ЖИА жөнүндө

Бизнес-ассоциациянын урааны

 “Ийгиликтүү ишкер – өнүккөн өлкө”

Биз жөнүндө

Юридикалык жактардын бирикмеси - JIA бизнес-ассоциациясы 2006-жылы Кыргызстандын ар кыл облусундагы демилгелүү жана идеялуу ишкерлердин артынан түзүлгөн. 

Бүгүнкү күндө ассоциация Кыргызстандын ишкер  коомчулугунун өз ара активдүү иштешине шарт түзгөн жана бардык күчүн жумшаган платформа болуп саналат.

Ассоциация өлкөнүн ири облустарындагы кичи жана орто бизнестегилердин башын бириктирет жана 1000 ашык мүчөсү бар.

JIA өзүнүн ишмердүүлүгүндө  мамлекеттик институттар жана эл аралык, донор уюмдар, жарандык коомчулук менен өз ара ийгиликтүү иш алып барып келет.

 JIA бизнес-ассоциациясынын өкүлчүлүктөрү экономикасы прогрессивдүү болгон мамлекеттер АКШ, Япония, Кытай,  Украина, Монголия жана Индияда жайгашкан.

МИССИЯ

Кыргыз Республикасынын жигердүү өнүгүшү үчүн ишкерлердин жаңычыл социалдык-жоопкерчиликтүү жана ачык коомчулугун өнүктүрүү

Негизги стратегиялык максаттары:

1.    70 000 жумушчу орунду түзүү

2.    7000 мүчөнү бириктирүү

3.    JIAнын мүчөлүнүн 50 пайызы өнүккөн өлкөлөрдө болуп келген

4.    Ишкердикти колдоо боюнча 7 борбор түзүү

5.    JIAнын 7 мүчө-компаниясын IPO деңгээлине алып чыгуу

6.    Бишкекте туруктуу иштеген инвестициялык форум

7.    Кыргызстан – Борбор азиялык Давос

 

© Copyright 2018 ЖИА Бизнес Ассоциациясынын расмий сайты. Бардык укуктар корголгон