copyright 2018 ЖИА Бизнес Ассоциациясынын расмий сайты. Бардык укуктар корголгон