Биз жөнүндө

Бизнес Ассоциация ЖИА бүгүнкү күндө бүткүл өлкө аймактарындагы 500дөн ашуун ишкерлерди бириктирип, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

ЖИА мүчөлөрү салык жана башка шарттуу түрдөгү которуулар – бул сиз менен биздин келечегибиз, сиздин жана биздин балдарыбыз, жакындарыбыз кызматын колдонгон мектептер жана социалдык мекемелер экендигин жакшы түшүнүүдө. Биз өлкөнүн өнүгүүсү атаандаштык туруктуулугуна ээ жеке секторлордон жана ыңгайлуу шартка ээ бизнес чөйрөдөн көз каранды экендигин жакшы билебиз.

ЖИА бүгүнкү күндө ишкерликти өнүктүрүүдөгү реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүчү аянтча болуп саналат. Жеке ишкерлердин кызыкчылыктарын, ар бир ишкерге бизнеске байланыштуу тигил же бул тармактагы көйгөйлөрүн билдирүү жана чечүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаган атайын тармактык комитеттер коргойт. ЖИА мүчөлөрү ишкерликти өнүктүрүү жаатында мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен көптөгөн тармактарда иш алып барышат. Бизнес Ассоциация ЖИА өкүлчүлүктөрү бүгүнкү күндө дүйнөнүн алдыңкы экономикага ээ АКШ, Туркия, Жапон,  Кытай жана Украина сыяктуу өлкөлөрдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

 

Биздин максат

Бизнес Ассоцияция ЖИАнын максаты – Кыргызстанда жеке ишкерликти өнүктүрүү жолу аркылуу мекенчилдик сезимдерди, демократия жала толеранттуулук баалуулуктарын өркүндөтүү болуп саналат.

 

Биздин ураан

Ийгиликтүү ишкер – өнүккөн өлкө!

 

 

ЖИА Башкаруу Кеңеши

 

Байкоочу (Ревизия) комиссиясы

Аткаруу дирекциясы

 

 

 

Бизнес долбоорлордун каталогу

JIA DISCOUNT CARD

Коммерциялык сунуштар

Logo2134

ЛОГО1

Вивасан

Видео

https://www.facebook.com/jia.bishkek/videos/664368083760544/

JIA ишкерлер үчүн “JIA Business Camp” – 2-күндүк иш-чара ишкерлерге жана топ менеджерлер үчүн уюштурулган.
толук көрүү

Биздин бюллетень