Жаңылык

Түштүк Корея өлкөсү Кыргызстан менен бизнес жаатындагы алакалардын өнүүгүсүнө кызыктар

Түштүк Корея өлкөсү Кыргызстан менен бизнес жаатындагы алакалардын өнүүгүсүнө кызыктар

Түштүк Корея өлкөсү Кыргызстан менен бизнес жаатындагы алакалардын өнүүгүсүнө кызыктар. Бул тууралуу 17-сентябрда Бишкек шаарында өткөн JIA бизнес-ассоциациясынын ишкерлери менен Кореядан келген ишкерлердин эки тараптуу бизнес-форумунда айтылды. "Достук" мейманканасында өткөн жолугушууда Түштүк Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Те Ёк, JIA бизнес-ассоциациясынын Башкаруу Кеңешинен Муратбек Бейшенбаев сөз сүйлөп, Кыргызстанга инвестиция тартуу, JIA бизнес-ассоциациясынын ишмердүүлүгү тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү. B2B жолугушуу алкагында ишкерлер бири-бири менен жакындан таанышып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаганга, алдыда иштешүү үчүн байланыш түзгөнгө жакшы платформа болду.

© Copyright 2018 ЖИА Бизнес Ассоциациясынын расмий сайты. Бардык укуктар корголгон