Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бизнес өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарын, айрыкча мамлекеттик органдар жана ар кайсы коомдук уюмдар менен болгон өз ара аракеттеринде активдүү таанытуу маселелери актуалдуу болууда. Бул максатка жетүүнүн эң эффективдүү жолу – ишкерлердин ресурстарын жана күчүн бириктирүү.