Жаңылык

JIA Текстиль комитетинин мүчөлөрүнүн бейформал жолугушуусу

JIA Текстиль комитетинин мүчөлөрүнүн бейформал жолугушуусу

Бүгүн, 25-август күнү JIA Текстиль комитетинин мүчөлөрүнүн бейформал жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга комитеттин мүчөлөрү, JIA регионалдык координатору Айдар Кубанычбеков, Жалал-Абад JIA аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу жана өнөктөш ишкерлер катышты. Анда, ишкерлер текстиль тармагындагы өзгөрүүлөр, бул тармакта адистерди даярдоо жана комитеттин алдыдагы иш пландары тууралуу ой бөлүштү.
Шаардын четинде жагымдуу атмосферада өткөн бул иш-чара, текстиль тармагында иштеген ишкерлердин башын бириктирип, нетворкинг байланыштарын жакшыртуу, өз ара тааныштыру, пикир жана тажрыйба алмашууну максат кылат.
Бул жолугушуу жакыныраак таанышуу, тажрыйба алмашуу максатында Rodi Mood дүкөндөрү тармагынын ээси, биздин мүчөбүз Сейфи Девели тарабынан уюштурулуп, ага чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

© Copyright 2018 ЖИА Бизнес Ассоциациясынын расмий сайты. Бардык укуктар корголгон